Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Федералдык миграция кызматы Орусияга жумуш издеп келген чет өлкөлүктөрдү патент менен иштөөгө үндөөдө. Патент аркылуу иштөө арзан, оңой жана мыйзамдуу дешет талдоочулар.

Орусиянын федералдык миграция кызматы былтыркы жылдын июль айынан тарта Москва облусуна иштейм деп келген мигранттарга 75 миң патент берген. Бул тууралуу Москвада өткөн маалымат жыйынында миграция боюнча иш алып барган уюмдар билдиришти.

Төмөнкү квалификациядагы жумушчулар үчүн берилчү патент Орусиянын миграциялык мыйзамына 2010-жылдын 1-июлунда киргизилген.

Патент менен ким иштей алат?

Тизмеге 37 кесип киргизилген. Алардын арасында ашпозчу, көчө шыпыргыч, куруучу деген кесиптер кездешет.

“Паспорттук-визалык кызмат” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын директору Сергей Донцов бул тизмеге мигранттар көп иштечү кесиптер киргизилген дейт.

“Москва облусундагы ар бир жеке үйдө сөзсүз түрдө кара жумушту аткарган тажик, өзбек же кыргыз бар”.

Патент менен юридикалык тарапка иштөө тыюу салынган.

Квотага батпай калгандар – патентке

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, жылына Орусияга 5 миллиондой адам жумуш издеп келет. 2011-жылы мигранттарга 1 миллион 745 миң квота бөлгөн. Калган 4 миллиондой адамдын иштөөгө уруксаты жок. Орусиянын эмгек базарында 20\80 формуласы иштейт. Бул деген келгендердин 80 пайызы Орусияда мыйзамсыз жүрөт дегенди түшүндүрөт.

Патент мына ушул 4 миллион адамдын легалдашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Сергей Донцовдун айтымында, патент бийлик үчүн да ыңгайлуу. Мыйзамсыз жүргөн мигранттар милициянын жеми болуп, коррупция өрчүп, казынага акча түшчү эмес. Патент киргизилгенден бери Москва облусу боюнча 1-июлдан тарта 200 миллион салык төлөнгөн.

Патентти кантип алса болот?

Патентти алыш үчүн чет өлкөнүн жараны Орусияга келээри менен 7 күндүн ичинде каттоого туруп, патент алышы керек. 7 күндөн кеч калса, ала албайт. Патентти федералдык миграция кызматынын бөлүмдөрүндө 500 рубль төлөп алуу мүмкүн. Андан соң бир айга 1 миң рубль төлөнөт. Патентти узаратам десеңиз, ай сайын 1 миң рублдан төлөп туруу зарыл. Ошондо бир жылга 12 миң рубль кетет. Бул акчанын ичине алдын ала салык камтылган.

Төлөм токтогондо, патент автоматтык түрдө жоюлат

Экcперттер түшүндүргөндөй, патент алгандан соң эмгек мигранттары үчүн мурдагыдай Кыргызстанга барып келүү маселеси жоюлат. Кыскача айтканда, патентке ай сайын миң рубль төлөө менен Орусиянын ичинде жылдап жүрсө болот.

Патент алуунун алдында жумуш берген жеке тарап менен эмгек келишимин түзүү керек. Бирок эмгек мигрант бир адамга байланбай, каалаган иш берүүчү менен иштей алат. Жумуш берүүчүлөр жумушчу кеткенде миграциялык кызматка кабар берип коюшу керек.

Ал эми милиция текшергенде, патентке төлөнгөн акчанын квитанциясын көгөзүү керек.

“Алхимиктерге” каршы чара

Москвада жасалма документтерди сатуу өзунчө чоң бизнеске айланган. Элчиликке жетейин деп калганда, поезд бекеттеринде жасалма документтердин түрү сатылат.

Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери билдиришкендей, документ саткандардын көбү Орусиянын жарандары болгондуктан учурда элчилик аларга каршы катуу чараларды көрө албайт.

Федералдык миграция кызматы да мындай “алхимиктер” менен күрөшө албай, үмүт бир гана тартип коргоо органдарында – бирок алар да натыйжалуу чараларды көрүшө элек.

Сергей Донцов аларды “Көмүскөдөгү диаспоралар” деп атайт.

Бирок жасалма патентти басып чыгуу кыйын жана азыр аны даярдоону алдамчылар тилекке жараша үйрөнүшө элек.

Ал эми иштөө үчүн уруксат 17-19 миң рублду түзөт. Интернетте мындай сатуучулар толтура. Жылдын аягында мындай кагаздын баасы 30 миңге чыгат. Эксперттер квотага ээ иш берүүчүлөр, аларды колдон-колго сатып, бул өзүнчө бизнеске жана коррупциянын очогуна айланганын баса белгилешет.

Азырынча патентке төлөнгөн акчалардын жасалма квитанциялары чыгат деген коркунуч бар, бирок аны банктар аркылуу жөндөсө болот.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG