Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Орусия: Тил билбеген иштебейт


Орусияда мигранттар орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдары боюнча милдеттүү түрдө экзамен тапшыра баштайт.

Мындай жардыкка өлкөнүн жаңы шайланган президенти Владимир Путин 7-майда, ант берери менен кол койду.

Орус коомчулугунда буга чейин гастербайтерлердин тилди, маданиятты билип-билбеши талкуу жаратып жаткан болчу.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус тилин жакшылап үйрөтүүнүн жолдорун издеп жатат.

Владимир Путиндин жардыгына ылайык, мигранттар ушул жылдын ноябрь айынан тарта экзамен бере баштайт.

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакиров мындай сынактын жакшы жактарын белгиледи:

- Орусиянын бардык булуң-бурчунда биздин жердештерибиз жакшы иштеп, жакшы жашаганга дагы бир шарт түзүлүп жатат. Орус тилин канчалык жакшы билсең ошончолук тез аралашып, көнүп кетесиң. Бул бир гана мигранттарга гана эмес, эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин жакшырышына салым кошот деп ишенем.

Касым Шарипов Санкт-Петербург шаарында алты жылдан бери жашайт, орус жарандыгын алган. Анын айтымында, тилди мектепте жакшы үйрөнбөгөн улан-кыздар Орусияда көбүрөк кыйналышат. Эми жарандык алуу да оорлошуу мүмкүн:

- Биздин убакта мектепте орус тилин жакшы эле окутчу. Азыр балдар орус тилин билбей эле келип жатпайбы. Эгер орус тилин жакшылап үйрөнсө, зыяны деле жок болсо керек. Буга чейин жарандык алганда мындай сынактар жок болчу. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жеңилдетилген келишим бар эле. Тилди билесиңби, же билбейсиңби деп сурачу эмес. Эң башкысы документтериң жайында болуш керек эле.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус тилин жакшылап окутуп-өздөштүрүүнүн жол-жобосун караштырып жатат. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Орусияда бир катар университеттерге сунуш менен кайрылышканын “Азаттыкка” айтып берди:

- Орусиянын бир топ жогорку окуу жайлары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында орусиялык Элдер достугу университети менен Башкаруу университети орус тилден курс уюштурганга макулдук беришкен. Бирок азыркы учурда алар “биз даярданышыбыз керек, себеби методикалык матиралдарды, аудиторияны даярдашыбыз керек, акы канча болуш керектигин такташыбыз керек, анан сүйлөшүүгө өтөлү” деп сунушташууда.

Кулукеева Орусияга келгени жаткан мигранттарды мекенинен чыга электе тилди үйрөтүү да караштырылып жатканын кошумчалады.

Жүдөтүүнүн дагы бир ыкмасы

Талдоочу Аскар Мамбеталиев Орусияда мигранттарга милдеттүү экзамендин киришинин эки ача негиздерине токтолду:

- Кыргызстан менен Орусиянын кызыкчылыгы эки башка. Кыргызстан үчүн албетте жаман болот. Анткени биздин мигранттар көбүнчө айылдан орус тилин билбей эле барат. Экзамендин айынан көп кыргызстандыктар Орусияга барбай жумушсуз калышы мүмкүн. Орусиянын кызыкчылыгынан алганда, күчтүү мамлекет албетте тилин билбесе киргизбейт. АКШда деле ошондой. Америкалык болуш үчүн англис тилин билишиң керек.

Мигранттардан орус тилин билип-билбешин текшерүү керектиги орус коомчулугунда далайдан бери эле көтөрүлүп жаткан. Жаңы шайланган президент Владимир Путин гастербайтерлерге талап катаалдай турганын бир нече жолу белгилеген.

“Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы Аида Касымалиева мындай сынак Орусиядагы мигранттарды жүдөтүүнүн бир ыкмасына айланышы ыктымал деген ойдо:

- Ал экзамен мигранттарга орус тилин жакшы билет дегенге кепил боло албайт. Ал жөн эле коррупциялык механизм болуп калат. Себеби акча алгылары келет жана мигранттарды кысуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мисалы, азыр милиция, миграциялык кызмат кысат. Эми "орус тилин билбейсиң" деп акча өндүрүүнүн дагы бир жолу болот. Негедир биздин тилибиз орус тилине тез көнөт. Башкаларга салыштырмалуу орус тилин жакшы билишет. Тилди билбей деле барса, тез эле үйрөнүп кетишет. Бирок орус тилин үйрөтүүнү Кыргызстанда күчтөндүрүш керек. Бул мигранттар кыргыз тилин унутуп калат дегенге жатпайт. Себеби алар жакшы иштеп, жакшы айлык алып, жакшы жашаш үчүн баратышат. Бул үчүн орус тили керек.

Ал арада Кыргызстандын өзүндө орус тилинен расмий деген макамды алып салуу демилгеси андан-мындан көтөрүлүп жүрөт. Соңку учурда айрыкча элетте орус тилин окутуу солгундап кеткен.

Ар кайсы маалымат булактарына караганда, ушул тушта Орусияда 500 миңден 1 миллионга чейин кыргызстандык иштеп жүрөт. Талдоочулардын баамында, алардын арасында тилди дурус билбегендери укуктарын коргой албай, көбүрөөк кыйынчылыктарга кабылат.

XS
SM
MD
LG