Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Бешимов: Мигранттардын түйшүгүн азайталы


Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы келишимдер кайра каралууда. Бул үчүн миграция маселелери боюнча атайын кыргыз-орус жумушчу тобу түзүлгөнүн тышкы иштер министринин орун басары Аскарбек Бешимов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Миграция көйгөйлөрүн чечүү үчүн Кыргызстан менен Орусия ортосунда жумушчу топ түзүлүп, бир катар жолугушуулар болуп, мурдагы келишимдер кайрадан каралып жаткан экен. Мунун натыйжасында эмгек мигранттары үчүн кандай жеңилдиктер болот?

Аскарбек Бешимов: Чындап айтканда, бул шарттарды жеңилдетүү деле эмес, бул - кадимки эле цивилизациялуу жолдорго салуу. Анын үстүнө КМШ өлкөлөрү арасында көп тараптуу, эки тараптуу көп эле келишимдер алынган. Бирок мунун баары кагаз түрүндө гана калып, көпчүлүгү ишке ашпай калган.

Тышкы миграция тармагы биздин министрликке берилген соң министрдин орун басары катары бул тармакты көзөмөлдөө мага жүктөлгөн эле. Мындан улам Орусия жана Казакстан менен сүйлөшүп, ортодогу келишимдерди карап чыгып, ошонун ичинде мигранттарда кандай көйгөйлөр бар жана алар эмне үчүн чечилбей жатканына көңүл буралы деп чечтик.

Алгач Орусияда 12-июнда КМШ өлкөлөрү арасында көп тараптуу сүйлөшүү өттү. Ал эми 5-июлда Орусиянын Миграциялык кызматынын директору баш болгон өкүлдөр менен жолугушуу өткөрүп, ошол жерден көп маселелерди талкууладык.

"Азаттык": Ушул жолугушууларда мигранттарга жеңилдик бере турган кандай жыйынтыктарга жетиштиңиздер?

Аскарбек Бешимов: Биздин жарандар Орусияга барарын барып алып, ал жактын шарттарын аткарбай, кайра Кыргызстанга келүүгө мажбур болуп же депортацияланып жатпайбы. Бул көбүнчө документтер туура эмес болуп же толук даярдабагандан келип чыгууда. Мындан улам биз Орусиядагы ишке уруксат, патент алуу сыяктуу документтерди Кыргызстанда бүткөрсөк кандай болот деген маселе койдук. Себеби алардын Миграциялык кызматынын Кыргызстанда өкүлчүлүгү бар.

Экинчиден, Орусияга жумушка уюшулган негизде жөнөтүүнү караштырып жатабыз. Учурда биздин жарандар Орусияга тааныш-билиш аркылуу бири-бирин алып кетип эле жатышпайбы. Анан ал жакка барып жумуш тапса тапты, таппаса кайра келип жатышат. Мындан улам айлыктарын бербей койгон учурлар, ар кандай чыр-чатактар чыгууда. Ошондуктан биз Орусияга кайсы адистер керек болсо, аларды Кыргызстандан даярдап жөнөтүү жагын сунуштап жатабыз. Алар да макул болушту.

Канттагы №21 кесиптик лицейде бул максатта 200 адам даярдалып жатат. Албетте муну менен биз миграциянын баарын эле жаба албайбыз. Бирок талапка жарашы сунуш иретинде адистерди даярдап, жиберүүнү колго алалы деп жатабыз.

"Азаттык": Ошол учурда Орусияда иштеп жүргөн жалпы эле чет өлкөлүк, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттарынын шарттары катаалданып жатат. Маселен, ушул жылдан тарта мигранттардын баары орус тилинен жана Орусиянын тарыхынан сынак тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле өткөндө парламент депутаттары Орусияга барып, мигранттардын балдарынын мектепте окуганы үчүн акы алууну көздөп жатканын айтып келген эле. Бул боюнча кабарыңыз барбы? Эмнелерди жасап жатасыздар?

Аскарбек Бешимов: Албетте кабарыбыз бар. Биринчиден, мигранттардын балдары үчүн кандайдыр бир акы алынбайт. Бул тууралуу Орусиянын Миграция кызматынан тастыкташты. Бул жөн гана сөздөр болуп чыкты.

Ал эми орус тилинен жана тарых боюнча бүгүнкү күндө талап бар. Бирок бул талап Орусиянын жарандыгын алган же алууну көздөгөндөр үчүн гана. Бул маселе Орусиянын парламенттинин тиешелүү комитетинде каралып жатыптыр. Балким, ушул жылдын аягында кириши мүмкүн. Биз бул боюнча сүйлөшүүлөр учурунда биздин жарандарга кошумча түйшүк жаратат деп айтып, мындай тестирлөө борборлорун Бишкекте жана түштүктө ачалы деп сунуштадык. Себеби мигранттардын көпчүлүгү түштүктөн экенин билебиз. Бирок Орусия тараптан бир гана Кыргыз-Орус Славян университетинде лицензия берилген жатат. Ошондо биз түштүктө кандай болот деп ойлонуп жатабыз.

"Азаттык": Дагы бир маанилүү нерсе, эмгек мигранттарын укуктук жактан коргоо маселеси. Акыркы учурда мигранттар арасында ыдык көрүп, запкы чеккендер абдан көп экени айтылып келет. Ушул укуктук жактан коргоону жакшылып уюштуруу жаатында Орусия тарап менен сүйлөшүлдүбү?

Аскарбек Бешимов: Бул жаатта сүйлөшүү болду. Мигранттардын укугун коргоо жаатында иш алып барган эл аралык миграция уюму бар эмеспи. Мына ушул уюмдун Москвадагы өкүлчүлүгү менен сүйлөштүк. Аларга мигранттар өздөрүнө эле пайда таппастан, Орусиядагы эң оор иштерди аткарып, бул мамлекетке да пайда алып келип жатат, ошондуктан укугун коргоодо алар иш алып барыш керек деген маселени койдук. Алар да муну түшүнүү менен кабыл алышты.

Негизинен эле мурда Орусиядагы милиция тарабынан мигранттарга асылып, кодулоо факттары көп болсо, алар азайып калыптыр. Мындан улам алар укуктук коргоону уюштуруп, бири-бирибиз менен маалымат алмашып, биргелешип иштөөгө убадасын беришти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG