Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Токсонунчу жылдары Орусияга иш издеп кеткендердин далайы бүгүн бутуна туруп, элди багып, дүйнө таанып, кыргыздардын жаңы толкунун пайда кылды. Алардын арасында Энесай боюндагы кыргыздар да бар.

Буга биз Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган журналисттик сапарда күбө болдук.

Жумушсуздуктун айынын Орусияга агылып кеткен кыргыздардын далайы азыр Енисейди бойлой отурукташып, жергиликтүүлөрдүн эсебине кирип калышыптыр. Маселен, Сибирдин түштүк аймагындагы Хакасияда жарандыгы бар жана туруктуу жашоого уруксат алган кыргызстандыктардын саны төрт жарым миңден ашат. Бул федералдык республикада жарандык миңден ашык кишиге 2010-жылы берилген. Мындай кадамды жергиликтүү бийлик улут аралык касташууну курчуткан июнь окуясына байланыштырат экен. Муну Хакасия өкмөт башчысы Виктор Зиминдин “Биздин бул жердеги тамырыбыз бир. Ошондуктан, боордош бир туугандарыбызды колдошубуз керек” деген сөзү тастыктап турат.

"Акча деп "Манасты" унутуп баратабыз"

Орусиянын борбордук аймактарынан айырмаланып, бул жерде келгиндерге өгөй мамиле анча сезилбейт. Билимдүү, тетик, иштеп бере турган адистерге дегеле жок дебей турганын расмий өкүлдөрдүн кебинен байкаса болот.

Маселен, Ишке жайгаштыруу комитетинин жетекчи орун басары Ольга Дронованын айтымына караганда, Кыргызстандан догдурлардын көп келип жаткандыгы биякка аябай эле жагат:

- Врачтардын катары акыркы беш жылдан бери көбөйүп жатат. Калыбы биз да аларды баалап, аларга да биздеги шарт мамиле жагып атат окшойт.

Дарыгер Эсен Базарбаев

Дарыгер Эсен Базарбаев

Хакасия аймагында эле азыр кыргызстандык кырк эки дарыгер иштеп жатат. Алардын бири - Эсен Базарбаев. Анын айтымында, Сибирь аймагына Кыргызстандан жогорку билимдүү врачтар, атайын билими бар медициналык кызматкерлер көп келип жатышат, аларды бул жакка өз кесиби боюнча иштегенге түзүлгөн шарт, чоң айлык тартып атат.

Догдурлардан айырмаланып, башка кесиптерге окуган жогорку билимдүү журтташтардын көпчүлүгү базарларда, соода тармактарында иштешет. Арасында акылын, мүмкүнчүлүгүн өз мекенине жумшай албай жатканына кабатыр болгондор да көп. “Шарт болсо, иш болсо өз жерге жетеби? “Акча! Акча!” деп жашап, “Манасты”, “Семетейди” улутубузду унутуп баратабыз. Балдарыбыз кыргызчаны билбей эле калышты...” Абакан базарындагы жолугушууда журтташтардын бир тобу ушинтип агынан жарылышты.

Абакандын мектептеринде азыр 134 кыргыз бала окуйт, жогорку окуу жайларда окуп калгандары да бар.

Кыргыз сөөгүн таштабайбы?

Мигранттардын агымы артканы Орусия бийликтери диний радикалдашууга каршы көзөмөлдү күчөтүп жатышыптыр. Мындай көзөмөлдөн кыргызстандыктар да куру эмес. Красноярск крайынын бийликтеринин айткандарына караганда, былтыр Красноярк, Кызыл шаарларында "Таблиги жамааты" уюмуна мүчө кыргызстандык топтордун мыйзамсыз аракеттери менен кармалышы буга себеп болгон сыяктуу.

Эрлан: "Тарбияны дин гана бере алат"

Эрлан: "Тарбияны дин гана бере алат"

Анткен менен Абакан базарларындагы кыргыздардын арасында беш убак намаз окуп, исламдын шарттары менен жашаган мусулман үй-бүлө аз эмес. Алар өздөрүнүн мечити, имамы, молдосу болушун каалашат. Ушундан улам мусулман динин туткан улуттардын диаспоралары жергиликтүү бийликке байма-бай кайрылып, өзүбүз куруп алабыз деген убада менен мечит үчүн жер бөлдүрүп алышканын, курулушка 300 миллион рубль топтоп коюшанын айтышты.

“Кээде жамандыктарда куран түшүргөнгө молдо табылбай калат” дейт бир топ жылдан бери Абаканда соода кылып жүргөн Эрлан. Ал Кыргызстанда жол курулуш техникумунда окуп жүрүп, таштап койгон. Бүгүн ал беш убак намаз окуйт, исламдын шарттарына ылайык жашоону парзым деп санайт, мектеп, окуу жайлар билим берет, бирок тарбия бербейт, тарбия-таалимди дин аркылуу бериш керек дегендердин бири. Үй-бүлөсүндө бул эреже толук сакталат.

Хакасиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азиз Чекиров

Хакасиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азиз Чекиров

Абакандагы журтташтарда адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки каада-расмилер дээрлик мусулманчылыктын эрежелерине ылайык жасалат. “Жамандык-жакшылык аралаш эле болуп турат, бир айда үчтөн сөөктү Кыргызстанга кетирип же бул жерге жашырган учурларыбыз да болот” дейт Хакасиядагы кыргыз диаспораларынын башчысы Азиз Чекиров. Анын тастыктаганына караганда, Абакандагы мусулмандар көрүстөнүндө бүгүн отуз беш кыргызстандыктын сөөгү жатат. Алардын арасында жакындары табылбай калып, аргасыздан жашырылгандар, туугандарынын каалоосуна ылайык көмүлгөндөр бар.

Бул көрүстөнгө кыргыздарды коюуга уруксат берилгенине он жыл болду. “Ага чейин көзү өткөндөрдү Черногорскиге (мусулмандар көрүстөнүнө) алып барып койчубуз. Азыр ал жакта жети кишинин сөөгү жатат” деди Чекиров. Ошентип, жашоомду оңдоп алып кайра кетем деп ат арытып келгендерден минтип Энесай топурагын жамынып, түбөлүк калгандары да болуп жатыптыр...

Аралаш бүлөлөр

Азыр хакасиялык жаңы кыргыздар арасында жергиликтүүлөрдөн кыз алып, кыз берүү деле өөн учурабайт. “Андайлар көп. Хакас эле эмес, орус, немис улуттарындагылар менен өтмө катар куда-сөөк болуп кеткендер да бар” дешти жердештерибиз. Мунун чындыгын биз жолуккан хакас кызы Мария да тастыктады.

Алайдын хакас келини Мария кайынсиңдиси менен

Алайдын хакас келини Мария кайынсиңдиси менен

Мариянын алайлык жигит Мирланга турмушка чыкканына он үч жыл болуптур. Бир кызы бар. “Бардык кыйынчылыктар артта калды, биз үй-бүлөбүздү бекемдеп алдык” деди Мария. Көрсө, үйлөнүп алып, салттагы, диндеги, тилдеги айырмачылыктан улам бала-чакалуу болгон кезде ажырашып кеткендер да аралаш үй-бүлөлөрдө аз эмес экен.

Кайра жаралгысы келген хакастар

Хакастар өздөрүн орус улутуна сиңип бараткан майда улуттардын катарына кошот.

- Бүлөлөрдүн бардыгы ассимиляцияланып баратат. Менин күйөөм, мисалы, цыган. Ушундайлардан улам улут, тил жоголуп баратат. Аянычтуу.

Өзүн шамандын тукумунанмын деген Светлана Курдюкова ушундай өкүнүчүн айтты. Ал өзү хакас тилин сактап калганы менен, күйөөсү билбейт, балдары чала сүйлөшөт. Хакас тилинде сүйлөгөн үй-бүлө аз, чөйрө да тар. Хакастар калктын он эки пайызын гана түзөт.

"Кыргызчаны чоң апабыз үйрөттү"

"Кыргызчаны чоң апабыз үйрөттү"

Түпкү улут экенине карабай, аны өнүктүрүү саясаты жок, аны сүрөй турган хакас тилдүү мамлекеттик, адабий, маданий ишмерлер да жокко эсе деп кейиди белгилүү түрк таануучу Виктор Бутанаев:

- Республикада 72 мектеп бар, бирок хакас тили 5-класска чейин эле окутулат, андан кийин факультативдик кошумча сабак катары гана окутулуп калат. Анан кайдагы акын-жазуучулар чыгат?

Хакасияны байырлап калган жаңы кыргыздардын баамында акыркы жылдары хакастарда улуттук сезим ойгонуп, тилин, маданиятын жандандыруу, улуттук баалуулуктарды сактап калуу дымагы арта баштады. Хакастарды бул жагынан кыргыздар шыктантып жатат деп ишендиришти жергиликтүү диаспора өкүлдөрү.

Кызылжардык кыргыздар

Бул крайда иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 45 миңден ашып калды. Алардын он бир миңдейи - Орусия жарандыгын алгандар. Диаспорасы бар. Ал эми жарандыгы жок, убактылуу келип иштеп жүргөндөрдүн баарынын санаасы окшош – федералдык миграция кызматынын тузагына түшпөө. Адатта өлкөдө жүрүү мөөнөтүн өткөрүп ийгенине карабай, тобокелге салып иштеп жүргөндөр, жасалма документ жасагандар тузакка көп түшүшөт.

Базарда элчи Болот Жунусов менен арай көз чарай сүйлөшүү

Базарда элчи Болот Жунусов менен арай көз чарай сүйлөшүү

Расмий Красноярск кыргызстандык мигранттар тарабынан жасалган оор кылмыштар жалпы статистикага таасир этпейт деп эсептейт. Жергиликтүү диаспора башчысы башчысы Назгүл Батаеванын билдиргенине караганда, зордуктоо, маңзат ташуу кыргыздар тарабынан бул жакта жасалган мүнөздүү оор кылмыштарга кирет. Киши өлтүрүү, тобу менен каракчылык кылуу фактылары да жолугат.

Маселен, акыркы кездери кыргыздын жаш жигиттери тувалык кыздардын тилине кирип, алардын нашаасын ташып берем деп кармалып калышууда дейт Батаева. Маңзат ташыгандардын арасында аялдар да бар. Былтыр жалпы Орусия боюнча оор кылмыш жасады деп кармалган сексенге жакын аялдын жарымы маңзат ташыгандыгы аныкталган.

Бала деле, жүз миң рубль деле таптык...

Кыял менен Кушбак Энесайга балалуу болсок деген тилек менен келишкен. “Ата-бабанын ырымын жасап, кырк суу кечип келатабыз. Балалуу болсок, жүз миң рубль таап алсак эле кайра кетебиз деп убадалашканбыз. Бир эмес, үч балалуу болдук. Жүз миңден канчаны таптык. Дагы эле кете албай жүрөбүз” дейт Кыял. Бул үй-бүлөнүн жети жыл балалуу болбой жүрүп, Энесайга келгенде төрөлгөн кызы Айбелең тогузга чыкты. Андан кийин эки уулдуу, үй-жайлуу болушту, жарандык алышты. Далай тууганын алып келип иштетип, бутунан тургузушту.

Кыял Енисейден тилеп тапкан Айбелең кызы менен

Кыял Енисейден тилеп тапкан Айбелең кызы менен

Бирок дагы эле кете албай жүрөбүз дейт Кыял: “Качан кетерибизди эми айта да албай калдык. Ушундай шарт, ушундай иш болсо азыр деле кете берет элек. Орустардын басмырлаган өйдө-ылдый сөздөрүн укканда эле кеткибиз келе баштайт. Ар бир жолу кеткибиз келгенде "акчабыз түгөнгөндө кантебиз?" дейбиз да, "кой, балдарды ырыскысынан ажыратпай, иштей туралы" деп, калып калабыз”.

Токсонунчу жылдардын башында Красноярскка келген кыргыздардын алды очор-бачар болуп, балдары окуп, иштеп, үй-бүлө күтүп, коомдук иштерге кадимкидей аралашып калышыптыр. Бирок алардын арасынан “Буюрса Кыргызстанга кетебиз” деген сөздү айтпаган кыргызды жолуктуруш кыйын...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG