Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:49

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

2014-жылы Орусиядан Кыргызстанга жалпысынан 2 миллиард доллардан ашуун акча которулганы белгилүү. Эксперттер акча которуунун кыскарышын рубль кунунун түшүшү менен байланыштырса, айрым мигранттар Кыргызстанга атайын эле акча которбой жатканын белгилешүүдө.

Москвадагы кабарчыбыз Орусияда иштеген кыргыздар эмне үчүн аз акча которуп калганына кызыгып көрдү:

Бул арада мигранттардын акчасы кайда, кантип коротулуп жатканына кызыгып, өлкө аймактарына байланыштык.

Башка аймактарга караганда Баткен облусунан Орусияга иштегени кеткендер көп. Облустун Ак-Cай айылынын тургуну, эч жерде иштебеген Эркин Жолчиевдин агасы эки баласы менен Москвада курулуш тармагында эмгектенишет. Эркин биз менен байланышкан учурда Орусиядан агасы салган акчаны алыш үчүн банкка келген экен.

- Мурда айына 20-25 миң салып турчу эле. Ага айылга эки кабат там салып жатканбыз, артканы тамак-ашка корочу. Үч айдан бери бүгүн 10 миң рубль салыптыр, "тамак-ашка сарптап тургула" деп. Азыр тамдын курулушу токтогон. Биз эле эмес, элдин баарында ушул көрүнүш. Аны базардагы соодадан байкаса болот. Соода солгун. Мигранттардан акча көп келгенде базар катуу иштечү. Азыр эми там салбай коё туруп, мал алып койбоппуз деп өкүнүп атабыз. Мурда эсеби жок эле корото берген экенбиз да.

Москвадагы мигранттардын бири

Москвадагы мигранттардын бири

Эркин мырзанын пикирин улай, Нарындагы экономист аксакал Токтобек Керимбаев ыксыз чыгымдардан эл али да арыла электигине кейип, каражаттар активге, тагырагы киреше алып келчү тармактарга салынбай жатканын мисалга тартты:

- Союз кезиндеги инерция менен эле балдарды окутабыз деп, алардын жөндөмүнө карабай эле окуу жайларга киргизип коюп, бир топ акча ошол окуу жайларга короп атат. Тилекке каршы, окуганы окуп, окубаганы жөн эле жүрөт. Үй-бүлөдөгү адам санына карабай эле заңгыраган үйлөр салынып атат. Ыксыз той-топур, салтанаттар көп. Ушунун баары тыйылбай жатат. Бир күнкү курсагыбыз тойгонго сарптап коюп отура берсек анан кантип өнүгөбүз?

Акчаны иштетпесе, жок болот

Өткөн кылымдын 60-жылдары Түркия жарандары да жапырт Германияга агылган. Алар которгон каражат мамлекетке, бизнеске салынгандыктан өздөрүнө да пайдасын тийгизип, өнүккөн өлкө катары калыптанышына да салым кошту.

Учурда Түркияда ишкерлик менен алектенген Нурлан Мусаев ошол тажрыйбага токтолуп, кыргызстандыктар миграциядагы 20 жылдын эсебин табышы керектигин белгилейт:

- Ошол мигранттар Түркияга корпоративдерди куруп, курулушка акчасын салышкан. Соода борборлорун курушкан. Андан башка холдингдерди курууга чейин өсүп жетишкен. Алар акчаны туура пайдалануунун ошондой жолун тандап алышкан. Натыйжада өздөрүнө да, өлкөсүнө да пайда келди. Биз деле ошентсек болмок.

Үй-бүлөдөгү адам санына карабай эле заңгыраган үйлөр салынып атат. Ыксыз той-топур, салтанаттар көп.

Мурдагы жылдары четте жүргөн кыргызстандыктар биригип, атайын акционердик коом түзүп, анын акцияларын өздөрү сатып алып, коомго түшкөн акчаны Кыргызстандагы бир объектиге салмай болушкан. Каражаттын топтолушуна, максаттын ишке ашышына өлкөнүн Экономика министрлиги көмөк көрсөтмөй болгон.

Мамлекет сыртта жүргөн жарандардын каражатын туура колдонбой жатат деген кинеден улам ошол фонддун ишин сурап, Экономика министрлигинин инвестицияларды тартуу боюнча агенттигинин жетекчиси Алмаз Сазбаковго кайрылдык.

- Ал азыр иштей элек. Бирок акча топтолуп атат. Мигранттар, же башка эле кыргыз жарандары акцияларды сатып алып, акчасын топтоп, 50-100 миң долларга чейинки инвестициялык долбоорлорго салынат. Учурда 500 миңдей доллар чогулду. 2,5 миллионго жеткирип, анан ишке ашырсакпы деген ойдобуз.

Бирок мындай фонд тууралуу курулушта, же ресторанда иштеп каражат тапкан карапайым мигранттардын көп деле маалыматы жок. Болсо деле алардын көпчүлүк менен кошо ири ишкерликке каражатын салышы күмөн. Алардын тапкан акчасы көбүнчө туугандарынын колуна тиет. Андан ары там-таш салууга, автоунаа алууга жумшалат же күнүмдүк тиричиликке сиңип кетет.

Каражатты колдоно билүү керек

Бир нече жылдан бери Москвада иштеп, жакында эле Ошко келген маркетинг адиси Сүйүнбек Жусупов учурда экономист, ишкер өнөктөштөрү менен айылдардагы жашы өйдөлөп калган адамдарга каражатты туура колдонуу, бизнес жүргүзүү тууралуу сабак өтүүдө.

- Иликтеп көрсөк, бизде акчаны пайдалануу боюнча элдин түшүнүгү төмөн экен. Канткенде келген акчанын ордун кармап калуу, көбөйтүү керек деген нерсе жок экен. Ошон үчүн азыр 30-55 жаштагыларга каражатты туура пайдалануу жана иштетүү тууралуу үйрөтөлү деп атайын долбоор баштадык. Иштин экинчи этабында ошол эле кишилерге бизнес кылуу сырларын үйрөтөбүз. Алар жаш кезинде кармап кала албаган нерселерин кайрадан жандандырып, мүмкүнчүлүк түзүп берели деп атабыз.

Жусуповдун оюнча, 30-55 жаштагылар бош жүрсө эч ким жумушка чакырбайт жана эч ким аларга жаңы технологияларды же болбосо ишкердик тууралуу үйрөтпөйт экен. Ал эми мигранттардын акчасы дал ошолордун колуна түшөт.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG