Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Орусиядан 70тен ашуун кыргыз мигрант чыгарылат


Орус бийликтери Москвадан 70тен ашык кыргыз мигрантын депортациялаганы жатат. Алар азыр чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда турат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги шаарда ай сайын документтери туура эмес болжол менен 60-70тей жаран колго түшөрүн маалымдашат.

Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкери Самат Токтоболотов чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборуна маал-маалы менен каттап турат экен. Анын айтымында, колго түшкөндөрдүн дээрлик баары миграциялык режимди бузгандар:

- Чек арадан өтүп келгенден кийин үч айга каттоого турат. Үч айдан кийин же чек арадан чыгып, кайра кирип, дагы үч айга каттоого туруусу зарыл. Адатта Украинага барып, кайра киришет. Же болбосо иштегенге уруксат документ алышы керек. Ал бир жылга берилет. Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборуна түшүп калгандардын каттоосунун мөөнөтү бүтүп калган, же мөөнөтү келсе да узартпай калган, же болбосо таптакыр документи жок.

Аталган борбордо ушул тушта 71 кыргыз жараны отурат. Алардын 10дон ашыгынын паспорту жок экени аныкталган. Адатта мындай адамдар боюнча борбордун өкүлдөрү элчиликке кайрылат, ал жерден мекенине кайтаруу тууралуу күбөлүк жасалып берилет.

Самат Токтоболотов убактылуу кармоо борборунда май айынан бери отургандар да бар экенин белгиледи:

- Анткени ал кишилер биринчи кармалганда өзүнүн фамилиясын айтпай, башканыкын айтып коюшкан. Мисалы, өзү Асанов болсо, тергөөнү адаштырам деп Таштанбековмун деп койгон. Мен мунун себебин сурасам, мүмкүнчүлүк болуп чыгып кетемби деп ойлогом дейт. Анан Асанов деген фамилия боюнча сот болот. Бирок ал фамилия такталбагандан кийин кайра өзүнүн чын фамилиясын айтат, ошентип кайра сот болгуча мөөнөт узарып кетет.

Депортацияланганы жаткан кыргызстандык жарандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок, туугандарын да сураштырып табуу аракетибизден майнап чыкпады.

Элчиликтин кызматкери Самат Токтоболотов Орусия миграциялык мыйзам-эрежелерин катаалдаштырып жатканын, депортацияланган жарандар ар түркүн айла-амал менен кайра келүүгө мүмкүн эместигин айтууда:

- Орусияда жүргөн жарандар иштегенге уруксат алса да, кандай документтик иш-аракет кылса да бармагынын изи алынат. Андан кийин сен фамилияңды кандай кылып өзгөртүп келсең да бармак басымыңды алганда билинип каласың. Ошондо административдик эмес, кылмыш иш козголуп, кесилип кетишиң мүмкүн. Биз борборго ай сайын барганда ушуну айтып түшүндүрүп, кайра келгенге аракет кылбагыла деп айтып жатабыз. Орусия азыр миграциялык мыйзамын катаалдаштырып койду. Биздин жарандар түз жүргөнгө мажбур болуп калды. Биздин жарандар мыйзамдарды сактабай бири-бирине алданып, чала каттоодон өтүп, жасалма документтерди колдонуп, ошондойго көнө баштаган.


Руслан аттуу бул кыргызстандык жаран Москвада үч жылдан бери иштеп жүрөт. Ал “Азаттыкка” курган маегинде башында документсиз иштегенде кыйынчылыктарга кабылганын кеп салды:

- Башында кыйынчылыктар болгон. Тааныштар аркылуу ошондой иштерге барып, документсиз эле иштегем. Азыр документ жасатып, жакшы эле иштеп жатабыз. Бир жылга берилет. Азыр мындай документ 25 миң рублге бүтсө керек.

Москвадагы “Мигранттарды колдоо борбору” иш издеп келгендерге укуктук жардам көрсөтөт. Жетекчиси Чолпон Осмонова депортациялангандар адатта шылуундарга кабылып, мыйзамсыз документ алгандар экенин айтууда:

- Мекендештерге Кыргызстандан чыгып атканда Орусиянын бир-эки мыйзамдарын окуп алса деп айтат элем. Анткени барганда ар бир адам үч айлык каттоого турат. Ошондо ал өкмөттүн базасынан таза болуп чыгышы керек. Анан аларды биздин эле кыргыздар алдап, каттоодон өткөрүп берет. Бирок ал базадан чыкпай калат. Анткени базага коюп, чыгарыш да оңой иш эмес.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча, былтыр жалпысынан 700гө жакын жаран Орусиядан чыгарылган. Шаарда ай сайын болжол менен 60-70тей адам кармалып турат.

XS
SM
MD
LG