Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Орусия: "кара тизме" кайгысы бүтө элек


Орусия - Мигранттарды массалык кармоолор. Москва, 14-октябрь, 2013

Орусия - Мигранттарды массалык кармоолор. Москва, 14-октябрь, 2013

Орусиянын федералдык миграция кызматы кыргызстандык 1036 жаранды “кара тизмеден” чыгарды. Бирок бул тизмеде дале алтымыш миңдей кыргызстандык бар.

Орусия соңку жылдары болжол менен бир миллионго жакын эмгек мигрантына өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Анын басымдуу бөлүгү Борбор Азиядан барган мигранттар. Алардын ичинде он миңдеген кыргыз жарандары да бар.

"Кара тизменин" капшабы

Москвадагы дүкөндөрдүн биринде кассир болуп иштеп жүргөн Бермет Ахметова “кара тизмеге” кирип калганын өз мекенине келип, кайра жумушуна кайтып баратканда билген. Бирок бул тизмеге илингенин себебин дале биле элек..

- Мен өзүмдүн кара тизмеге эмнеге кирип калганымды билбейм. Ал тизмеге былтыр июнь айынан бери кирип калыптырмын. Сураштырып көрсөм кандайдыр бир карызың болсо да кара тизмеге кирип каласың дешти. Эгер ошол жакта туугандарың болсо акча төлөсө чыгарат экен. Менин карызым деле жок болчу. Балким телефонго карыз болуп калганмынбы? Балким каттоомду өзүм жасачу эмесмин, бирөөлөргө берчүмүн, ошолор жасалма кылып койгонбу?

Төкмө акын Аалы Туткучев да "кара тизмеге" илингендердин бири. Ал да учурда эмне себептен Оруссияга кире албай калганын түшүнбөйт:

- Мени менен барган төкмө акын Жеңишбек байке кирип, мени киргизбей койду. Миграциядан териштирсем таза экен. Буга чейин Орусияда үч жолу болуп, эч кандай деле тартип бузгандай болгон эмесмин.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, учурда 60 миң кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Буга чейин аталган министрлик анын 18 миңине уруксат берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Жарандарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча эки өлкө ортосунда түзүлгөн жумушчу тобунун 8-жыйынында 1036 адам “кара тизмеден” чыкканы белгилүү болду.

Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалымат катчысы Аида Кадырованын айтканына караганда, алардын катарына Орусияда билим алып жаткандар, аялы же күйөөсү орус жараны болгондор жана социалдык оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары кирди:

- Орусия мигирация кызматынын билдирүүсү боюнча, 1036 киши кара тизмеден чыкты. Андан сырткары ал өлкөдө биздин өкүлчүлүк ачылмай болду.

Орусиянын миграция мыйзамына ылайык, мындай тизмеге алынган чет өлкөлүктөр ал өлкөгө 3-5 жыл аралыгында кире албайт. Мөөнөтү мыйзамды канчалык деңгээлде бузгандыгына жараша аныкталат. Мисалы, административдик айып тарта турган деңгээлде тартип бузгандар эң азы 3 жылга, оорураак себептер болсо 5 жылга чейин Орусия Федерациясына киргенге тыюу салынат.

Орусия федералдык миграция кызматынын сайтында маалымдалганга караганда, өз учурунда каттоого турбаган, патент же ишке уруксат кагазы жок болсо, же бул өлкөдө жашоо укугуна ээ болбосо андай адамдар автоматтык түрдө "кара тизмеге" кирип калат. Ал эми эмгек мигранттары негизинен ушул өңдүү себептерден улам өлкөдөн чыгууга аргасыз болуп калышат.

"Кара тизмеден" чыгуунун айласын тапкандар барбы?

Москвадагы мигранттардын укугун коргоо борборунун жетекчиси Чолпон Осмонованын билдиргенине караганда, көпчүлүк жарандардын жумушка уруксат алуу сыяктуу документтери башка бирөөлөр тарабынан жасалма жол менен даярдалып, анысы билинип калса да тизмеге илинип калат:

- "Кара тизмеге" жөн жерден кирбейт. Алар бир мыйзам бузушат. Учурда алардын үстүнөн жактоочулар укмуш иштеп жатат. Тизмеден чыгаруу үчүн отуз миңден элүү миңге чейинки орус акчасын сурагандар бар.

Ошентип Орусияда мигранттардын ушундай жагдайынан пайдаланып, акча таап жаткандар болсо, Кыргызстандын өзүндө эмгек мигранттары аты-жөнүн өзгөртүү аркылуу ал өлкөгө кайра кирүү аракети менен алек. Мисалы мамалекеттик каттоо кызматынын акыркы маалыматына ишенсек, ушул жылдын 6 ай аралыгында аты жана фамилиясын 20 миңдей киши өзгөртсө, алардын көпчүлүгү Орусияда “кара тизмеге” түшүп калгандар болгон.

Орусияга кирүу укугунан ажыраган Баткен облусунун тургуну Бермет Ахметованын айтымында, учурда ушундай жол менен Оруссияга кетип жаткандар бар:

- Аты-жөнүн, күбөлүгүн өзгөртүп кетип аткандар бар деп угуп атам. Бизде да ошондойлор болуп жатат.

Бирок Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башкы адиси Аскат Тойкожоевдин билдиргенине караганда, мындай аракеттен эч кандай майнап чыкпайт:

- Кара тизмедеги жаран аты, фамилиясын, жеке номурун өзгөртүп, жаңы паспорт алган күндө деле Орусияга кирерде кол манжасынын тагын тапшырат. Ошондо ал адамдын “кара тизмеде” экени автоматтык түрдө билинет. Бул учурда кыргыз атуулдары ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартылат. Демек, “кара тизмеден" чыгуунун жолун аты-жөнүн алмаштырып чечүү кооптуу деп айтсак болот.

Москвада жашап жаткан Азизбек Асабал өз алдынча “кара тизменин” чоо-жайын изилдеп жүрөт. Анын айтымында, жалпы Орто Азия боюнча 800 миң жаран кара тизмеге кирген.

- Анын ичинен кыргызстандыктар болжолдуу түрдо 60 миң менен 80 миңдин ортосунда. Булар 2015-жылга чейин тизмеге киргендердин санын 42 миңге чейин азайтабыз дешкен. Тактап айтканда 12-15 миң кишини тизмеден чыгармай болушкан. Менимче, бул Бажы биримдигине киргизүү үчүн жасалып жатат.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин расмий маалыматы боюнча, "кара тизмеге" киргендердин арызы өлкөнүн бардык аймактарындагы министрликтин өкүлчүлүктөрүндө кабыл алынууда. Тизмеден чыгууга уруксат берүү арыз жазган күндөн баштап, бир айга чейин созулушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG