Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Рахмон эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын жаңы “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү-улут көсөмү тууралуу” мыйзамына ылайык президент Эмомали Рахмон көз карандысыз Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланды.

Бул мыйзамга ылайык улут көсөмүнүн атайын фонду ачылып, анын атындагы орден жана сыйлык негизделет.

Парламенттин төмөнкү палатасынын төрт депутаты тарабынан иштелип чыккан бул мыйзам 19 беренеден турат жана өткөн жылдын декабрь айында кабыл алынган “Улут көсөмү тууралуу” мыйзамды жокко чыгарат.

Жаңы мыйзам 26-октябрда кабыл алынды.

64 жаштагы Эмомали Рахмон өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG