Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Орусияда жумуш берүүчү менен жумушчуга ортомчулук кылган фирмаларга алданып калгандар же айлыгын алалбай жүргөндөр арбын.

Орусияда курулуш, соода-сатык, тейлөө тармактарында расмий ортомчулук кылган “аутсорсинг” же “аутстаффинг” деген түшүнүк кеңири жайылган.

"Аутсорсинг" - бул жумуш берүүчү менен жумушчулардын ортосундагы ортомчу ишканалар. Адатта алар эмгек күчүн таап, жумуш берүүчүлөргө аны сатат. Укук коргоочулар мындай ишканалар эмгек мигранттарынын билимсиздигин колдонуп, алардын эсебинен пайда көрүп жатканын айтышат.

Жылдыз Түмөнбаева сиңдилеринин эмгек маянасын ала албай чуркап жүргөн кези. Алар Москвада ири ишканаларга кеңсе тазалоочу болуп ортомчу фирма аркылуу жумушка киришкен. Үч айга жакын убакыт бою шаардагы театрлардын бирин тазалап-жууган кыздар эми тапкан айлыгын кимден аларын билбей, баштары маң. Эмгек акысын талап кылып, сотко баралы дешсе, колдорунда эч кандай келишим жок.

- Бул клининговая (тазалоочу) компания экен. Январдан баштап жумушка киришкен. "45 күндөн кийин маянаңарды беребиз" дешкен. Ошентип январь, февраль өтүп, 24-мартта буларды бир күндө жумуштан кетирип салышкан. Мен булар иштеген театрдын менеджерлерине барып, неге айлык берилбей жатканын сураштырсам, "кыздарга боорум ооруйт, бирок биз ай сайын клиниговая компанияга акчаны которуп беребиз" дешти. Башында айлыгы 30 миң дешкен, январда бирөөсү 15 миң аванс алган, ошол боюнча эч кандай эмгек акы төлөнгөн эмес.

Москвадагы Жарандык көмөк комитетинин кызматкери Марина Лексина ортомчу ишканалар мигранттардын билимсиздигинен пайда көрүүдө дейт.

- Жумушка киргизүүчү ортомчу ишкана келишим түзүүдөн баш тарткан учурда деле мигранттар иштей берүүгө макул болушат. Айрым учурларда аларга “азыр иштей бер, келишимди кийин түзөбүз” деп узакка созуп, алдап кеткен учурлар болот. Бул туура эмес. Биз жарандарга эмгек келишими жок иштебегиле деп айтабыз. Алар иштеген ишкана менен да, жумушка киргизген фирма менен да эч кандай келишим түзбөгөндүктөн ортодо маянасыз калууда. Мындай учурда Орусиянын эмгек боюнча мамлекеттик инспекциясына же прокуратурага арыз менен кайрылуу да мүмкүн эмес.

Кызматкерлерди ортомчулар аркылуу ишке алууга жумуш берүүчүлөр кызыкдар. Алар чет элдик жарандардын миграциялык документтери менен алпурушууну каалашпайт. Ошол эле маалда четтен келген жумушчуларды жалдап иштетүү аларга каражат жагынан үнөмдүү.

“Мындай схема жумуш берүүчүлөрдүн чыгымдарын бир кыйла кыскартса, ортомчуларга акчалай киреше алып келет”, - дейт өз атын атагысы келбеген мекендешибиз. Ал өзү Москвада ишканаларды жумушчулар менен камсыздоочу уюмда иштейт.

- Аутсорсинг компаниялар каржылык жактан чоң пайда көрүшөт. Ошондуктан алар иштеп жатышат да. Мисалы, жумуш берүүчү ишкана менен саатына 200 рублдан деп келишим түзүп, жумушчуларга саатына 120 рублдан төлөп берет. Ортодо 80 рубль пайда. Мен муну кошумча кеткен чыгымдарды санабай айтып жатам. Орточо баа менен алганда ар бир жумушчунун айлык маянасынын 30 пайызынан көбүрөөк пайда табышат. Бир жумушчу бир күндө жок дегенде 400 рублдан өйдө пайда алып келет.

Маектешибиздин байкоосунда патенти же жумушка уруксат кагазы жок мигранттар келишимсиз иштөөгө аргасыз болушат. Бирок көпчүлүгү эмгек келишими тууралуу түшүнүктүн жоктугунан өздөрү сурашпайт.

Москвадагы социалдык эмгек укуктары борборунун юристи Ксения Михайличенко эмгек күчүн жалдоочу агенттиктер аркылуу иштеген мигранттар жабыр тартуучулардын башкы категориясына кирет дейт. Анткени мындай жалданма жумушчулар үчүн Орусиянын Эмгек кодекси жумуш берүүчүлөрдөн талап кылган бардык шарттардан четте калышат.

- Биринчиден, мындай жалданма жумушчуларга ортомчу компаниялар эч кандай кепилдик бербейт. Алар бир күндө эле аны иштен кетирип салышат жана эч кандай компенсация төлөшпөйт. Экинчиден, жалданма жумушчуну профсоюздар коргой алышпайт. Азыр бардык жумуш берүүчү ишканаларда жумушчулардын күчтүү профсоюздары бар. Үчүнчүдөн, ортомчу компаниялар алар үчүн эч кандай социалдык жана пенсия үчүн төлөмдөрдү тийиштүү фонддорго которбойт. Жумушчулар ден соолугуна байланыштуу бейтап баракчасын ала алышпайт, тийиштүү эмгек өргүүгө чыга алышпайт. Эң башкысы иш учурунда кырсыкка кабылып, ден соолугуна оор залака келтирип, же каза тапкан жумушчу үчүн ортомчу да, жумуш берүүчү да эч кандай жоопкерчилик албайт.

Юрист Ксения Михайличенко кийинки жылдын 1-январынан тарта Орусияда жалданма эмгек күчүн колдонууга тыюу салган мыйзам ишке кирерин кошумчалайт. Бул мыйзам долбоор 2010-жылдан бери Орусиянын Мамдумасында каралып келген. Башында жумушчулардын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын толук коргоо үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоор жыйынтыгында таанылгыс болуп өзгөрүлгөн. Анткен менен чет элдик мигрант болобу же жергиликтүү жаран болобу, эмгек укуктарын коргой билүү – анын өз колунда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG