Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Бишкек менен Кремлдин ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталган макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелди.

Анткени кошумча сунуштамаларды 10-апрелге чейин киргизүү боюнча белгиленген мөөнөткө Орусия тарабы өз убагында расмий жооп берген жок. Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов белгиленген мөөнөттө макулдашуулардын шарттары талкууланбаса анда Кыргызстан аларды бир тараптуу жокко чыгарып, аталган долбоорлорду башка бир инвесторлорго сунуштай тургандыгын эскерткен болчу.

Койулган мөөнөт бузулганда

10-апрелге чейинки мөөнөттө Орусия менен Кыргызстандын өкмөтү мурда бекитилген энергетика тармагындагы эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун шарттарын кароо маселеси ачык бойдон турат. Анткени Орусиянын өкмөтү койгон шарттарын макулдашылган мөөнөттө сунуштаган жок.

27-мартта Кыргызстандын саясий жетекчилиги менен жолугушкан Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко баштап келген өкүлчүлүк бул маселени тез арада карап, жообун берүүгө убада берген. Бирок Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиядан келе турган документтер белгисиз себептерден улам кармалып жаткандыгына токтолду:

- Убакыт бердик эле, ошону өз мөөнөтүндө аткарбайсыңарбы деп биз бири-бирибизге шарт койо албайбыз. Бирок өткөндөгү жолугушууда биздин өкмөт башчы менен Орусиянын өкүлү Шматко 10-апрелге чейин бул боюнча атайын протоколго кол койуп, анан мына ошол эки тараптуу макулдашуулардын бардыгын талдоодон өткөрүүгө убадалашкан эле. Биз ал жакка тиешелүү сунуштамаларды жөңөтүп, жооп күтүп жатканбыз. Алардын алымча-кошумчасы менен документ кайрадан келмек эле. Бирок азырынча бизге ал документтердин топтому келе элек.

Буга чейин Орусиянын жетекчилиги жаңыдан курула турган Камбар-Ата-1 ГЭСиндеги үлүшүн элүүдөн 75 пайызга көтөрүүнү талап кылган болчу. Ошондой эле Кыргызстандын карызы үчүн “Дастан” заводунун 75 пайыз акциясын сураган. 2009-жылкы макулдашуу боюнча расмий Москва анын 48 пайызын алууга макул болгон болчу.

Өкмөт башчынын эскертүүсү

Кремль сунуштаган эки тараптуу макулдашууларды кайрадан карап чыгууга каршы чыккан Кыргызстандын бийлиги мурда бекитилген шарттарды сактап калууга тырышууда. Өкмөт башчысы Бабанов Орусиянын энергетика министри менен жолугушууда долбоорлорду ишке киргизүү боюнча маселени кароо мөөнөтү кечеңдесе анда Кыргызстан ал макулдашууларды жокко чыгарарын эскерткен болчу:

- Камбар-Ата-1, жогорку Нарында ГЭСтердин каскадын куруу боюнча мурунку келишимдердин негизинде 10-апрелге чейин деталдуу планды жазып келгиле дедик. Биз ошол планды сүйлөшүп, качан долбоор болот, качан техникалык-экономикалык негиздеме болот, качан курулуш башталарын деталдуу түрдө 10-апрелге чейин аныктап, мурунку келишимдерге кол коёбуз деген сүйлөшүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги натыйжасы, орус тарап деталдуу планды, ага байланыштуу иш-чараларды өз убагында аткарбаса, анда биз бир тараптуу келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк алдык.

Геосаясий кызыкчылыктар

Орусиялык “Коммерсантъ” гезити Кремлдеги ишенимдүү булактарына таянып, эки тараптуу макулдашуулардын шарттары кайрадан каралмайынча Кыргызстандагы ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн эместигин жазып чыкты. Анда инвестордо көзөмөл укугу болушу керек деген жүйөө келтирилген. Кызыгы 2009-жылы Орусия мындай шарттарды койгон эмес. Бирок ошол эле кезде ал долбоорлорду ишке киргизүүгө дагы шашылбаган.

Мына ошондуктан ГЭСтерди курууга Москванын чын эле ниети барбы же аны Кыргызстандын кайсы бир коңшусуна карата саясий басым көрсөтүү үчүн эле колдонгусу келгенби деген күмөн саноолор пайда болгон.

Коомдук ишмер Марат Кайыпов гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу Орусиянын кызыкчылыгындагы маселе экендигин айтат:

- Бул ири долбоорлор бир эле экономикалык пайда алып келүүчү объектилер эмес, биринчи кезекте Орто Азияда саясат жасоочу стратегиялык объектилер. Мына ошондуктан орустар буга ээлик кылып, акча салууга кызыкдар. Бирок аларга толук көзөмөлдүктү алууга кепилдик керек. Бул кепилдик мына ошол эле ГЭСтердеги чоң бир үлүшүн аныктап алуу маселеси. Биз Москва менен акырын сүйлөшүп, объектилерге ээлик кылууга тең укуктуу шартты камсыздоого жетишиш керек. Бирок маселе создуктурула берсе анда Кыргызстан башка инвесторлорду издөөгө аргасыз. Бирок ал инвесторлор Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттерден болбоого тийиш. Инвестор АКШ, Европа же башка эле бир алыскы өнүккөн мамлекеттерден да табылыш мүмкүн. Анткени бул объектилерге кызыкчылык чоң.

Улуттук кызыкчылыктын уңгусу

Расмий Бишкек менен Москванын ортосундагы расмий сүйлөшүүлөр качан улантылары белгисиз. Кыргызстандын азыркы бийлиги 2009-жылкы макулдашуулардын шарттарын сактап кала албаса, анда анын беделине доо кетиши мүмкүн экендигин эскерткендер да аз эмес.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Нуржигит Кадырбеков ири долбоорлор боюнча Орусия тарбынан койулган шарттарга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи:

- Эгерде азыркы бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбей, ага каршы келе турган чечимди кабыл алууга бара турган болсо, бул – коомчулуккта чоң нааразылык жаратаары турган иш. Орусия кандай талап кылса ошонун бардыгына көнүп берүү – бул азыркы бийликтин абройунун төмөндөшүнө себеп болот. Ошондой эле ага болгон ишеним азаят.

Ошол эле кезде талдоочулар Москванын Кыргызстанга үстөмдүк маанайдагы мамилесин жана басым көрсөтүү маанайын белгилеп келишет. Мына ошондой мүнөздө “Дастан” заводунан чыгарылган торпедолорду Кыргызстан Москванын көмөгүсүз сатып өткөрө албайт деген пикирлер да орусиялык басылмаларда байма-бай айтылып келет.

Бирок аталган заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу артып, анын чыгарган товарын сатып алууга Индия жана Пакистан сыяктуу мамлекеттер кызыгып жатышкандыгын аталган басылмалар көңүл сыртында калтырышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG