Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Куудул Тынар Курбаналиев КТРКга нааразы


Куудул Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев (оңдо).
Куудул Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев (оңдо).

Куудул Тынар Курбаналиев концертинин рекламасын эфирге бербей койду деп КТРКга нааразы болууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна айткан куудул, 30 секундалык жарнамасын эфирге берүүгө уруксат алалбай койгонун билдирди:

- Алгач макул болушкан, бир аздан кийин эле эфир жок деп айтышты.

Тынар Курбаналиев муну саясий сатиралары үчүн бут тосуу катары сыпаттоодо.

КТРКнын Реклама бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамытов болсо, жарнаманын кетпегенинин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Анткени, бул айда КТРКнын эфиринде реклама үчүн убакыт аз. Бир күндө эки-үч мүнөт эле берилет. Убакыт тартыштыгына байланыштуу ала албадык. Январь, февраль, июнь, июль, август айларында эфирде жарнама убактысы азаят.

Саясий юморлору менен белгилүү Тынар Курбаналиев 27-28-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда концерт коёт. (SE)

XS
SM
MD
LG