Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Оторбаев Орусия менен такташууда


Премьер-министрлер Дмитрий Медведев менен Жоомарт Оторбаевдин жолугушуусу, 29.04.2014
Премьер-министрлер Дмитрий Медведев менен Жоомарт Оторбаевдин жолугушуусу, 29.04.2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Москвада эки күндүк иш сапарында Орусия менен буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын, Бажы биримдигине кошулуунун шарттарын такташып талкуулоодо.

Жоомарт Оторбаев Москвадагы иш сапары маалында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “Жол картаны”, “Манас” аба майданынын тагдыры жана энергетикалык долбоорлорду орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен талкуулары кабарланган.

Премьер Оторбаев алгач Орусиянын “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолукту. Ал “Газпромдун” Кыргызстандын рыногуна кирүүсү маанилүү кадам экенин белгилеп, компания келишимдин алкагында өз учурунда инвестициялык программасын ишке ашырат деп ишенерин билдирди. Миллер компания Кыргызстанга үзгүлтүксүз газ берүүдө ишенимдүү өнөктөш болорун белгиледи.

"Миллер үзгүлтүксүз газ берүү боюнча компания бардык милдеттерди аткарууга кепилдик берерин, мындан ары бардык жоопкерчиликти өз мойнуна аларын белгиледи. Мындан тышкары, ал компания жакында инвестиция салына турган объекттерди аныктай турганын, социалдык программаларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды талкуулай турганын билдирди"- деп "Азаттыка" премьер-министрдин басма сөз катчысы Гүлнур Торалиева Москвадан телефон аркылуу билдирди.

Күндүн экинчи жарымында Оторбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукту. Анда өкмөт башчы Кыргызстандын Бажы биримдигине жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү маселеси кыргыз өкмөтүнүн негизги приоритеттеринин бири экендигин белгиледи. Дмитрий Медведев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү Орусия үчүн дагы маанилүү экенин айтып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүүгө орус тарап кызыктар экендигин, ошол эле учурда Кыргызстан тийиштүү кадамдарды жасаарына үмүт артарын кошумчалады.

Борбор Азия маселелери боюнча институттун жетекчисинин орун басары Закир Чотаевдин пикиринде, азыркы эл аралык кырдаалда Орусияга Кыргызстандын колдоосу керек. Ошондуктан орус тарап Бажы биримдиги боюнча “Жол картадагы” Кыргызстан сурап жаткан жеңилдиктердин жүз пайызы болбосо дагы, басымдуу бөлүгүнө макулдук бериши мүмкүн. Эксперттин пикиринде, азыр Кыргызстанда деле Бажы биримдигинин пайда-зыянын талкуулаган талаш-тартыштар арткы планга жылып, жеңилдиктер туурасында сөз көбүрөөк боло баштады. Мындан улам анын кесепети туурасында коңгуроо каккандар азчылыкты эле түзүп калды.

"Менимче баары эле чечилип калса керек. Биз азыр “жол картасын” толук көрө элекпиз, балким кол коюлган соң көрөттүрбүз. Бирок айрым жеңилдиктер тууралуу экономика министри Темир Сариев айтпадыбы. Туруктуулук фонду, мигранттарга карата режимди жумшартуу, жеңилдетилген жарандык берүү дегендей маселелер айтылды. Азыр "Дордой", "Кара-Суу" базарлары талкууланып жатат. Азыркы кырдаалда Орусияга Кыргызстандын колдоосу, өзгөчө Бажы биримдигине кирүү боюнча колдоосу керек болуп турат. Мындай шартта Кыргызстанда анын тескери кесепети туурасында эксперттер, жарандык коом өкүлдөрү, кыскасы, азчылык гана айтышы мүмкүн. Муну парламенттеги оппозициялык күчтөр популизм үчүн пайдаланат болушу керек. Бирок ошол эле кезде жалпы оппозициялык күчтөрдүн көпчүлүгү Бажы биримдигине каршы турат деген ойдон алысмын. Мисалы, айрым активдүү оппозиция лидерлери, Ташиев, Мырзакматов ж.б. Орусияга барып-келип, ал жакка жакындыгын көргөзүп жатат" - деди "Азаттыкка" Закир Чотаев.

Жоомарт Оторбаев премьер-министр катары Орусияга иш сапар менен биринчи ирет барып отурат.

Эксперттин көз карашында, учурда Оторбаевдин мурда айтыла жүрчү “батышчыл” көз карашы унуткарылып, ал боюнча көп деле сөз болбой калды. Анткени анын ээлеген кызматы өкмөт алдында турган маселеге прагматикалык көз караш менен кароого түртүп жатат. Мындан улам премьер-министр Бажы биримдигине киргендин кесепетине караганда, кирбей койсо кандай кыйынчылыктар болору тууралуу көбүрөөк айта баштады.

Глобалдык проблемаларды изилдөө борборунун жетекчиси Карыбек Байбосунов Бажы биримдиги боюнча “жол картасы” дагы да болсо чийки экенин белгилеп, бул маселеде орус тарап дагы, кыргыз өкмөтү дагы ага кол коюуга ашыкпай, жакшылап иликтеп чыкса деген ойдо:

- "Жол картага” шашпоо керек. Ага күзүндө кол койсо болот. Ага чейин маселе көп. Биздин өзүбүздүн мурдатан берки алешем стратегияларыбыз бар. Ошолорду карап кол койбосо, баары чийки болуп, бул маселе кайра эртең калкып чыгат. Албетте, Орусиянын азыр Батыштагы таасири начарлоодо, бирок Чыгышта таасири өсүп жатат. Ошондуктан Орусия тең салмактуу бир чечимге келсе керек. Ал эми Кыргызстан Орусиянын өнөктөшү катары анын демилгелерин колдогону менен, өз чечимдерин шашпай бериши керек.

Премьер Оторбаев 30-апрелде Москвада Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шувалов менен жолугат. Анда энергетикалык долбоорлордун келечеги туурасында сүйлөшүүлөр жүрөт. Иш сапардын алкагында өкмөт башчы орус журналисттери жана Борбор Азия боюнча эксперттер менен да баарлашат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG