Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Өткөн жумадан бери Москвада мигранттарды жашаган жеринен кармоо күч алганы кабарланды. Буга алардын жашаган үйдө катталбаганы негизги себеп деп айтылууда. Юристтер кыргызстандык мигранттар өз укуктарын билбегендиктин ушундай кырдаалга туш болуп жатышканын белгилешет.

Москвада мигранттарды жашаган жеринен кармап келип, полиция бөлүгүнө камоо жүрүп жатканы тууралуу 12-майда мекендешибиз Мелис Маматжанов “Азаттыкка” билдирген эле. Анын айтуусунда, мигранттар жашаган үйлөргө түн ичинде же таң атарда полиция келип, кармап кетүүдө:

- Бизди бүгүн таңкы саат жетилер чамасында басты. Баарыбыздын документтерибизди текшерип, полиция бөлүмүнө алып келишти. Эми депортация болосуңар деп жатышат. "Бизге жашап жаткан үйгө катталган эмессиңер" деп айып тагышууда.

12-майда кармалган Мелис Маматжанов ошондон бери полициянын утурумдук кармоочу жайында жатканын 16-майда “Азаттыкка” Фейсбук аркылуу маалымдады. Анын сөзү боюнча, кармалгандардын көпчүлүгү “жашаган үйдө катталган эмес” деген айып менен депортация болууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагулов кыргызстандык мигранттар өз укуктарын билбей ушундай кырдаалга тушугуп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргени менен, мигранттарга айрым гана шарттар жеңилдеди. Ошол эле учурда “жашаган үйдө катталуу” же “катталган үйдө жашоого тийиш” деген мыйзам Орусиянын ички мыйзамы. Биз ага кирише албайбыз. Ошондуктан, биздин мекендештердин жашаган үйгө катталбаганы Орусиянын ички мыйзамын бузууга жатат. Эгер мигрант жашаган үйүнө каттоого тура албаса, иштеген жерине катталышы керек болчу. Мындай маалыматтарды Орусияга иштегени келаткан ар бир кыргызстандык билиши керек.

Өткөн жылы 12-августта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп кирген. Кыргызстандын Москвага ыктаган бул интеграцияга кирүүсүн өзгөчө Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар күтүшкөн эле. Анткени биримдикке мүчө болгон соң, кыргызстандык мигранттардын Орусияда жашап-иштөө шарттары жеңилдейт деп айтылган. Натыйжада кыргызстандыктар үчүн Орусияда иштөө кыйла жеңилдеген.

Москвадагы “Мигранттарды колдоо борборунун” жетекчиси Чолпон Осмонованын айтуусунда, Москвада мигранттардын жашаган батирине каттоого туруусу оңой эмес. Ага көп убакта батирин ижарага берген ээлери макул болушпайт:

- Биринчиден, москвалыктар мигранттарды эмес, өздөрүнүн балдарын каттоого койбойт. Экинчиден, Москвада жашаган үйгө каттоого туруу оңой эмес. Анткени ай сайын төлөнүүчү коммуналдык кызмат акылары үч-төрт миңдин айланасында болот. Биздин мигранттар батирге ижара акысын төлөйбү же коммуналдык кызматтардын акысын төлөйбү?

Орус президенти Владимир Путиндин 5-майдагы буйругу менен Орусиянын федералдык миграция кызматы жоюлуунун үстүндө. Анын кызматын 1-июндан тарта ИИМ жана федералдык коопсуздук кызматы бөлүп, аткара баштайт. Айрым мигранттар кыргызстандыктардын кармалып, депортация болуп жатышын ушул маселеге да байланыштырууда.

Москвада бир нече жылдан бери иштеп келаткан кыргызстандык Азизбек Асабала полиция өзүнө тиешелүү тармагын тазалоого аракет кылып жаткан болуу керек деп боолголойт:

- Полицияга өтүп жатпайбы негизги кызматтары, ошондуктан алар өздөрүнө тиешелүү иштерди эртелеп эле баштап, отчетко иштеп жатабы деген ой кетет. Өткөн жумада болгон тажиктер менен чечендердин массалык мушташы да түрткү болуп аткансыйт. Биздин балдар жасалма документтер менен кармалып атышат. Айтор, негиз көп болуп жатат.

Өткөн айда бир нече ирет мигранттарга жасалма документ жасап саткан кыргызстандык жарандар кармалган болчу. Ошондой эле Москвадагы кыргызстандык мигранттардын жүрүм-турумуна да сын-пикирлер арбын айтылып келет.

“Мигранттарды колдоо борборунун” жетекчиси Чолпон Осмонова кыргызстандыктар жашаган үйлөрүндө да ичкилик ичип, чыр чыгарып, мушташууга чейин барган учурлар катталарын кошумчалады:

- Кээде биздин мигранттардан да кетет. Ичишет, мушташат, аялдарына кол көтөрөт, тынчтык бербейт. Улам бири чыгып, бири кирип жүргөнү да коңшуларына жакпай, алар полицияга билдирип коюшат.

Кыргызстандын миграция кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы 100 миңден ашуун кыргызстандык жаран “кара тизмеден” чыгарылган. Маалыматка караганда, 2015-жылы “кара тизмедегилердин” саны 180 миңден ашуун болсо, быйыл анда 60 миң гана кыргызстандык калган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG