Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Июнь окуясынан кийин Москвада мигрант болуп жүргөн кыргыздар менен өзбектердин мамилеси да сууп, аралары алыстаганы кабарланган эле. Акыркы убактарда эки эл өкүлдөрүнүн бири-бирине ишеними кайрадан арта баштаганы байкалат.

Москвада мигрант болуп жүргөн кыргыздар менен өзбектер июнь окуясынан кийин бири-биринен алда канча алыстап, бир батирде жашабай, бир казандан тамак ичпей калышканын мигранттар өздөрү эскеришет.

Бирок улам убакыт өткөн сайын мурдагы дос-туугандык мамиле калыбына келип, бири-бирине ишеничтери артып жатканына мен өзүм Москванын Кузьминки районунда жашап-иштеген кыргызстандык мигранттардын үйүнө барганда күбө болдум.

Ашканага улам кирип, кечинде жасаган тамагын жылытып жеп, чыгып кетип жаткан мекендештеримдин арасында аялы, кызы жана жээндери менен кошо кыргыздарга аралаш жашап жаткан өзбек улутундагы жердешимди да кезиктирдим.

Теги өзбек, өзү Ош шаарынын тургуну Рахматулло мырзаны үй-бүлөсү менен кошо түнкү мөөнөттө иштеп келип, тамактанып жаткан жеринен кепке тарттык:

- Бул жерде кыргыз-өзбек деп бөлүнмөй жок, баарыбыз бир үй-бүлөбүз. Ишибиз жакшы, Кудайга шүгүр. Аялым, кызым, жээндерим менен чогуу бул жерде жашайбыз.

Рахматулло мырза Москвага келгенине бир жылга чукулдап калган, ал тапкан акчасын уул үйлөндүрүп, кыз чыгарууга жумшай турганын кошумчалады:

- Оокат деп жүрөбүз да. Там салалы, уулубузду үйлөндүрүп, кыз берели деген максат менен ушул жерде жүрөбүз. Эгер өзүбүздө жумуш болсо, айлыгы жакшы болсо бул жерге келмек эмеспиз. Чогуу жашагандар баарыбыз ынтымакта жашап атабыз.

Рахматуллонун үй-бүлө мүчөлөрү кыргызча так сүйлөшөт. Ошол эле учурда батирде жашаган башка кыргыздар аларга өзбекче аралаштырып кайрылганын да кулагым чалды.

Ушул эле батирде теги өзбек дагы бир үй-бүлө жашайт. 23 жаштагы Надиранын күйөөсү жумушта экен, өзү түнкү мөөнөттө иштеп келип, тамактанганы ашканага кирген Надира да биздин кепке аралашып, коогалаң саналуу бузукулардын колунан келгенин, эки элдин балдары ынтымакта жашап келгенин, бул жакта да ынтымакта бир чатырдын астында баш калкалап жатышканын айтып берди:

- Москвага келгенден кийин күйөөм экөөбүз жашаганы ушул батирге келдик. Карасам бизден башкасынан баары кыргыздар экен, бирок мен ага көңүл бурган жокмун. Себеби мен өзүм да бөлүнгөндү жаман көрөм, бул жерде да дал мага окшош эки улутту бөлбөгөн адамдар жашашат экен. Мына үч жылдын жүзү болуп калды, сен-мен дешкен жокпуз. Коогалаңга чейин кандай жашасак, дал ошондой жашап келатабыз.

Надира “Азаттыктын” обосу аркылуу эл ынтымакта жашоосуна тилектештигин билдирүүнү каалады:

- Баары бири-бири менен ынтымакта, чогуу жашашсын. Бири-бириникине тойго, конокко барышсын, бала көрүшсүн. Кыргыз-өзбек деп ажыратпасын. Биз ушундай жүрөбүз, мындан ары да ушул боюнча ынтымакта кала беребиз. Бул жерге да үй-бүлө багайын, акча табайын деп келгенбиз, ошол тилегибиз ишке ашып, кеткенче колдон келишинче акча таап, үйгө кетели.

Ушундай эле тилекти батирдин ээси Кабылбек Кожошев да айтты. Ал батирдин кожоюну катары андагы жашоочулардын арасында ынтымак-ырашкерлик болушуна өзү кызыкдар экенин, бөлүнүп-жарылган адамдар үчүн анын үйүндө орун жоктугун баса белгилеп айтты:

- Менин батиримде антип бөлүнүүчүлөргө орун жок. Үйгө жашаганы келгендерге да айтам, кээде жашагандардын чогулушу болгон учурда да эскертип турам. Кыргыз-өзбек деп бөлүнчү болсо эле, аларды батирден чыгарып жиберебиз. Атүгүл кыргыздардын канына сиңген уруулаш, айылдаш, жердеш болуп бөлүнгөндөрдүн да тизгинин тартып турам.

Айрым орусиялык маалымат каражаттары июнь коогасынан кийин Орусияда иштеген кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда чыр чыга калып жүргөнүн жазып келишет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, улутка бөлүп чырдашуу мигранттардын арасында катталган эмес. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, өткөн жылы Москва шаарында соода кылган жаштардын арасында соода ордун талашып чыккан чырды улутка бөлүнүп жаңжалдашуу деп айтууга болбойт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG