Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Москвадагы кабарчыбыз кыргыз тилинде окуп, кыргызча таптаза сүйлөп калган орусиялык студенттерди кезиктирди.

Биз Москва мамлекеттик лингвистикалык университетиндеги кыргыз тил сабагына катыштык. Аталган университеттин Кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Байтерекова кыргыз тилин чет тили катары окутуу усулдарынын автору.

Жакшы көргөн сөзүбүз - "кереме-еет"!

Кыргыз тилин 5 семестрден бери, жумасына 10 сааттан окуп келе жатышкан Рита Герасюкова, Дарья Пахомова жана Ксения Гурова бир да жолу Кыргызстанда болушпаса да, тилди мыкты өздөштүрүшүп, кыргыз тилинде кадыресе сүйлөп калыптыр.


Окутуучу, филология илимдеринин кандидаты Жеңишгүл Байтерекова 7 жылдан бери кыргыз тилин Москвада чет элдиктерге үйрөтүп келет. Рита, Дарья жана Ксения анын биринчи бүтүрүүчүлөрү эмес, бирок эң сүйүктүү жана мыкты окуучулары.

- Кыргыз тилин бул кыздар эмне себептен мыкты өздөштүрүп кетишти? Себеби система, тилге кызыгуу бар. Окуу куралдары ийгиликтүү түзүлүш керек. Мен кыргыз тилин үйрөтүү жаатында көп нерсени өзгөртмөкмүн. Кыргыз тилин чет элдиктерге үйрөтүү боюнча жаңы ачылыштар алдыда. Кызыктуу методикалар жаралат. Бул темада Кыргызстанда доктордук диссертациялар жакталып жатат, - дейт Жеңишгүл Байтерекова
Жеңишгүл Байтерекова

Кыргыз тилин чет тил катары үйрөтүү абдан жаңы багыт дейт мугалим.

- Бул багыт кыргыз методисттери тарабынан иштелип жаткан багыт. Москвада мен ушул университеттин усулдарына таяндым. Негизги багыт ушул тарапта болду. Алардын программаларын, окуу китептерин карап чыктым.

Ошол программалардын негизинде Жеңишгүл Байтерекова кыргыз тилинин практикалык курсу деген окуу куралын иштеп чыккан.

Кыргыз тилине кызыгуу күч

Орусияда кыргыз тилине болгон муктаждык акыркы жылдары аябай күчөгөн. Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер бир гана чет элдиктер эмес – көбүнчө бул мигранттардын балдары.

- Москвага келгенимден кийин көп кызыктуу окуяларга дуушар болдум. Анткени мага бул жерде окуп жаткан кыргыз тилин билбеген балдар келип, кыргыз тилинен сабак алып атышат .

- Эмне себептен кыргыз тилине Кыргызстанда ушундай кызыгуу жок?

- Бөтөн жерде жүргөндөн кийин адамда патриоттук сезим акырындап барып күчтөнө баштайт экен.

Москвада орус бала бакчаларына, орус мектептерге барган кыргызстандыктар үчүн кыргыз тили боюнча жекшембилик мектеп да алигиче ачыла элек. Жеңишгүл Байтерекова анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Кайрылгандар аябай көп болду. Бирок Москвада бул идеяны ишке ашыруу кыйын. Имарат керек, окуу куралдары керек, ата-энелердин убактысы да керек курска алып-барып келгенге. Москвада башка улуттардын жекшембилик мектептери бар, ушул кыйынчылыктарга байланыштуу биз дагы деле ача элекпиз. Бул ишти Москвада колго алыш керек. Анткени ата-энелер суранып, суусап турушат.

Москвада кыргыз тилин атайын усулдар менен окутчу мугалимдер да өтө аз. Тагыраак айтканда бирөө. Ал - Жеңишгүл Байтерекова.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG