Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Орусияда «маалыматтык операциялар бөлүмү» түзүлдү


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 18-февралда Мамлекеттик Думада өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлгөнүн расмий ырастады.

-Пропаганда мыкты жана натыйжалуу болушу керек. Ошондуктан совет доорундагы “контрпропаганда” бөлүмүнөн кыйла натыйжалуу жана күчтүү маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлдү.

РБК басылмасы Мамдумадагы булагына шилтеме кылып билдиргендей, ал хакердик чабуулдарга жооп кайтаруу менен алектене турган Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болот. Ошондой эле ал өлкөнүн ичи-сыртында, интернетте жана ММКлардагы үгүткө каршы алектенет.

Орусия мамлекеттик телеканалдары саясий максаттарды көздөп, жалган маалыматтарды таратат, пропаганда менен алектенет деп айыпталып келет. Алардын жасалма маалыматтарын иликтөө иштери Германияда, Францияда жана АКШда жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG