Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Оппозиционер Алексей Навальныйдын сот процесси эл аралык коомчулуктун алдында орус сотунун адилеттүүгүнүн деңгээлин аныктагандай болуп жатат. Мындай оюн “Азаттыкка” саясат таануучу Санжар Тажиматов билдирди.

“Азаттык”: Кечээ Орусияда сот блоггер Алексей Навальныйды беш жылга камоо боюнча өкүм чыгарып, бирок оппозиционер бүгүн бошотулду. Сиз саясат таануучу катары Навальныйдын тегерегиндеги окуяга кандай баа берип жатасыз?

Тажиматов: Бул жерде эл аралык коомчулуктун алдында орус сот адилеттүүлүгүнүн чоң маселеси каралып жатат. Себеби тиги же бул мамлекетте сот адилеттигинин канчалык деңгээлде болушу – ошол мамлекеттин эл аралык имиджине жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет.

Азыр Батыш менен Орусиянын алакасы көбүрөөк газ жана мунайга байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан бул чечим саясий гана эмес, экономикалык жакка да түздөн-түз таасир этчү маселе. Себеби Батыштагы шайлоочулар өз лидерлерин көбүнчө сот адилеттиги бар мамлекеттер менен мамиле түзүүгө үндөйт.

Алексей Навальный

Алексей Навальный

Ал эми Навальныйдын үстүнөн болгон сот процесси Батышта көбүрөөк саясий заказ катары каралып келатканы белгилүү. Ошондуктан муну Орусиянын мындан аркы келечеги, өнүгүшү, экономикасы үчүн таасир этүүчү маселе катары карасак болот. Элдин баары соттун чечимин күтүп жаткан. Соттун чечими саясий заказ катары каралгандыктан ал жерде Батыш Европанын жана АКШнын алдында Орусиянын беделин бир кыйла түшүрүп салды. Ошондуктан чегинүүгө аргасыз болду.

"Азаттык": Ошентсе да сот өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенче Навальный эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулбадыбы. Демек мындан аркы окуя кандай өнүгүшү мүмкүн?

Тажиматов: Азыркы Орусиянын экономикалык абалын эске алганда сот процесси узартылып, келечекте Навальныйды актап, абактан чыгарып коюшу да мүмкүн.

Орусиянын бюджетинде 1 триллион рубль дефицит бар. Себеби алар газды көп жакка жакшы өткөрө албай калды. Сатуу жакшы болбой калгандыктан, пландаштырылган бюджеттин киреше бөлүгү толбой калды. Эгер Навальныйдын үстүнөн жүргөн сот процесси да бул нерсеге терс таасирин тийгизсе, абалды андан да курчутуп жибериши ыктымал.

"Азаттык": Кыргыз бийлиги да акыркы учурда Орусия тарапка ык тартып бараткандай. Бул нерсе Орусиянын жолоюна түшүп кетет деген ойго түртпөйбү? Анткени буга чейин Орусияда бейөкмөт уюмдарды “шпион” же “чет элдик агенттер” деп расмий атоо жөнүндө мыйзамдар тууралуу сөз болду эле. Кыргыз парламентинде да бейөкмөт уюмдардын ишин текшерүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, анда-санда айтыла калып жүрөт. Бул кадамдар эмнеден кабар берет?

Тажиматов: Муну депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп чыккан. Бул маселени көтөрүүнүн өзүн Кыргызстанды артка карай тартуу катары баалайт элем. Себеби мындай жолго баруу менен биз Кыргызстандын имиджин эл аралык коомчулуктун алдында төмөндөтүүгө багыт алган болуп калабыз. Канчалык коомубуз ачык болуп, бейөкмөт уюмдар эркин иштесе, ошолордун баары биздин имиджибизди эл аралык деңгээлге көтөрөт. Ал эми кысымга барган, сот адилеттүүлүгү сакталбаган учурлар биздин инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет.

Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш

Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш

"Азаттык": Кечээ Навальныйга өкүм чыгарылган соң, анын тарапкерлери митингге чыгышты. Кыргызстанда да оппозиция лидерлерин колдогон митингдер болуп келатат. Кыргызстан менен Орусиядагы митингдердин табиятын салыштырып кароого болобу?

Тажиматов: Кыргызстандагы окуяларды эске алсак, окуяга катышкан саясий инсандарды оппозиция деп атоо кыйын. Алар тиги же бул идея үчүн күрөшкөн жок. Алар жөн гана бийликти алмаштыруу талабын коюп келатышат, башка бир конструктивдүү ойлор менен чыккан жок. Демек Орусиядагы митингдерден айырмаланат.

Бизде регионализм, трайбализм негизги ролду ойноп жатат, ал эми жарандык позиция жок. Орусиядагы митингдерде көбүрөөк жарандык позиция үстөмдүк кылып жатканын байкоого болот.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG