Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:13

Иса Өмүркулов айрым автоишканалардын карызын кечүүнү сунуштады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айрым автоунаа ишканаларынын мамлекетке карызын кечүүнү сунуштап жатат. Кечээ бул маселе Бюджет жана каржы комитетинде талкууланды.

Демилгечинин белгилешинче, 1995-1996-жылдары«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына келген чет өлкөлүк конокторду тейлөө үчүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү 14 автобус жана «Мицубиси», «Икарус» үлгүсүндөгү 40 автобус алынып, алар Транспорт министрлигине караштуу ишканаларга берилген. Бирок өз наркынан эки-үч эсе жогору баада берилгендиктен алар боюнча карыз азыркыга чейин төлөнүп бүтө элек дейт депутат:

- Өтө оор шартта таңууланып берилген. Андан бери 20 жылдан ашты. Ал ишканалардын айрымдары эптеп иштеп жатат, кээ бирлери банкрот болду. Ошолордун айыппул жана жазанасы көбөйүп кетти.

Автобустарды сатып алууга каражатты ошол кездеги өкмөт Түркиядан жана Германиядан алган насыянын эсебинен бөлүп берген. Бүгүнкү күнгө карата ишканалардын карызы 407 млн сомду түзүүдө. Анын негизги бөлүгү 223 млн сом, калган 184 миллиону туумдар жана айыппулдар.

Иса Өмуркулов негизги сумманы гана калтырып, калганын кечүүнү сунуштап жатат.

Бирок бул демилге айрым депутаттардын каршы пикирин жаратты. Маселен, “Өнүгүү-Прогресстен” Зиядин Жамалдинов эгер бул чечим кабыл алынса, карызы бар башка ишканалар да кечүүнү талап кылышы ыктымал экенин эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG