Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов эки өлкө кызматташтыгы, кыргыз мигранттарынын абалы тууралуу кеп салды.

“Азаттык”: Мигарция – Кыргызстан - Орусия кызматташтыгындагы талылуу маселелердин бири. Бүгүн кандай саясат жүрүп атат?

Жунусов: Мурда орус коомчулугунда кайдагы бир кишилер, кылмышка аралашкандар келип алышты, ишибизди талашып атышат деген маанай бар эле. Кыйын болчу. Жолдон полициясы кармап, документтерин текшерип дегендей. Андай азыр деле бар. Бирок азыр жергиликтүүлөр менен көнүшүп калдык көрүнөт. Кыргыздардын саны да өстү. Аттуу-баштуу коомдор түзүлүп, Москва болобу, Хабаровск болобу, бийликтер менен тил табышып. чогуу иштешип, таанымга жетип калды.





Чечиле элек эң чоң маселе – иштегенге уруксат алуу. Бул маселени азырынча чече албай атабыз. Орусия өзүбүздүн элибиз жумуш таба албай атат, ошондуктан башка өлкөнүн жарандарына квота менен гана иштегенге мүмкүнчүлүк беребиз деп атат. Квота жылына болгону 1 миллион 700 миңдин тегерегинде. Анын ичинде Москвага 140 миңдей берилет.

“Азаттык”: Кандай кызматтар сунушталат ошондо?

Жунусов: Тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш жана коммуналдык чарба кызматтары. Мыкты адистерди юридикалык компаниялар, ар кандай банктар алышат экен. Эми бул жерде уруксатты билгизбей сатат экен деген сөздөрдү да угуп жатабыз.
Азыр бизде бир идея бар: Бажы биримдигине кирген Казакстан, Орусия, Беларус ичинде “Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөсүнүн абалы” деген келишим бар. Ага ылайык мигрант эч кандай тоскоолдуксуз каалаган жеринде жашап-иштей алат экен. Биз ошол статусту бергиле десек, Бажы биримдигине байланышкан маселелерди бүтүргүлө деп алар өз шарттарын коюп атышат. Акыркы жолу эки тышкы иштер министринин жолугушуусунда эки тараптуу чече берели деген сунушубузду Орусия тарап колдоп, макул, ошол долбооруңарды бергиле, биз иликтөөгө киришели деди. Визит (Путиндин Кыргызстанга визити –ред.) алкагында кошумча макулдашуулардын бири ушул болду. Мында элчиликтин өз кызыкчылыгы бар, албетте. Элчилик иштебей атат деп кээде нааразылыктар айтылат...

“Азаттык”: Бул суроону мен да берейин деп атам. Эмне үчүн элчиликке нааразылыктар айтылып атат? Сиздер иштеп атабыз дейсиңер, мигранттар иштеген жок дешет. Маселе эмнеде?

Жунусов: Анда мен сизге суроо берейин: кайсы жагын элчилик карабай, жаман иштеп атат?

“Азаттык”: Мисалы, адам укуктары боюнча. “Жүк-200” деп аталган өлгөн кишинин сөөгүн жөнөтүү боюнча же диаспоралар менен элчилик мыйзам чегинде иштешпейт, мамилелерге жараша иштешет деген сыяктуу дооматтар бар...

Жунусов: “Жүк-200” боюнча. Социалдык өнүктүрүү министрлигинде атайын комиссия бар. Ошол төлөп берет. Өкмөттүн адамдары ушул жүктөн да тыйын-тыпыр чогултуп алат деп, мен да келгенде уккам. Менин оюмча, бул кудай ура турган жорук. Азыр карап атабыз, андай жок. Консул кызматын дээрлик толук алмаштырдык, колго түшсөңөр таарынбагыла деп аларга айтып атам.


Элчилик социалдык мекемеге айланып баратат


“Азаттык”: Күтүүсүз жагдайларга каражат бөлүнөбү?

Жунусов: Жок, бөлүнбөйт. Бирок биз мындай иштерге күндө кабылабыз. Кырсыкка кабылган, селсаяк болгон, төрөт үйүнө аялын жаткырып коюп, өзү качып кеткен окуялар көп. Элчилик социалдык мекемеге айланып баратат. Конок үйгө жаткырабыз, дипломаттар акча чогултушат, диаспоралардан суранабыз.

Укук коргоо жаатында өзгөртүүлөр бар. Мурда бир юрист болчу. Оптималдаштыруунун эсебинен азыр төртөө иштеп атат, иш жеңилдеп калды. Адвокатура жагынан кыйынчылык бар. Азыр 1200дөй кыргызстандык түрмөдө отурушат. Москвада бир кылмыш ишин кароо акысынын эң арзаны - миң доллар. Элчиликте да, элде да андай акча жок.

“Азаттык”: 1200 киши түрмөлөрдө отурат деп атасыз. Эң эле мүнөздүү кылмыштар кайсылар?

Жунусов: Жасалма документтер боюнча айыпталып, депортация болот. Бирөөнүн документи менен жасалма каттоону, ишке уруксат кагазды көчөдөн сатып алышат. Ал кылмыш ишке жатат. Андан тышкары тоноо, ичип алып мушташмай. Кыргыздар эркегиби-аялыбы, бири-бирин аябай, катаал жүрүп калыптыр.

“Азаттык”: Уюшкан кылмыштуу топтор Орусияга агып кетти деген сөз көп жүрөт Кыргызстанда. “Патриоттор” деген кыймыл чыкты. Бул албетте, эки ички иштер министрликтеринин иши. Ошентсе да элчилик – башкы өкүлчүлүк да. Буларды алдын алуучу, же фактыларды иликтөөчү кандай чаралар жүрөт.

Жунусов: Бул Кыргызстанда эки жылдан бери күрөш башталганын кабарлайт. Бул жерде кылмыштуу топтор бутка турган жарандарга салык салган, машинесин тартып алган, токойго алып барып алып, өздөрү шашлык бышырып, тигини койдой байлап, фашизм сыяктуу тепкилегендерди угуп атабыз. Он миң доллар алып келесиң деп, көгала кылган балдарды иш бөлмөгө алып келишкен. Арыз жазгыла десек бир айылданбыз, кошуна райондонбуз дешет, коркушат. Биз маалымат топтоп, тиешелүү органдарга берип атабыз. Бир ай болуп калды, ИИМдин өкүлү келип, кеңсесин ачып, иштей баштады.

“Патриоттор” жөнүндө. Бул эми ыйман маселеси. Биздин балдар баарын түз түшүнүшөт. Кыздар акчасын иштеп, таап, момпоюп, үйдө отуруш керек, балдар каалаганын жасаса болот дешет. Мен көчөдө балдардан кыздарга карата туура эмес иш кылып атышат дегенди аз угам, көбүнчөсү элчилик эмнеге иштебейт, кыздарды карабайт дешет. Кантип? Москвада 70 кафе, 2 түнкү клуб бар экен (кыргыздарга тиешелүү). Дипломаттар барып, кыздардын бийин, ичкилигин, тамекисин карап отурабы? Бул элчиликтин иши эмес. Коомубуз, мамлекетибиз, үй-бүлө башынан башташ керек. Кээ бир лидер эжелер кайдагы беш миң чакырым алыска кандай ата-эне жиберет деп туура айтышат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кандай ойдосуз?

Жунусов: Ар бир адамдын укугу бар. Ал эми “патриоттун” иштери, койдой тепкилеп, анан мына баатырлык кылып атабыз дегени бул туура эмес жол. Бөлөк элдер да карап турат. Уяласың. Бул жагдайдан чыгуунун жолу эмес.


Орусия “блатнойлорду” окуткусу келбейт


“Азаттык”:
Кийинки маселе – билим берүү. Бул жаатта эки өлкөнүн бүгүнкү кызматташтыгы кандай?

Жунусов: Путин деле визит маалында кыргызстандык 13 миң жаран окуйт, анын 10 миңи квота менен бекер окуп атышат деп айтып кетти. Москва, Санкт-Петербургдан тышкаркы Красноярскиге чейин барып, окуп атышат. Бул жакта градация түзүш керек. Элчилик азыр кайсы бала кайсы кесипке окуп атат – тизмесин карап атат. Эми бул билим берүү министрлигинин иши. Бирок чогуу иштешели дедик. Кыргызстанда экономист, юристтер көп болуп атат. Бул жакта башка кесиптерге окутуш керек, мисалы, темир жол, коммуналдык чарба, энергетика кесиптерине. Мисалы, биринчи орундагы Бауман атындагы техникалык окуу жайга быйыл бирөө да кирбей калды. Келерки жылга маданият тармагы боюнча да таңсык кесиптерге даярдоого камданып атабыз. Экинчи маселе - окуган балдар Кыргызстанга барса жакшы болот эле.

“Азаттык”: Ал үчүн эми өкмөт шарт түзүшү керек да. Студенттерди тандоо кандай, ачык-айкын жүрөбү?




Жунусов: Бул билим берүү тармагынын иши, биз тандоо комиссиясына кирбейбиз. Бирок орус тарабында чоң мамлекеттик кызматчылар бул маселени көтөрүп атышат. Мисалы, мырдагы премьер-министр Бабанов акыркы иш сапарында Москва облусунун губернатору Шойгу менен жолугушту. Квота сураса макул, жардам берели, бирок “блатнойлоруңарды” жибербегилечи, жөнөкөй үй-бүлөдөн деле болсун, бирок билимге умтулган жөндөмдүүлөрдү жибергилечи, ушу бир суранычым тандоону карагылачы деди...

“Азаттык”: ФСБ академиясында чыккан жаңжал да ушу ката тандоонун жаңырыгы эмеспи?

Жунусов: Мүмкүн. Аты-жөнү такталган. Квота менен келип алышып, кыйынсынам деп, жөн окубай, ата-энесин чуркатып, уят кылып атышат. Биз да ошо жаңжалдан кийин балдарды чогултуп, окуганы келдиңерби – окугула. Минте берсеңер силерден кандай офицер чыгат, окуудан кетесиңер деп айттык.

“Азаттык”: Ошол чырдан жыйынтык чыктыбы? Кандай чара көрүлдү?

Жунусов: Визиттер менен жүрүп акыркы жагдайды билбей калдым. Негизи КМШ аймагында ушундай маанай болуп атат. Тажик балдар менен биздин балдар уруша кетип, окуу жайдын баркын кетирип атышат. Мен билгенден ошол ФСБ академиясынын ректораты бир нече бала кетиш керек деген талап коюшту. Тажиктерден төрт, кыргыздардан бир баланы чыгарабыз дешкен.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG