Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

19-декабрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жана Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болот. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баш болгон делегация катышат. Москвада ЖККУ эле эмес, кыргыз-орус аскердик кызматташуусуна байланыштуу маселелер да каралышы күтүлүүдө.

ЖККУнун Москва саммитинде кабыл алына турган орчундуу маселелердин бири - Өзбекстандын уюмдагы мүчөлүгүн токтотууга байланыштуу маселе. Ташкенди бул кадамдан баш тарттыруу үчүн 18-декабрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Өзбекстанга келгени маалым.

Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз делегациясы болсо шейшемби күнү Москвага жөнөп кетти.

ЖККУнун маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, саммитте 2020-жылга чейин аскердик багытта кызматташууларды бекемдөө, Өзбекстандын мүчөлүгүн токтотуу, Ооганстандагы кырдаалды талдоо жана өзгөчө кырдаалдарга жамааттык түрдө реакция жасоо маселелери каралат.

Кыргызстан үчүн бул саммиттин өзгөчөлүгү бар. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Коммерсант” гезитине жарыяланган маегине караганда, Москвада Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн кайрадан куралдандыруу жөнүндө сөз болот. Бул үчүн орус тарап 1 млрд. 100 млн. доллар бөлөөрү буга чейин кабарланган. Бирок бул өлчөмдө Кыргызстанга курал бөлүнүшүнө ишенбегендер арбын. Алардын айрымдары, Москва Ташкенди ийге келтирүү үчүн ушундай сөздөрдү чыгарып жатат деген пикирде.

КМШ мамлекеттери институтунун Орто Азия жана Казакстан боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин мындай шекшинүүлөргө негиз бар дейт. Бирок Москва Кыргызстанга куралдан жардам берет дейт Грозин:

- Жардам берилет. Бул талашсыз. Бирок ал айтылгандай өлчөмдө болобу? Анткени өтө ири масштаб жөнүндө сөз болуп жатат. Ал эми “Коммерсантта” айтылган маалымат кыргыз коомчулугу эле эмес, өзбек жетекчилигине да багытталган.

Москвадагы саммитте Кыргызстанга да, Тажикстанга да олуттуу материалдык жардам көрсөтүлөт. Андан сырткары аскердик-техникалык багытта кызматташууларды активдештирүү боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлөт.


Андрей Грозиндин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи да Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы саясий соодага түшөт. Ошонун натыйжасында ГЭСтин курулушу кечеңдеши мүмкүн. Бирок ал токтоп калбайт. Анткени ГЭСти курууга убада катуу жана өтө жогорку деңгээлде берилип калды.

Москва саммитинде ЖККУга төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов төрагалыкты формалдуу көрүнүш катары баалап, негизги маселе ЖККУ, өзгөчө Орусия менен жакындашып, өлкөнүн коопсуздук системасын бекемдеп алуу керек дейт:

- Бизде бүгүнкү күнгө чейин коопсуздук системабыз жок. Андай кепилдикти Орусиядан алсак болот. Ал үчүн Орусия менен кенен, терең келишимдерге барып, ошону аркасы менен өзүбүздүн курал-жарактарыбызды көбөйтүп алсак болот эле.

Кыргызстан тышкы саясатында бир багыттуу болуп баратканын сын көз караш менен карагандар да жок эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстан чакан мамлекет катары бардык өлкөлөр менен бирдей мамиле түзгөнү дурус дейт:

- Бардык дүйнөдөгү мамлекеттер менен биздин карым-катышыбыз жакшы болуш керек. Ошонун ичинде Кытай, Европа, Америка, Жапония жана Орусия менен. Баарын бир алып жүрө албасак, бирөө койнуна кысып туруп, өлтүрүп койот.

Алмазбек Атамбаев Москвага куру кол барган жок. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү аскердик базалары жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Андан сырткары Кыргызстан келерки жылы Бажы биримдигине кирүү боюнча даярдыктарды көрүп, 2014-жылдан тарта биримдикке кирүүнү болжоп жатат.

Мурунку СССРдин аймагында интеграциялык жараяндарды жүргүзүү Москванын негизги максаты экени белгилүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG