Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Расмий Москва 180 миллион карызды кечүү үчүн эми “Дастан” заводунун 75 пайыз акциясын берүүнү талап кылат.

Бирок Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Дастандын” 48 пайыз акциясын гана берүүнү караган 2009-жылдагы макулдашуунун аткарылышын көздөйт.

Талдоочулар мындай орчундуу маселелерде Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап калуу мамлекет жетекчилигинин бекем эркинен жана ийкемдүү дипломатиясынан көз каранды деп эсептешет.

Атамбаевдин Москвадагы иш сапарынын алкагындагы бейформал жолугушууда Орусиянын жетекчилиги карыздын ордуна “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын өткөрүп берүүнү талап кылган.

2009-жылкы макулдашууда Орусия Кыргызстандын карызын кечүү үчүн заводдун 48 пайыз акциясын жана Бишкектеги соода үйүнүн имаратын алууга макул болгон эле.

Жолугушууда Кыргызстандын президенти мына ошол макулдашуунун шарттарын сактоону суранган.

Өлкө кызыкчылыгы биринчи орунда

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов заводдун көзөмөлдөөчү акцияларына ээ болуш үчүн Орусия жок эле дегенде кошумча акча төлөш керектигин айтты:

- Биз болсо мурдагы макулдашуу кол коюлуп күчүнө киргенден кийин анын шарттары өзгөрүүсүз кала бербейби деген позициядабыз. Алар мына ошол эле карыздын өлчөмүнө 48 эмес, 75 пайыздан кем эмес акцияны сурап атышат. Биз анда “заводдун 75 пайыз акциясын толук алууга кызыкдар болсоңор, калган 27 пайыз акциянын баасы боюнча мурдагы макулдашуудан сырткары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет. Аны рыноктук баада сатып алышыңар керек” деген Кыргызстандын позициясын билдирдик.

Москва, 19-март, 2012-жыл

Москва, 19-март, 2012-жыл

Кыргызстандагы “Дастан” заводу Борбор Азиядагы аскерий-стратегиялык маанидеги уникалдуу ишканалардын бири. Заводдон “ВА-111 шквал” үлгүсүндөгү орто алыстыкка атылуучу торпедолор чыгарылып турган.

Кыргызстандын бийлиги заводдун өндүрүш көлөмү өткөн жылы беш эсе өскөнүн айтып, мындай шартта анын баасы төмөндөбөй турганын белгилеген. Анан калса жөнөкөй эле кыймылсыз мүлктүн наркы жыл санап өсүп жатса, аны карыздын ордуна кармата берүү Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей турганы айтылган.

Бирок “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Улугбек Ормонов бул маселе боюнча азыр Орусия менен соодалашып, шарттарды койо турган учур эмес деген ишенимде:

- Мына ошол келишим бекиди. Бирок ызы-чуу менен бийлик алмашты. “Азыркы бийлик дагы кандай отурат” деген Орусияда чочулоо бар. Анткени мына ошол заводдун 48 эле пайызына ээ болсок анан эртең эмне болот деген тынчсыздануудан улам алар акциянын көп бөлүгүн сурап жатышат. Эгерде биз ар кандай шарт койо бере турган болсок, ал заводду биз жоготуп алабыз. Ошондуктан жаңы келишимде заводду үзгүлтүксүз иштетип, 5-6 миң адам туруктуу жумуш менен камсыз болот деген Орусия тарабынан кепилдик боло турган болсо, биз алардын айтканына макул болушубуз керек.

Убадага март Кремль

Бирок Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мурда кол коюлган долбоорлордун бири да ишке кирише элек. 2009-жылы Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин курууга катышуу, “Кыргызгаз” менен “Кыргызнефтегаздын” 75 пайыз акциясын сатып алып, Кыргызстандагы мунай кендерин иштетүү сыяктуу долбоорлорго Орусия бир миллиард доллардан ашуун инвестиция салууну убада кылган.

“Коммерсант” гезитине курган маегинде президент Атамбаев Орусия тараптын айынан мына ошол макулдашуулар ишке ашпай жатканын белгилеген болчу.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Уран Ботобеков Кремлдин убадага март болгону менен аны аткарууга келгенде геосаясий кызыкчылыгын таңуулап туруп алган учурларын мисал келтирди:

- Ар кандай келишимдер болгон. Бирок тилекке каршы иш жүзүнө ашпай жатат. Орусия бизге да, Тажикстанга да көп убада берген. Алардын энергетика тармагына миллиарддаган инвестиция салуу боюнча макулдашуулар болгону менен жыйынтык болгон жок. Бизде деле ошондой эле абал.

Эми Орусиянын саясаты өзү ошондой болуп жатпайбы. Мисалы, “Дастан” боюнча, энергетика тармагы боюнча Түркия же башка бир Батыш өлкөлөрү кызыгып, Кыргызстанга келүү ниеттерин билдире башташса эле Орусия Борбор Азия өзүнүн тарыхый таасириндеги аймак экендигин ар кандай жолдор менен далилдегенге өтөт. Кептин бардыгы мына ошол биздин кичинекей мамлекетибиздин геостратегиялык чөлкөмдө жайгашып калганынан улам, экономикалык кызматташтыктан мурун геосаясий кызыкчылыктар башкы орунга чыгууда.


Жакындан бери Түркия, Евробиримдик, Катар сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин Кыргызстанга карата инвестициялык кызыкчылыгы көрүнө баштаганда расмий Москва геосаясий кызганычтан улам мурда берген убадаларын эстеп, кайрадан жандангандыгы айтылууда.

Буга 22-мартта Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечиндин Кыргызстанда гидроэнергетика жана мунайгаз боюнча кызматташууну ордунан жылдыруу демилгеси мисал боло алат. Сечин бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакында Орусиядан Кыргызстанга расмий топ бара тургандыгын белгиледи. Бирок бул жолу айтылган убадалар анык аткарылабы же адаттагыдай “асманда калкып” калабы - бул азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG