Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Болот Жунусов: Сибирде кыргыздарды баркташат


Болот Жунусов мекендештер менен жолугуу учурунда

Болот Жунусов мекендештер менен жолугуу учурунда

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Красноярск аймагына, Хакасияга сапары тууралуу маек.

“Азаттык”: Красноярск бийлиги менен жолугушууда кайсы маселелерге өзгөчө маани берилди?

Болот Жунусов: Красноярскта губернатордун орун басары Андрей Гнездилов менен жолуктук. Ага кыргыз диаспорасынын эки лидерин тааныштырдым. Алардын бирин, диаспоранын жаштар жетекчиси Сүйүнбек Келдибаевди бул аймакка ардактуу консулдукка сунуштап жатканыбызды айттым. Сибир федералдык округу боюнча беш-алты региондо ардактуу консулдук ачалы деген демилге көтөрүлүп атат. Талапкерлерди тандап, аларды четинен сунуштап жатабыз.

Диаспоралардан тышкары эки өлкөнүн кызматташуу маселелери, жаңы демилгелер бар. Мисалы, Красноярскта соода борборун ачалы, эски болсо да имарат караштырып бергиле деп сурандык. Туризм боюнча да сүйлөштүм. Красноярскта завод, ишканалар көп. Ал жерде иштегендердин үй-бүлөсүн профсоюздук линия аркылуу Союз убагындай эс алдырууга бизде мүмкүнчүлүк бар. Аралык деле алыс эмес, аба каттамы аркылуу жумасына алты рейс учат экен. Булар азыр өз жарандарын Болгария, Хорватияга чейин эс алууга жиберишерин уктум. Биз дагы өз ордубузду таап алсак, кыргыз экономикасына салым болмок.

“Азаттык”: Башка аймактарга караганда Хакасия менен тууганчылыгыбыз бар деп жатабыз. Эмнени байкадыңыз?

Хакасиянын өкмөт башчысы Виктор Зимин менен

Хакасиянын өкмөт башчысы Виктор Зимин менен

Болот Жунусов: Кечээ ошол Хакасиянын өкмөт башчысы Виктор Зимин менен жолуктум. Красноярскта азыр 40-50 миңдей мекендешибиз жүрсө, бул жакта он эсе аз. Расмий түрдө 4-5 миңдей кыргыз бар деп айтылат экен. Негизи эки региондо башка аймактарга салыштырмалуу кыргыздардын абалы жакшы. Мыйзамдык режим боюнча деле кыйынчылык жокко эсе.

Мисалы, Москвада рейд, текшерүүлөрдү жайы бою тынбай өткөзүп жатышты. Бул жердин жетекчилери айтып жатышат: кыргыздардын бөлөк улуттар арасында да аброю жогору экен. Ар кандай коомдук акцияларга үзбөй катышат. Майрам болобу, спорттук иш-чара болобу өткөрүшөт. Өзүңүз деле байкаган чыгаарсыз, аларга Красноярсктын жетекчилери барып катышып турат. Билим берүү жагынан чектөө жок, кыргыз балдары башкалар менен чогуу эле мектепте окуйт. Медициналык текшерүүдөн өткөн 212 кыргыз жаранынын ден соолугу таза чыгыптыр.

Краснояркиде чоң жыйын болду. Сибир аймагындагы диаспоралардын жетекчилери келди. Бул акылдашканга, маселелерди талкуулап алганга жакшы шарт түздү. Анткени, Москва аябай алыс. Өткөндө Екатеринбургда да ушундай чоң жолугушуу болгон. Эми минтип Сибирден көрүшүп жатабыз.

“Азаттык”: Көптөгөн кыргызстандыктар Орусиянын бардык аймактарына кетип жатышат. Ага жараша кылмыштуулук да бир топ катталып келатат. Айрыкча, Москвада, Петербургда. Бул жакта кандай экен?

Болот Жунусов: Москванын шарты негизи, татаал. Бул жакта улуу-кичүү деген түшүнүк калыптанган. Диаспора лидерлери тентек кылган балдарды өздөрү эле тарбиялап коет экен. Кой-ай дегенге көнбөсө, барагой, деп үйүнө жөнөтүп коюшат.

“Азаттык”: Депортация маселесине токтолсок. Орусиянын башка аймактарында бул процесстер катуу жүрүп атканын интернеттен окуп жатабыз. Бул жерде андай катаалдык байкалбайт. Бул жергиликтүү бийликтин мамилесине жараша болуп жатабы же кыргыздар тартиптүүбү?

Болот Жунусов: Тарыхта инсандын ролу деген түбөлүктүү маселе да. Ар бир аймактын өз башкаруучусу бар. Красноярскты көрдүңүз, андай деле маселе жок, даттанган жарандарыбыз аз. Бирок кээ бир терс көрсөткүчтөр бар.
Мисалы, бул жактын жетекчилеринин айтымында, учурда 47 кыргыз жараны убактылуу кармоочу жайда отурушат. Арак ичип алып мушташса, мас абалында машине айдаса, майда кылмыштарды кылса депортация кылабыз, бизге тартиптүү эл керек деп кыйытып айтып жатышат. Хакасияга караганда Красноярскта система катуураак иштейт экен. Хакасияда 7 ай ичинде 2 адам депортация болуптур. Хакасиянын жетекчилери бул кыргыздардын байыркы мекени деп, түшүнүү менен кабыл алышат экен. Эки региондун тең жетекчилери айтышты: кыргыздар тартиптүү эл экенсиңер, бирок, ислам дининин жаңы радикалдуу багыттарына киргендер бар экен, биз аларды катуу көзөмөлдөйбүз, элге айтып койгула бизге андай нерселер жакпайт деп.

“Азаттык”: Негизи кыргыз сөөк жаткан жерди ыйык санап, ал жерди таштап кетпейт эмеспи. Бул жакка отурукташып калгандар арасында Кыргызстанга кайткысы келгендер көп бекен?

Болот Жунусов: Баары эле "кыргыз паспортун кантип алсам болот, мүлк же жер, үлүш алсак болобу?" деп сурап атышат. Алар биринчи кезекте Кыргызстанга кантип барам деген ой менен жашайт. Бир кыргыз бала менен сүйлөшсөм “мен башында 1-2 эле жылга келгем, 100 миң рубль топтосом, кайра Кыргызстанга барып, мал-жан алам деген оюм бар эле. Андан бери 14 жыл өттү, 4 балалуу болдум дагы эле кете албай жүрөм”,- дейт. Атасы тургай агасынын да үйүн оңдоп бериптир. “Баары бар, бирок кете албайм” деп күлөт. Көп кыргыздар Орусияны биротоло байырлап калышат деп ойлойм. Бул жактын жерин карасаңыз, тоо-токойлуу, Кыргызстанга окшошуп кетет. Жакында Орусия элдердин ассамблеясынын конгресси болуп, анда Рамазан Абдулатипов кызматын өткөрбөдүбү. Ошондо кыргыздардан эки делегация болуп калбадыбы. Бишкектен келгендер, анан бул жактан чыккандар. Айрыкча Сибир жактан көп келишиптир.

“Азаттык”: Кыргыздардын чет жерде иштеп турушу экономикалык жактан өлкө үчүн жакшы деңизчи, бирок демографиялык залакасы кандай болоор экен?

Болот Жунусов: Ал маселе бар. Эксперттер "мигранттын балдары" деген маселе пайда болгонун айтышууда. Тарбиясы жок, чоң ата-чоң эненин колунда калып, ата-энеси өз балдары кандай өскөнүн билбей калууда. Орусияда жүргөн кыргыз балдары бул өлкөнүн маданиятын өздөрүнө сиңирип жатышат. Чоң шаарлардагы кыргыз муундары айрыкча тил жактан аксап калууда. Бирок Сибирдеги кыргыздар улуттук тамырдан кол үзбөйт деп ишенем. Ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп жатышат. Кыргыз кинолорун билебиз дешет. Мына, Красноярскта эле эрежесиз күрөш боюнча алтынчы жолу “Манас” турнири өтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG