Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

“Кара тизме” кайгысы артта калдыбы?


Орус полициясынын мигранттарды текшерүү учуру, 11-ноябрь, 2013-жыл
Орус полициясынын мигранттарды текшерүү учуру, 11-ноябрь, 2013-жыл

Орусиянын Мамлекеттик Думасы КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына жылына эки гана жолу 90 күндүк мөөнөт менен жүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорду сунуштады.

Мындай жобо Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттарга бир катар тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, декабрдан тарта кыргызстандыктар бул өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксаты бар-жогун онлайн текшерүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ага ылайык, Орусиянын аймагында мыйзам бузду делген КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандар тизмеси Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынан fms.gov.ru деген аталыштагы расмий сайтына жайгаштырылды.

Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 31 миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеге” кирген:

- Ушул жылдын январынан октябрь айына чейин 31 694 кыргызстандык “кара тизмеге” кирген экен. Муну менен катар 44 жаранды депортация кылуу жана 2 545 жаранды өлкөдөн административдик жол менен чыгаруу чечими кабыл алынган. Мындай маалыматты эми биздин жарандар өлкөдөн чыкпай туруп эле интернеттен текшерип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок, бир топ кыйынчылык жаралып жатты эле.

Буга чейин кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган жарандар боюнча тизмени “Манас” аба майданындагы “Добрососедство” коомдук фонду ачкан борбордон гана алып келген. Бирок аталган борбордун тизмеси да туура эмес чыгып, андан тактап Орусияга кеткен жарандар киргизилбей кайра кайткан учурлар болгон. “Эйр Кыргызстан” авиа компаниясынын президенти Жолдошбек Бектургановдун билдиришинче, учурда Орусияга барып кайра кайткандардын аягы сээлдей элек:

- Дагы деле ошондой учур катталып жатат. Бул жактан “аэропорттогу тизмеде жок экенмин” деп кетишет, бирок Орусияга барганда эле чек арадан кире албай жатышат. Ар бир рейстен 2-3төн кайра кайтып келип жатышат.

Эми “кара тизме” он-лайн жарыялаган соң мигранттар үчүн мындай убаракерчилик азаят деп расмий органдар ишендирүүдө. Маселен, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун билдиришинче, мигранттардын абалын жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

- Учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат. Айрым бир маселелер боюнча талаштар да болуп жатат. Учурда өкмөттүк комиссия түзүлүп, бул багыттагы иштерди кайрадан карап чыкканы жатабыз. Анын жыйынтыгы менен Орусиянын тиешелүү органдары менен кара тизме баштаган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз.

Ал ортодо Орусиянын Мамлекеттик Думасы КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына жылына эки гана жолу 90 күндүк мөөнөттө жүрүүгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорду сунуштады. Мындай жол менен орус бийликтери мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды көзөмөлгө алууну көздөөдө.

Орусиядагы мигранттарга көмөктөшүү фондунун жетекчиси Закир Сариевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса, мигранттарга бир катар тоскоолдуктар жаралат:

- Биздин көпчүлүк мигранттар мыйзамсыз иштеп каттоодон өтүшпөйт, патент алышпайт. Анын Орусиянын аймагына барган соң ар бир 90 күн сайын коңшулаш өлкөлөрдүн чек арасынан өтүп, кайра кирип коюп иштеп жүрүшөт. Орус бийлиги ушуларды көзөмөлгө алуу үчүн ушундай мыйзам долбоорду киргизип жатат. Бул мигранттарга таасирин тийгизет.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева бул мыйзам долбоор Орусиянын миграциялык саясатын катаалдантуусунун бир бөлүгү экенин билдирип, бирок мунун ишке ашуусу азырынча күмөн экенин айтууда:

- Орусия жаздан бери 30дан ашык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, бир катар нормаларды катаалдантып жатат. Бул мыйзам деле ошолордун бири. Азырынча анын ишке кирет деп айтуу кыйын. Ошентсе да, Орусия миграциялык саясатты катаалдантуу аркылуу мыйзамсыз киргендердин санын азайтууну көздөп жатат.

Орусиянын миграция кызматынын маалыматына таянсак, бул өлкөдө 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран бар. Алардын 127 миңге жакыны гана жумушка уруксат кагазын алган. Жумушка жарамдуулардын 180 миңин эркектер түзсө, кыз-келиндер 100 миң чамалуу. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча мигранттардын саны мындан алда канча көп экени айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG