Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Муфтий учак кырсыгынан каза тапкандардын жакындары менен жолукту


Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Дача айылында эл менен жолугушууда.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Дача айылында эл менен жолугушууда.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек ажы Токтомушев 20-январь күнү учак кыйраган жерге барып, апааттан набыт кеткендерге багыштап куран окуду. Кырсыктан жабыркагандар менен жолугуп, аларды чыдамкайлыкка, сабырдуулукка чакырды.

Муфтияттын маалымдашынча, 20-январь күнү бардык мечиттердеги жума намазда учак кырсыгынан набыт кеткендердин арбактарына багышталып куран, дубалар окулду. Мечиттерге апаатта жабыркагандарга жардам чогултулуучу атайын кутучалар орнотулган. Чогулган каражаттардын баары жабыркагандарга жиберилет деп маалымдайт Муфтияттын басма сөз кызматы.

16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, айылдын 34 тургуну набыт болгон. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсү да каза тапкан. Айылда 20дан ашык үй кыйрап калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG