Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Орусиянын Сочи шаарына - олимпиялык шаарчанын курулушуна кеткен кыргызстандык жарандардын бири мерт болуп, сөөгү мекенине жеткирилди.

Мигранттар тобун Сочиге Бишкекте өкмөттөн расмий уруксат алган «Чернобыль ардагерлери» аттуу фирма жиберген экен. Орус өкмөтү ондогон миллиарддык каражат салган бул курулушту тезирээк бүткөрүү үчүн арзан жумушчу күч талап кылынууда.

Ошол эле кезде олимпиада шаарын курууга кеткен кыргызстандык мигранттар арасында оор турмушка кабылгандар аз эмес.

Сочиге иштегени кеткен кыргыз жараны Исмаиловдун сөөгү март айынын акырында Кыргызстанга алынып келинди. Ал былтыр сентябрда Сочиге “Чернобыль ардагерлери” коомдук фонду аркылуу иштегени кеткен экен. Анын жакын тууганы Айгүл Исмаилова буларды айтты:
Иштейин десе документи жок. Документ жасаганга акча керек. Көчөдө калгандар да бар.


- Жол чыгымы, жумушка уруксат берүүчү кагазы деп, бул жактан акчасын төлөшкөн. Фирма болсо Сочиде жумуш менен камсыз кылмак. Бирок баргандан кийин балдарды таштап коюп, фирма болсо жоюлуп кеткен.

Ошондон тарта барган балдардын айрымдары Кыргызстанга келип, келе албагандары ал жакта ар кандай жумуштарда иштөөгө аргасыз болуп жүргөндүгүн кошумчалады Исмаилова.

“Чернобыль ардагерлеринин” ишмердүүлүгү

Кыргызстандыктарды Сочиге жумушка алып баруу менен алектенген “Чернобыль ардагерлери” коомдук фондуна Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги өткөн жылдын май айында уруксат кагазын берген. Аталган министрликтин кыргыз жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси Каныбек Жайнаков “Чернобыль ардагерлери” коомдук фондунун ишмердүүлүгү тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

-“Чернобыль ардагерлери” деген уюм Сочидеги “Спейс” деген уюм менен келишим түзгөн. Ал келишимдин негизинде биз аларга лицензия бергенбиз. Лицензия алгандан кийин эле үч айдын аралыгында Сочиге 304 адам жөнөтүшкөн.

Жайнаков Сочиге кеткен кыргыз жарандарынан даттануулар болгондон кийин атайын министрликтин тапшырмасы менен Сочиге барып, абалдын чоо-жайы менен таанышкан.

Анын айтымында, “Чернобыль ардагерлери” фонду бул жактан жумушчуларды адистигине карабастан, тегиз эле ала беришкен. Натыйжада Сочидеги “Спейс” фирмасы “жумушчулар адис эмес, баары эле кара жумушчу экен” деп, кыргыз жарандарына терс мамиле жасаган. Анткени жумушчулар адис болбогон соң коюлган планды аткара алышкан эмес.

“Бирок бул маселенин бир гана жагы” дейт Жайнаков. Анын белгилешинче, жумушчулар кетип жатканда ишке уруксат кагазын алуу үчүн жана жол кире үчүн бул жактан 12 миң рублдан берип, ал “Спейс” фирмасына которулмак. Кетип жаткан жумушчулар жол киресин таап, бирок жумушка уруксат кагазына акча табышпай, жыйынтыгында ар бир жумушчу үчүн зарыл болгон 12 миң рубль толук жөнөтүлгөн эмес.

- Балдардын жарымы уруксат албай калышат. Ошентип “Черноблыь ардагерлери” коомдук фонду “Спейс” фирмасына карыз болуп калышат. Экинчи жолу чогултулган балдардын акчасын биринчи кеткендерге которушат, үчүнчү жолу чогулган балдардын акчасын экинчиге жабышып, тебетейин бири-бирине кийгизет.

Атайын иликтөөдөн кийин министрлик “Чернобыль ардагерлери” коомдук фондунун лицензиясын жокко чыгарышып, чогултулган материалдарды тартип коргоо органдарына өткөрүп берген.

“Чернобыль ардагерлери” коомдук фондунун төрагасы Андрей Неклюдов менен байланышып, жагдайдын чоо-жайын өзүнөн суроо аракетибизден толук майнап чыкпады:

- Иштеген балдар иштеп жатышат. "Шабашкага" иштейбиз деген балдар бизге иштебейбиз деп кетип калышты. Болду.

- Келишим боюнча...

-Келишимди биз толугу менен аткардык. Миграция министрлигине кайрылгыла, айтып берет.


“Балдардын алды түрмөгө кесилип жатат”

Ошол эле кезде бүгүн күндө “Чернобыль ардагерлери” аркылуу барган жүздөгөн кыргызстандыктар Сочиде ар кандай жумуштарда иштеп, өлбөстүн күнүн өткөрүүдө. Арасында аргасыз кылмыш иштерине барган жана көчөдө калгандар да бар экен. Бул тууралуу Рыспек аттуу кыргыз жигити Сочиден телефон аркылуу “Азаттыкка” буларды айтып берди.

- Бул жакка фирма менен келгенбиз. Фирма алып келип, бирок баарын таштап салды. Анын айынан балдардын алды түрмөгө кесилип кетип жатат. Муунуп өлгөн да болду, аны кетирдик. Ушул муунуп өлгөнгө чейин барып жатышат. Муунуп өлгөнбү, өзү өлгөнбү белгисиз. Абал аябай кыйын. Азыр мына бул жерде кыргыз балдар отурабыз. Кээ бир балдарда азыр ичкенине тамак жок, кеткенине акча жок. Так санын билбейм, болжолу 300-400 кыргыз бар.

- Булар такыр эле жумушу жок кыргыздарбы?

- Такыр эч нерсеси жок. Иштейин десе документи жок. Документ жасаганга акча керек. Эч кандай мүмкүнчүлүк жок бул жерде. Билбейм кандай болот. Көчөдө калгандар да бар. Жергиликтүү жашоочулар “кыргыздар”, “кыргыздар” деп айтышууда. Ошону ойлоп отуруп жүрөгүң ооруйт.

- Азыр деле кетип жаткандар бар да бул жакта. Аларга эмне кеңеш айтар элеңиз?

- Бул жакка келерде ишенимдүү адамдар, же болбосо фирмалар менен келип иштесе болот. Өз алдынча келгенде, чынын айтыш керек бул жакта кыйналып калышат. Бул жакта документ жасатыш үчүн көп акча керек. Мамлекеттен жана өкмөттөн суранат элек: мигранттардын көйгөйлөрүн чечип берсе, же болбосо Кыргызстанда жумуш ордун түзүп берсе деп. Ошондо биз бул жакта талаалап жүрмөк эмеспиз. Алты-жети айдан бери балдарыбызды көрбөй, сагынып жатабыз.

Байкоочулардын оюнча, адам аткезчилиги жана мигранттарды топ-тобу менен алдоо фактылары акыркы кездери арбын кездешип жатат. Көпчүлүк учурларда алдагандар да, алданып калгандар да кыргызстандыктар өздөрү болууда. Бул жаатта күрөш жүргүзүүдө мамлекеттик органдар чабалдык кылып жатканы боюнча да сын-пикирлер көп.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG