Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Дүйнөлүк Банк өз баяндамасында Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө акча которуулары кескин кыскараарын эскертти. Бул боюнча Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу деректири Мирсулжан Намазалиев ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Дүйнөлүк Банктын эскертүүсүн эксперттер Орусиянын өзүндө экономиканын басаңдашы менен байланыштырышкан. Ушул негизги себеппи же акыркы кездердеги кыргыз-орус мамилелеринин татаалдашы да себеп болуп атабы?

Мирсулжан Намазалиев: Бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Себеби Дүйнөлүк Банктын божомолу жана Орусиянын кандай саясий аракет жасаары белгисиз. Анткени экөө тең бири-бирин билишпейт. Андыктан муну саясий маселелерге такап койгон да кыйын болуп калат.

Ошол эле учурда дүйнөдө мигранттардан көз карандылык жагынан Тажикстан биринчи, экинчи Молдова, Кыргызстан бешинчи орунда турат экен. Албетте биздин мигранттар иштеп жаткан өлкөдө экономикалык жактан кандайдыр бир маселе болсо, ал сөзсүз бизге да таасир тийгизиши мүмкүн. Анткени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүн мигранттардан келген акчалар түзөт. Экинчиден, биздин мигранттар өтө чоң орундарда иштешпейт. Алардын жөнөкөй эле дүкөн, арзан базарларда иштеген учурлары көп.

Эгер Америкадагы каржылык каатчылыкты карап көрсөк, ал жактагы Волмарк деген дүкөн тескерисинче, өздөрүнүн сатыктарын көбөйткөн. Себеби ал арзаныраак болгондуктан алардын товарын көбүрөөк алып башташкан. Ошондуктан канчалык деңгээлде Орусиянын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт, же кыргызстандыктар иштеген жерлерде иш жакшы болорун пландап, божомолдоп коюу кыйын. Менимче, азыр анчалык деле чоң коркунуч жок.

Негизги коркунуч - Бажы биримдигинен келип чыгышы мүмкүн. Анткени Орусия гастарбайтерлердин ишин мыйзамдаштырмыш болгон менен, балким Кыргызстанга сес көрсөтүү үчүн быйыл биздин мигранттарды өлкөсүнөн чыгара башташы мүмкүн. Ошол учурда гана мигранттардын акча жөнөтүүсү азайбаса, азыр анчалык деле өзгөрүү жок. Учурда жылына 1 милларддан 1,5 миллиардга чейин которулуп атат. Ошондуктан акча которуулардын кыскарышы саясий чечимдерге тиешелүү болуп калышы мүмкүн.

Мунайдын баасы деле көтөрүлүп келет. Азыр Орусия анчалык деле кризиске батып калган жери жок. Бирок албетте бул божомолдоолордон биз сестенишибиз керек. Быйыл болбосо кийинки жылыбы дээрлик мунай менен газдын акчасына жашап келаткан Орусиянын экономикасынан биз дагы коркушубуз керек.

“Азаттык”: Дүйнөлүк Банк Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли 10 пайызга чейин өсүп, күндөлүк керектөөчү товарлардын баасы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен. Силер да бул багытта иликтөө жүргүзчү элеңер?

Мирсулжан Намазалиев: Бул көп деле коркута турган нерсе эмес. Жыл башында биздин өкмөт деле инфляция деңгээли 9-10% болот деп айткан. Азыркы учурда бюджеттик таңкыстык эң аз дегенде 16 млрд. сом деп айтылып атат. Бул абдан жетишпестик жана Кыргызстан инфляция үчүн туруксуз өлкө. Бирок 10% өтө чоң көрсөткүч эмес. Бир гана акчанын жетишсиздигин кайдан, кимдин акчасынан жабабыз деген маселе турат.

Эгер эл аралык уюмдардан өтө көп акча алып келип, кыргыз экономикасына куюп койсок, анда ал акчанын массасын дагы көбөйтөт, башка бир нече маселелер дагы жаратышы мүмкүн. Улуттук кырк долбоор деп көтөрүп чыгып жатышпайбы. Анын кеңири көлөмү 8 млрд. доллардан дагы көбүрөөк болуп калууда.
XS
SM
MD
LG