Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

9-декабрга аба ырайы


Ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот жана кар күрткүсү болот. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

9-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарынынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда жамгыр жаап, карга айланат. Күндүз өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +2...+7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -5...-10 градус болот.

Бишкек шаарында түндө жаан жаабайт. Күндүз жамгыр карга айланат. Түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG