Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен Москвада жолугушуп, соода-экономикалык кызматташтык, анын ичинде гидроэнергетикалык долбоорлорду, Орусияга Кыргызстандын карызын талкуулашты.

Кыргыз өкмөтү тараткан расмий маалыматта эки өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен Өмүрбек Бабанов чакан чөйрөдө келечек долбоорлорду талкуулаганы айтылат. Эки тарапты кызыктырган, чечүүгө муктаж эң негизги долбоор - Камбарата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын каскады.

Жолугушууда белгиленгенге караганда, долбоорду ишке ашырууну кепилдеген макулдашууну эки өкмөт сентябрда карачудай. Мындан тышкары Кара-Кече ТЭЦин куруунун чоо-жайын иликтөө үчүн орусиялык эксперттер август айында Кыргызстанга келишет.

Гидроэнергетика долбоору Орусия өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушууда да талкууланып, анда курулуштун мөөнөтү, салык принциптери жана башка деталдарга көңүл бурушту. Бирок объектилердин акцияларына ээлик кылуу принциптери боюнча бул жолку сүйлөшүүлөр кандай тыянак бергендиги тууралуу маалымат таратыла элек.

Буга чейин “Коммерсант” гезити өзүнүн ишенимдүү булагына таянып, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана төрт ГЭСтен турган Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча алдын ала макулдашуу бар экенин, ага ылайык ишкананын акциясына тараптар теңме-тең ээлик кылып, Орусия ишкана өзүн өзү актаганга чейин гидроэнергетикалык объектилерди толугу менен көзөмөлдөй тургандыгы, салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулары айтылган. Кыргыз өкмөтүнүн атын атагысы келбеген бийик даражалуу кызматкерлеринин бири орусиялык гезиттин жазгандарында чындык барын “Азаттыкка” тастыктады.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Ахматбек Келдибеков эки өлкөнүн гидроэнергетикалык ири долбоорлор боюнча бири-бирине кадам ташташын жакшы жышаан катары баалап, бирок Орусиянын салыктан бошотулушуна каршы экендигин билдирди:

- Чын-калпын билбейм, угушума караганда аларды келип курганы үчүн салыктан бошотуш керек деген маселе көтөрүлүп жаткан экен. Буга мен каршымын. Салык түшпөсө, биздин бюджет толбойт.

Орусия быйыл апрелде акцияларга теңме-тең ээлик кылууну кепилдеген 2009-жылкы макулдашуудан баш тартып, жаңы өкмөткө гидроэнергетикалык объекттердин акцияларынын 75 пайызын өзүнө алуу шартын койгон. Ортодо чыңалууну жараткан бул жагдайдын минтип жумшарып жатышын жергиликтүү талдоочулар Орусия менен Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин саясий чечиминин тыянагы катары баалашууда. Алардын бири, тажрыйбалуу энергетик, коомдук ишмер Раимкул Мамыров акцияларды теңме-тең бөлүү чечими Кыргызстан үчүн пайдалуу болорун айтат:

- Инвестиция берүүгө кезекке тургандар болсо тандап карасак болмок. Азыр андайлар жок болуп атпайбы. Көбүнчө саясий чечимдердин арты менен келип атат. Албетте ар бир инвестор пайда көрүү кызыкчылыгы менен келет. Биз да мамлекеттин кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Менимче 50 пайыз деле жакшы эле болот.

Москва, 20-март, 2012-жыл

Москва, 20-март, 2012-жыл

Өткөн аптада Кыргызстанга Орусиянын “Русгидро” акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Евгений Дод келип, президент Алмазбек Атамбаев менен дал ушул Камбар-Ата ГЭСин ишке киргизүү маселесин талкуулаган. Анын алдында президент Владимир Путин отун энергетиканы өнүктүрүү комиссиясынын жыйынында Камбар-Ата долбооруна Орусиянын кызыкчылыгы барын билдирген болчу. Адистердин эсеби боюнча бул долбоор ишке ашса, жылына 5 млрд киловатт саат электр кубаты өндүрүлөт жана экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Мындан келечекте эки мамлекет тең пайда көрөрү анык.

Бирок Дмитрий Медведев кесиптеши Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда бул өңдүү ири долбоорлорго жол ачуу үчүн Кыргызстан 500 миллион доллар карызын төлөөнү сунуштаганын “РИА новости” агенттиги таратты. Ушул эле маалымат булагы Өмүрбек Бабановдун стратегиялык өнөктөштөр үчүн чечилбеген маселе болбойт деген сөзүн келтирүүдө.

Медведев Москвада кыргыз тараптын эсине салган 500 миллион доллардын 300 миллион долларын Орусия Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде жеңилдетилген кредит катары берген. Бул каражатты Орусия ошол кездеги кыргыз бийлигинин АКШ базасын Кыргызстан аймагынан чыгаруу демилгесин көтөргөнү үчүн бергендиги айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG