Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Москвада кыргызстандык бир жаран ур-тепкиден мерт болду


Москвада футбол күйөрмандарынын 11-декабрдагы митинги массалык башаламандыкка айланып кетип, ошондон кийин улутчулдук маанай күчөгөнү айтылууда.
Москвада футбол күйөрмандарынын 11-декабрдагы митинги массалык башаламандыкка айланып кетип, ошондон кийин улутчулдук маанай күчөгөнү айтылууда.

Маалыматтарга караганда, быйыл Орусиядан элүүдөй кыргызстандыктын сөөгү алынып келинсе, алардын ону улутчулдардын колунан ажал тапкан.

Москва шаарында 12-декабрда кыргызстандык жаран улутчул топтун колунан курман болгону кыргызстандык мигранттарды катуу кабатыр кылды. Орусияда улутчул жаштардын жүрүштөрүнө байланыштуу ал жакта эмгектенген кыргызстандык мигранттар жеке коопсуздугун күчөтүүдө.

Ишти Москва милиция башчысы өзү көзөмөлгө алды, жыйынтык чыгабы?

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдысияевдин айтымында, Москванын Нагатино районунда 13-декабрга караган түнү киши колдуу болгон 37 жаштагы Алишер Шамшиев Ноокат районун Бел-Өрүк айылынын тургуну экени аныкталды. Ал эки жылдан бери Москвада иштечү экен.

Ага он бештей жаш адам кол салып, оболу катуу сабаган соң бычак менен сайышкан. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, аны Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Колокольцев өзү көзөмөлгө алганы кабарланууда.
Москвадагы башаламандык, 2010-жылдын 11-декабры.

- Орусиянын Кылмыш кодексинин 105-беренесине ылайык киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, Нагатино райондук прокуратурасында тергелип жатат. Алишер Шамшиевдин сөөгү Москва шаардык 10-соттук экспертизалык-медициналык өлүкканада жатат. Бүгүн-эртең жыйынтыгы чыккан соң, уруксат кагазын алып Кыргызстанга жөнөтүүгө элчилик кам көрүп жатат.

“Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, бул кол салуунун алдында окуя болгон жерден алыс эмес жайгашкан метро станциясында “Орусия орустар үчүн” деп кыйкырган жаштардын тобу байкалган. 12-декабрда дагы Москванын айрым райондорунда өңү славян эместерге кол салууга аракеттенген, улутчул мүнөздөгү ураан-чакырыктарды кыйкырган агрессивдүү жаштардын топтору пайда болгондугу жөнүндө маалыматтар түшкөн.

Улутчулдар арасында мындай маанай футболчулардын фанаттарынын бирөөсүн өлтүрүп кеткенден кийин жаралганы айтылууда. Аны өлтүрдү делип кавказ улутундагы бир адам шектелип жаткан экен.

Такыр баштар баш көтөрдүбү?

Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси, көп жылдан бери ошол жакта жашаган Жамила Бегиева Москва шаарында абал кооптуу болуп калганын “Азаттыкка” мындайча билдирди:
Жамила Бегиева

- Эми ошол күнөөлүү адамды тапмайынча ушундай митинг өткөрүп, ошону талап кылабыз деп чуркап атышат го. Ким алардын көзүнө туура келсе ушунадй кол салуулар болуп атат, акыркы жумада. Бул жакта иштегендер эмес, эки-үч күндөн бери биз деле көчөгө чыккандан коркуп атабыз. Иши кылып орус эмес болгондорго кол салуулар башталды деп жатышат. Ошондуктан биз тааныштарга да зарыл иштер болбосо сыртка чыкпай эле койгула деп айтып атабыз. Анктен менен иштешет да, чыкканга туура келет.

Москвада алты жылдан бери иштеп жүргөн Чолпонбай Кадыров мындай коркунучтар мурдатан эле болуп келгенин белгилеп, бирок этияттап жүрсө болот дейт.

- Бардыгы өз иштерине барып иштеп эле келатышат. Эми тополоңдор болуп атат, бирок ашыкча дүрбөлөң чыгарбаш керек. Кокусунан ушундай тополоңдорго туш келип калышы мүмкүн, этияттап жүрсө болот.

Орусияда эмгектенген айрым мигранттардын айтымында, соңку айларда улутчул маанайдагы чакырыктар күчөп, "такыр баштар" баш көтөргөнү көбүрөөк байкалууда. Муну өз сөзүндө элчиликтин юристи Алмаз Абдисияев да тастыктады.

- Бир тараптуу кылып айтыш эрте. Мурунку жылдарга салыштырмалуу ар кайсы региондо топтолушуп, ушундай болуп жаткандар байкалууда. Быйыл кичине күч алып, баш көтөрүп жаткандары бар. Ушуга байланыштуу өзүбүздүн жарандарды коргоо максатында көптөгөн иш аракеттерди көрүп, Орусиянын Тышкы, Ички иштер министрлигине, Прокуратурасына кат жөнөткөнбүз.

Маалыматтарга караганда, быйыл Орусиядан элүүдөй кыргызстандыктын сөөгү алынып келинсе, алардын ону улутчулдардын колунан мерт болгон. Кыргызстандын эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги жана тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандардын киши колдуу болушу боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 300 миңдей кыргызстандык иштеп жүрсө, расмий эмес түрдө бул сан миллионго чукулдап барат.

XS
SM
MD
LG