Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

19-июнда Кыргызстан менен Орусия Санкт-Петергбургдагы экономикалык форумдун алкагында кыргыз мигранттарына байланышкан келишимге жетишти.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп жатканын эске алуу менен Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу чечим кабыл алынды.

Андагы негизги шарт: мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болушу керек.

Келишимге Кыргызстан тараптан элчи Болот Жунусов, Орусия тараптан Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромoдановский кол койду.

Муну менен катар Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилди.

Ошондой эле Кыргызстан жарандарынын эки өлкө аймагында милдеттүү каттоого турбастан 30 күн жүрө алуусун караган келишимге да кол коюлду.

Жаңы түзүлгөн келишимдердин маани-мазмуну, алардын аткарылышы жана башка суроолорго Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жооп берди.

“Азаттык”: Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузду делген Кыргызстандын 80 миңдей жараны бар. Андан тышкары бул “кара тизмеге” кирип калышы мүмкүн делген тобокел тобундагылардын саны 250 миңге жакын экен. Эми азыр соңку келишимдерди мигранттар угуп, сүйүнүп жатышкан кези. Ушул келишимдин маңызын кыскача айта кетесизби?

Жунусов: Жеңилдиктер “кара тизмеге” кирген бардык мигранттарга тиешелүү эмес. Орусияга кирүүгө үч жыл мөөнөттө тыюу салынып, анын бир жарым жылын Кыргызстанда өткөргөн жарандарга гана тиешелүү. Ушуларга кирүүгө уруксат берет. Калган топтор, мисалы, кээ бир адамдар беш жылга, айрымдар он жылга тыюу салынган же атайын органдардын чечимдери бар адамдардын кирүүсүнө уруксат жок.

“Азаттык”: Эмне үчүн жогорудагыдай чек киргизилди? Атап айтканда, үч жылдык мөөнөткө тыюу салынгандарга уруксат, бирок анын бир жарым жылы Кыргызстанда өтүшү керек ченем кайдан чыкты?

Жунусов: Бул Орусиянын федералдык миграция кызматынын сунушу болду. Аларды деле түшүнүп жатабыз. Биз башында бул сунушту айтып, талкуулап баштаганда мындай жеңилдик деле убада кылынган эмес болчу. Орусия тарап мыйзамдарды өзгөртө албайбыз, жолду ачалбайбыз деп жатышкан. Бизди да түшүнгүлө, эгер кайсы бир адам административдик же башка мыйзамды бузса, сөзсүз ага жаза болушу керек да деген пикирди айтышкан. Бирок жыйынтыгында келишим түзүлдү.

Эми биз бул жеңилдиктерди мунапыс катары болду деп жатабыз. Негизи сүйлөшүүлөрдө биздин деле койгон аргументтерибиз туура болду. Мисалы, Евразия экономикалык биримдигине, жаңы интеграциялык уюмга кирип жатсак, анан өнөктөш өлкөнүн жарандарын киргизбей койсоңор, анда бул интеграциянын мааниси кандай болуп калат деген талкуулар болду.

“Азаттык”: Мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кирүүгө уруксат берилет деп айтылып жатат. Бул убакытта мигранттар өздөрүнүн документтерин тууралап алганга мүмкүнчүлүк берилет экен. Бул иштер кандайча көзөмөлдөнөт?

Жунусов: Менимче, бул келишимдин түзүлгөнү өзү чоң иш болду. Биз “кара тизмеге” кирген адамдардын жалпы санын 80 миң деп жатабыз. Ал эми Федералдык миграция кызматы кыргызстандык 190 миң адам Орусияда мыйзам бузган, патенти жок иштеп жүргөн деп айтып келе жатат. Бул албетте өтө чоң сан. Ушул адамдар Орусиянын чек арасынан бир күн болсо да чыгып кайра кирсе, анын миграциялык картасы, тарыхы таптаза болуп, мурдагы мыйзам бузуулары толук жоюлат. Федералдык миграция кызматынын башчысы Констандин Ромадановский өзү да “баары ак барактан башталат” деп айтып жатат.

“Азаттык”: Болот мырза, ошол эле кезде "кара тизмеге" кирбей калганын билбей калгандар, ошондой эле Орусияга кирүүгө канча жылга тыюу салынганын, мисалы үч жылбы, же беш жылбы билбегендер да бар. Эми ушул нерселер кандайча көзөмөлдөнөт?

Жунусов: Тобокелчилик тобундагы 190 миң адам менен Орусияга кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынган адамдар бул эки башка суроо. Үч жылга чейинки мөөнөткө тыюу салынып, анан бир жарым жылы Кыргызстанда болушу керек деген боюнча биз миграция кызматы менен сүйлөшүүнү баштап жатабыз. Адам өзүн кантип текшерет, сайт аркылуубу же жалпы тизмени биз алабызбы, муну биз чогуу иштеп, ушул жуманын аягына чечебиз.

“Азаттык”: Биздин бир угарман “кандай мыйзам бузганымды билбейм, кокустан эле кара тизмеге кирип калдым” деп айтып жатат. Ушул сыяктуу нерселер териштирилеби?

Жунусов: Менимче, ал адамга берилген маалымдамада бузулган мыйзамдын беренесинин номуру бар. Ал эми "кара тизмеде" бар-жогун Федералдык миграция кызматынын сайтынан текшерип алса болот. Эгер “кара тизмеде” болсо, аты-жөнү жана кайсы мыйзамды бузганы, беренесине чейин баары чыгат.

“Азаттык”: Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө департаментинин жетекчиси Сергей Темряковичтин "кара тизмедеги" кыргыз жарандарына мунапыс берилбейт деп, кесе айткан сөзү бар. Буга чейин кыргыз тарап мунапыс алуунун мыйзамдуу жолдорун сурап келбеди беле. Келишимдерди кароо учурунда сиздер айткан сунуш-талаптардын баары эле эске алындыбы? Же башка да сиздер сураган, бирок келишимге кирбеген жеңилдиктер бар беле?

Жунусов: Орусияда мигранттарга патент системасы киргенден тарта эле биз түшүнүп жаттык. Миграция саясаты жаатында бир топ реформалар болуп жатат, демек биздин жарандарга алардын таасири тийет деп ойлогонбуз. Кыргызстандан жетекчилер, делегациялар келген сайын ушул маселелер көтөрүлүп жатты. Биз “кара тизмеге” кирген бардык жарандарыбызды мунапыс аркылуу андан чыгарып бергиле деп сурап жаттык. Бирок ошол эле кезде кылмыш кылгандар же атайын органдардын чечими менен кирип калган жарандарыбыз да бар. Албетте алар боюнча биз эч нерсе сунуш кылган жокпуз. Биз административдик мыйзам бузгандар, Орусияга кирип-чыгуу тартибин бузгандар боюнча гана сүйлөштүк.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG