Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

Атамбаев менен Путиндин дүйнө кулак түргөн жолугушуусу


Атамбаев менен Путин, Санкт-Петербург, 16-март, 2015

Атамбаев менен Путин, Санкт-Петербург, 16-март, 2015

16-мартта президенттер Атамбаев менен Путин Санкт-Петербург шаарында жолугушту. Бул жолугушууга чейин 62 жаштагы Путин дээрлик он күндөн бери коомчулукка көрүнө элек болчу.

Эки президент Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу, энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

16-мартта Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстан убактысы боюнча саат үчтө жолугушуусу белгиленгенин Санкт-Петербургдан Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” маалымдаган. Бирок жолугушуу дээрлик эки саатка кечигип башталды. Жолугушууда орус президенти Владимир Путин:

- Биз макулдашуу боюнча, ириде эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелерди, анын ичинде, албетте соода-экономикалык маселелерди кароо үчүн жеке жолугуп жатабыз. Албетте, Кыргызстандын акырындык менен Бажы биримдигине кирүүсү боюнча интеграциялык маселелерди да талкуулабай койо албайбыз, - деди.

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында да, жолугушууда негизинен экономикалык маселелер талкууланган.

- Күн тартибинде турган эки тараптуу маселелердин баары каралып жатат. Эки өлкөнүн ортосунда энергетикалык, экономикалык, биргелешкен фонддор боюнча бир катар иштер бар. Мындан тышкары биз 9-майга чейин Евразия экономикалык биримдигине расмий түрдө киришибиз керек. Ал маселелер да талкууланып жатат. Анткени кыргыз тараптын да өзүнүн маселелери бар. Биз ошолорду коюп жатабыз.

Сапар Исаков жолугушууда Орусия Кыргызстанга убада кылган курал боюнча маселе каралышын четке каккан жок. Москва Бишкекке 1 млрд. доллардан ашуун суммага курал берүүнү караштырып жатканы маалым.

Атамбаев Путинди "элге алып чыкты"

Бул жолугушууга көбүрөөк көңүл бурулуп жатышынын себеби Владимир Путиндин бир жумадан ашык мезгилден бери телеканалдардан чыкпай жатышында болду.

Орусия президентинин маалымат кызматынын Владимир Путиндин Кремлдеги жолугушуулары жөнүндөгү маалыматтары коомчулукту анча ынандыра албай, ар кандай түкшүмөлдөрдү көбөйтүп келген. Путиндин ден соолугу кескин начарлап кеткени тууралуу сөздөрдү да жараткан.

Ага Путиндин 12-мартта Астанага белгиленген саммитке келбей калышы да чоң түрткү берген эле. Ошондуктан Владимир Путиндин Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусуна дүйнөдө, өзгөчө Орусияда чоң маани берилип жаткан. Жолугушуунун алдында Алмазбек Атамбаев "Путин мыкты формада, ал жөн гана басып жүрбөстөн, өзү мени машина менен кыдыртты" деп айтканын орусиялык журналисттер жазып чыкты. Путин өзү да: "Имиштер жок кызыксыз болорун" билдирген.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Санкт-Петербургга 15-мартта эле барган. Аны Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко тосуп алганы маалымдалган.

Жолугушуу эмне үчүн Санкт-Петербургда өттү деген суроого Путиндин пресс катчысы Дмитрий Песков: “Атамбаевдин кызы бул жакта окуйт экен. Ага ыңгайлуу болуш үчүн Путин ошол шартка көндү”, - деп билдирген.

Президент Атамбаев орус президенти менен февраль айында эле Сочиде бейформал мүнөздө жолугушкан. Ошону менен Санкт-Петербургдагы жолугушуу быйылкы жылдагы экинчи жолугушуу болуп калмакчы.

Кремлдин расмий маалыматтарына караганда, Санкт-Петербургдагы жолугушууда эки президент соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык, энергетикалык тармактарда кызматташууларды сүйлөшүүнү мерчемдешкен. Ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байланыштуу маселелер талкуулоо каралган.

Санкт-Петербургга сапарынын алдында Алмазбек Атамбаев “Русгидронун” башчысы Евгений Додду кабыл алган. Евгений Дод жетектеген компания Жогорку Нарын каскадында ГЭСтерди курууну баштаган. Бирок курулуш иштери солгун жүрүп жатканы жөнүндө кабарлар чыгууда.

Эки өлкөнүн президентинин жолугушуусунда бул ГЭСтердин курулушунан сырткары “Газпромдун” Кыргызстандагы пландары, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча маселелер турары да белгилүү.

Кыргызстан быйылкы жылдын май айына карай Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууну көздөөдө. Бул үчүн өткөн жылы 23-декабрда Минск шаарында кол коюлган келишимди парламенттер ратификациялаш керек. Андан сырткары эки кошумча протоколго кол коюлуп, алар дагы ратификацияланыш керектигин кыргыз өкмөтү маалымдаган.

Президенттердин жолугушуусуна чейин Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуусунда айрым маселелер боюнча алдыга жылуулар болгон. Маселен, Орусия Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна 100 млн. доллар которгон. Андан сырткары республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн колдоо үчүн 200 млн. доллар бөлүп, аны иштетүүнүн жолдору да аныкталган.

Кыргызстандын коомчулугунун бир бөлүгүндө Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жана Орусияга өтө жакындоо сындалып келет. Алар муну менен республика өз алдынчалыгын жоготот деген пикирде болууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG