Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Казакстандык журналист Жанболат Мамай камактан чыгарылган жок


Жанболат Мамай.
Жанболат Мамай.

Алматы соту «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу, журналист Жанболат Мамайды камакта калтыруу тууралуу биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мамайдын кесиптеши Инга Иманбайдын билдиришинче, адвокат тарабынан берилген апелляциялык арызда соттун мурдагы чечимин жокко чыгарып, айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү менен аны күрөөгө бошотуу өтүнүчү жазылган.

Сот отуруму жабык режимде өттү. Чечим тууралуу Жанболат Мамайдын жактоочусу Жанара Балгабаева билдирди. Сотко журналисттин өзү катышкан жок. Мурдараак активисттер сотто аны колдоп акция өткөрүшкөн.

Мамай 10-февралда кармалып, эртеси райондук сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөө ал мыйзамдуу каржы операцияларын жүргүзүү шылтоосу менен БТА банкта уурдалган акчалардын изин жашыргандыгын билдирген. Өз кезегинде Мамай тагылган айыптарды четке кагып, бийликтин бул аракетин гезиттин чыгуусуна тоскоолдук жаратуу катары сыпаттаган.

Буга чейин Мамайды бошотуу чакырыгы менен бийликке бир канча эл аралык укук коргоо уюму кайрылган. Андан сырткары казакстандык жарандык активисттер тарабынан журналистти коргоо комитети түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG