Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Орусия мыйзам бузган мигранттар үчүн өз аймактарында сексенден ашык лагерь ачууну максат кылды. Алгач пайда болгон лагерге топтолгон мигранттардын төртөө кыргызстандык болуп чыкты жана алар депортациялануу алдында турушат.

Орусиянын мигранттарга карата катаал чараларынын себеп-жайын “Азаттык” “арай көз чарай” талкуулады.

Талкууга жаңы түзүлгөн качкындар лагериндеги адам укуктарынын абалы, мигранттардын укук-милдеттери, катаал чаралардын чоо-жайы, эмгек мигранттарын ишке жайгаштыруу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгындагы оош-кыйыштар боюнча маселелер коюлуп, ага Новосибирск облустук “Ала-Тоо - Новосибирск” кыргыз диаспорасынын жетекчиси, “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Замир Чекирбаев, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Асанбаев катышты.

“Азаттык”: Алды менен Москвада эмне болгонун билсек. Бул жаңы ачылган 900 кишиге ылайыкталган лагерге жүздөгөн киши киргизилген экен. Лагерге байланыштуу акыркы кабарды элчиликтин өкүлүнөн уксак. Кыргызстандыктардан канчасы кармалып, канчасы бошотулду?

Алмаз Асанбаев: Айтылгандай Москвада атайын лагерь ачылды. Ал - качкындарды кармаган сыяктуу чатырлар шаарчасы. Чек арадан чек арага мигранттар жылганда ачылган сыяктуу типте ачылган.

Кармалган жарандардын көбүнчөсү мыйзам бузуу менен жумушка кирип иштеп жаткандар болгон. Кармалган мигранттар көп болгон себептен ушундай чатырчалар шаарчасы ачылып отурат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Ал жерге башында биздин он бир жаран барган. Ачылган күнү биздин консулдук кызматкерлер ал адамдар менен жолугушкан. Иликтөө иштеринен кийин ал жерде төрт адам калды. Алардын экөө - эркек, экөө - аял. Калгандарынын документтери такталып, койо берилген. Кармалгандардын ким экендигин текшерүү иштери элчиликтин көзөмөлүндө уланууда.

Негизги маселе – алардын Орусияда жүрүү мөөнөтү узартылган эмес. Бул жерге келген кыргызстандыктар 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. 90 күн өткөндөн кийин эмгек патенти же иштегенге уруксат кагазы же убактылуу жашаганга уруксат алууга тийиш болот. Ошол мөөнөттү ашырып ийген себептен ушундай административдик чаралар каралып жатат.

Замир Чекирбаев: Менимче, Орусияда азыр жүрүп жаткан иш-чара болгону мыйзам талабын көзөмөлдөп жатат. Себеби көбүнчө биздин атуулдар барып иштегенде ошол Орусиянын мыйзам талаптарын аткарышпайт. Ошонун негизинде ушундай көрүнүштөр пайда болуп жатат.

Жалпы жонунан Орусияда мындай рейддер жылда эле болуп турат. Буга биз деле көнүп калдык. Жылына эки-үч жолу ушундай чоң рейддер болот. Бирок мен муну саясатка айлантпасак деп айтат элем. Себеп дегенде мыйзамдын сакталышына байланыштуу болуп атат. Мына алдыда Олимпиада турат. Олимпиаданы өткөрбөйбүз, жардыруу, башка иштерди кылабыз деген билдирүүлөр жасалган. Коркунучтар бар. Ошондуктан Орусия өз коопсуздугун сакташ үчүн легалдуу эмес миграцияны тактап атат окшойт деп ойлойм. Москвадагыдай көрүнүштөр биз жакта азырынча жок, буюрса. Бирок жаран мыйзам менен жүрсө ага эч бир коркунуч жок.

Светлана Ганушкина: “Бул аялдардын биринин уулу Москвада окуйт экен. Кийим тигет, бирок ага уруксаты жок. Анын баласы мында экенин эске алып, лагерге камабай эле депортациялабай эле эскертүү берип, айып салып коюшса болмок. Экинчисинин да паспорту жок. Камакка алуу убагында жоголуп кетиптир. Кайда экенин да билбейт экен”.

Турсунбек Акун: “Орусия мигранттарга карата саясатын татаалдаштырып жатат. Ага жараша тажик, өзбек, азербайжан сыяктуу улуттарга катаал мамиле жасап жатышат. Биздин кыргыздарга толеранттуу мамиле жасап келишкен. Бирок рейд болгондо биздин балдар да көптүн бири болуп ошолордун катарына туруп калды. Эми ошолорго күч колдонуп атат. Эки колун артка кайрып, буттары менен басып, кээ бирөөнү кыйнап жиберип атат. Кыргыз эле эмес башка тажик, өзбек сыяктуу улуттарга да мындай кылган туура эмес. Алар деле жыргаганынан барып жаткан жок. Тамак-аш, тыйын табалы деп барып атышат. Кулдарга жасагандай мамиле болбойт”.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG