Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Эмне үчүн чет жерде бири-бирибизди кордойбуз?


Москвада 25 жаштагы кызды барымтага алып, жакындарынан 300 миң рубль талап кылган топ кармалды. Бул чет жерде иштеген кыргызстандыктар бири-бирин алдайт, коркутат, тонойт, уруп-сабап, запкы көрсөтөт деп буга чейин айтылып келе жаткан сөздөрдү тастыктаган окуялардын бирөө гана. Эмне үчүн чет жерде жүргөндө кыргызстандыктар бири-бирин кордойт?

Чет жерде өз мекендештери тарабынан түзүлгөн кылмыш топторунан, же алардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жапа чеккен кыргызстандыктар дагы кайсы өлкөлөрдө бар? Орусиядасызбы, Европа же дагы башка өлкөдөсүзбү, эгер ушундай коркутуп-үркүтүүлөргө, зордук-зомбулукка кабылган болсоңуз, же андай фактыларды билсеңиз, бул форумга жазыңыз, үн катыңыз. Ар бир факты, окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзгөнгө, укук коргоо органдарынан жана башка жоопкер адамдардан жооп алып берүүгө аракет кылабыз.

Бул мыйзамсыздыкка бүгүн бөгөт коюлбаса, ага эртең ар бирибиз кабылышыбыз мүмкүн. Үн кошуңуз, мекендеш!

XS
SM
MD
LG