Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Жураев: Орусиянын тилин тапса болот


Орусиядагы мигранттарга карата орус бийлигинин жаңы демилгеси азырынча кандайдыр бир расмий документ менен тастыктала элек.

Бирок ошентсе да бул маселе азыр кызуу талкууга алынып жатат.

Эгер чынында ушундай мыйзам кабыл алынса, Орусиядагы мигранттар, дегеле Кыргызстан үчүн мунун таасири кандай болушу мүмкүн?

Талдоочу Эмил Жураев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Орус бийликтери өз жеринде иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргыз мигранттарына кошумча түйшүк жарата турган жаңы талаптарды коюп жаткан сыягы бар. Мурда чоңдор орус тили боюнча экзамен берүүгө милдеттүү болсо, эми кичкинтайлар орус тилинен сырткары Орусиянын тарыхынан да сынактан өтүүгө тийиш болуп жаткан экен. Окуусу үчүн да акы төлөмөй киргизилип жатат деп айтылууда. Орусиянын бул кадамына сиз кандай баа берет элеңиз?

Эмил Жураев: Бул маселенин бир топ жагдайлары бар. Албетте Орусия биз сыяктуу эле өнүгүп келаткан өлкө. Булардын билим берүү тармагында жана Орусиянын тарыхын, тилин үйрөтүү боюнча бир топ саясаттары бар.

Экинчиден, бизден барган жарандарыбызга кошумча төлөм албетте кыйынчылыктарды туудурат. Экзамендер болсо бут тосууларды пайда кылат.

"Азаттык": Азыркы кезде Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда пикир келишпестиктер күч алганы айкын эле болуп калды. Бир катар экономикалык долбоорлор боюнча карап көрсөк Орусия менен Кыргызстан эки башка турумду карманууда. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатында жаңы багыттарга бет алып жатканы Орусиянын ачуусуна тийип, азыркы айтылып жаткан кадам ошого карата жооп эмеспи?

Эмил Жураев: Жок, менимче, бул кыргызстандыктарга гана эмес, башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга да карата көтөрүлгөн маселе.

Тышкы саясат боюнча айта кетсек, бул конструктивдүү түрдөгү пикир келишпестиктер. Мунун чечиле турган жолдору бар. Муну такыр эле кризис дегенге туура келбейт. Бирок Кыргызстандан миллиондон ашык мигранттар Орусияда жашап жаткандан кийин бир топ чоң маселелерди чечип алышыбыз керек: кыргыз өкмөтүнүн ролу кандай болот, мамлекетибиз балким аларга жардам бериши мүмкүн. Анткени өзүбүздүн экономикабыз мигранттардын эсебинен бир топ көтөрүлүп турбайбы.

"Азаттык": Орусиянын Кыргызстанга каршы дагы бир күчтүү аргументи бар эмеспи, бул - күйүүчү май. Мына эми күзгү орум-жыйым кирип келет. Ошондо "Газпром" кара май Орусияда да тартыш болуп атат деп тартыштык жаратып койсо, Кыргызстандын экономикасына катуу сокку болбойбу?

Эмил Жураев: Албетте бир мамлекетке ушунчалык көз каранды болгондуктан бул дайыма биз үчүн чоң маселе боюнча кала берет. Ошондуктан биздин өлкөдө башка жайлардан алып келүү жолдорун издеп атышат. Аны тездик менен ишке киргизиш керек. Эки мамлекеттин мамилелеринин жакшы-жаманына карабастан биз дайыма кооптонуу нугунда турушубуз керек.

"Азаттык": Эгер Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында ар башка багыттарды тутуна берсе, ошол эле Орусияда жүргөн мигранттардын тагдыры кандай болушу мүмкүн?

Эмил Жураев: Биринчиден, орус мамлекети мигранттарды кээде тышкы саясат куралы катары колдонуп көргөн. Бирок көп сандагы мигранттар бир эле мамлекеттен эмес, көп мамлекеттерден келгенден кийин Орусия үчүн бул өзүнчө чоң маселе. Бул жалаң эле тышкы маселе эмес, бул социалдык куруу жагынан, билим берүү, сактык жагынан бир топ маселелерди туудурат. Ошондуктан булар үчүн бул оңой эле логикасы бар маселе болуп кала берет. Аны башка жолдор менен чечүүнүн жолу бар, өкмөттөр ортосунда сүйлөшүүлөр болсо бир топ жолдорду тапса болот. Бул жалаң гана тышкы саясаттын келишпестигинен колдонулуп чечилет деген туура эмес болуп калат.

"Азаттык": Мигранттардын тагдырына кандай таасири тийиши мүмкүн?

Эмил Жураев: Мигранттар башынан эле эң оор кырдаалдарда кыйынчылыктарды көрүп келаткан элбиз. Көп жолдорун таап келатышкан. Эми ушундай жаңы мыйзамдар киргизишти, эми булардын да жолдорун табышат.

Бирок кыйынчылыктарды туудурары шексиз. Анткени кайсы гана сынак болобу, төлөм болобу, башка жагынан кошулса албетте бул кыйынчылык. Ошондуктан эгер өкмөттөр арасында сүйлөшүлүп, мисалы, ошол эле төлөмдөргө кыргыз мамлекети жардам берсе, бир топ жеңилдиктерге жол берери мүмкүн болчу.

XS
SM
MD
LG