Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Москва: кечеге кеткен мигрант үйгө кайтпады


Мигранттын өлүмүн күбөлөндүргөн кагаз. (Сүрөт Фейсбуктан алынды)
Мигранттын өлүмүн күбөлөндүргөн кагаз. (Сүрөт Фейсбуктан алынды)

Москвада эмерек жасоочу цехте иштеген кыргызстандык жаран жаңы жылдык кечеге кеткен бойдон келбей калып, сөөгү өлүкканадан табылды. Жергиликтүү укук коргоо органдары аны ичкиликтен ууланып калган болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну, 28 жаштагы Кубанычбек Мамбетакунов эки жылдан бери Москвада эмерек жасоочу цехте иштеп келген. 19-декабрь күнү ал жумушундагы жаңы жылдык кечеге кеткен бойдон кайра үйүнө кайрылып келген эмес.

Маркумдун жубайы Чолпон Рахматова 20-декабрь күнү күйөөсүн издеп, жумушуна чейин барган. Эч жерден дайыны чыкпаган соң, акыры ал өлүкканага чалууга мажбур болгонун жана ошол жерден таап алганы тууралуу буларды айтып берди:

- Жыйырмасы күнү эртең менен туруп алып эле издеп жөнөдүк. Жумушунун ачкычын алып жүрчү. Балким түнөп калдыбы деп жумушуна үч-төрт жолу бардык. Жок экен. Көрсө, жолдо баратып кулап калыптыр. Бүт жактарга чалып, арызданып жаттык. Анан өлүкканада окшош киши жатат дегенинен келсек, күйөөм экен.

Чолпондун айтымында, ал күнү цехте ичкилик ичилгенден улам Кубанычтын кайсы убакта чыгып кетип, эмне болгонун эч ким этибарга алган эмес. Цехте бирге иштеген Мирлан аттуу досу Кубанычтан мурда чыгып кеткен экен. Азыр укук коргоо органдары маркум арактан ууланып калышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

- Эгерде бул иш кайра козголсо, бир айдан кийин кайра келем. Өзүм деле “таштап койбоңуздар” деп суранып жатам. Эмнеден болгонун билгибиз келет. Арактан ууланып калды деп жатышат. Башка түшүндүрмө беришкен жок. Алардын деле божомолу так эмес. Бирок уруп-согулган эмес, көзү-башы соо, денесинде так жок деп жатышат.

Москвада бул үй-бүлөнүн жакындары жок болгондуктан, Чолпон күйөөсүнүн сөөгүн алып келүүгө каражат таба албай элчиликке кайрылган. Элчиликтин юристи Мырзабек Карагуловдун билдиришинче, маркумдун сөөгү эртең Кыргызстанга алынып келмей болду.

- Бул боюнча материал Можайский ички иштер бөлүмүндө экен. Сурасам, "Булар корпоративде отурушкан. Арак ичишкен. Үчөө бир бөтөлкө, анан дагы жарым бөтөлкөдөй ичкен" деп жатышат. Айтор, эксперттер дагы даана эч нерсе айткан жок. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Бир ай бою текшерүү иштери жүргүзүлөт. Кубанычбектин сөөгүн эртең келинчеги Бишкекке алып кетет. Бардык документтери даяр.

Мырзабек Карагулов маркумдун сөөгүн мекенине кайтаруу үчүн керектүү көлөмдөгү акча каражатын топтоого жардам берүү өтүнүчү менен Москвадагы мигранттардын турмуш-тиричилигин чагылдырып келген “Москва KG” гезитинин редактору Жылдыз Осмоновага кайрылган.

Жылдыз Осмонованын айтымында, ал интернетке каза тапкан жаран тууралуу маалыматты чыгарган соң, жардам берем дегендер банктагы эсепке акча которо баштаган. Бүгүнкү күндө сөөктү мекенине жөнөтүүгө жеткидей каражат топтолду.

- Акча чогулуп бүтүп калды. Анан акча берген бардык жарандардын аты-жөнүн интернетке жазам. Ар бир киши өзүн көрө алат. Азыркы саатта 34 миң 63 рубль жана 4 миң 900 теңге чогулду. Дагы бир байкелер 15 миң рубль беребиз, алып кеткиле деп жатат. Дарегин жазып алдым, барып алам го.

Жылдыз Осмонованын айтымында, алар былтыр февраль айында дагы Москвада электричканын алдында калып каза тапкан Нарын облусунун тургунунун сөөгүн Кыргызстанга кайтаруу боюнча акча топтоого жардам беришкен. "Бул аймактан Москвага барып иштегендердин саны аз болгондуктан, кырсык болгон учурда жек-жаат, тааныш табуу көпчүлүк учурда кыйын болуп калат",- дейт ал

- Негизи башка облустардын айыл-аймактык фонддору, жердештери бар. Алар бат-баттан акча чогултуп беришет. Ал эми Нарын облусунан келгендер бул жакта аз экен. Мисалы, башка облустардын диаспора өкүлчүлүктөрү бар. Аларга кайрылганда, интернетке жарыялап отурбай эле акчаны өздөрү чогултуп коюшат. Бул жерде нарындыктардын эч кимиси жок болуп жатат.

Кубанычбек Мамбетакуновдун артында үч жана беш жашар бир уул, бир кызы калды. Чолпон Рахматова балдарын ата-энесине таштап, жубайына жардам бергени Москвага келгенине эки апта гана убакыт болгон.

Элчиликтен билдиришкендей, ушул эле күндөрү Москва шаарында дагы бир кыргызстандык жаран, өзгөндүк Нурбек Калбаев аттуу жигит 17-декабрда ооруканада көз жумган. Аны 12-декабрь күнү Москва шаарындагы кафелердин биринде дагы бир кыргыз жараны бычактап салган. Окуя ич ара уруштун негизинде келип чыккан. Азыр кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымдашынча, быйыл жыл башынан берки тогуз ай аралыгында Орусиядан Кыргызстанга 229 “жүк 200” жөнөтүлгөн.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG