Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

23-февралда Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владимир Жириновский Украинадагы окуяга байланыштуу сүйлөп жатып, Орусия "бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да катуу кармаш керек" деген оюн билдирген. Ал Борбор Азияны Орусияга федерация катары кошуп, борбор калаасы Верный (учурдагы Алматы шаары) болушу керектигин айткан болчу.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” курган маегинде Жириновскийдин сөздөрүн кескин сынга алды.

"Азаттык": ЛДПР партиясынын лидери, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Владимир Жириновскийдин билдирүүсү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да кызуу талкууга алынууда. Буга байланыштуу сиз да пикириңизди айтып, Жириновскийдин сөздөрүн “жоопкерсиз жана чагымчыл” деп бааладыңыз. Сиз Жириновскийге конкреттүү кандай чараларды колдонууну сунуштап жатасыз?

Иманалиев: Биринчиден, биз Жириновскийдин сөздөрүнө реакция жасабай деле койсок болмок. Бирок ал мамлекеттик кызматтагы адам, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери.

Экинчиден, анын айткан сөздөрүн бардык мамлекеттик телеканалдар көрсөтүп жатат. Демек мунун сөздөрү мамлекеттин саясатына кандайдыр бир деңгээлде тиешелүү. Ошондуктан биз анын сөздөрүнө карата сөзсүз түрдө өз мамилебизди билдиришибиз керек болчу. Алгачкы мамилебизди кечээ билдирдик.

Владимир Жириновский

Владимир Жириновский

Андан тышкары Тышкы иштер министрлигине Жириновскийди персона нон-грата катары таануу тууралуу былтыр кабыл алынган иштерди аягына чейин чыгарууну, аны Борбор Азияга кирүү укугунан ажыратууну сунуштап, Орто Азиядагы депутаттарга да кайрылып жатабыз.

Парламенттер аралык ассамблеяга Өзбекстандан, Түркмөнстандан башка Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан кирет. Андан сырткары Армения, Беларус, Украина, Азербайжан жана Молдова мүчө. Алардын парламентарийлери менен кеңешип, эгерде алар макул болушса, Жириновскийдин айткан сөздөрүнө баа берип, мына ушул өлкөлөргө кирүүгө тыюу салууну сунуштайбыз. Анткени анын ушул өлкөлөргө байланыштуу да маскаралап айткан сөздөрү бар.

"Азаттык": Жириновскийдин мына ушундай бир элди нааразы кылган билдирүүлөрү бул өзү жетектеген партиянын электораты үчүн айтылган сөзбү, же кандай болгон күндө да бул Кремлдин позициясыбы?

Иманалиев: Муну так айтуу кыйын. Бирок бул жөнөкөй саясатчы эмес. Жириновский Орусиянын мамлекеттик саясатына таасирин тийгизе алчу киши. Бул башында турган депутаттар Мамлекеттик Думада отурушат. Алар мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда добуш берген инсандар. Ошол себептен биз аларга да кайрылдык.

Орусиянын Мамлекеттик Думасында жана Федерациялар кеңешинде Кыргызстан менен иштешкен, бул өлкө үчүн күйгөн, түбү Кыргызстандан болгон депутаттарга “кесиптешиңизди жоопкерсиз, башка улуттардын намысына тийген билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырыңыз” деп кайрылдык.

"Азаттык": Сиз Жириновскийдин билдирүүсү Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча аракеттерге тоскоол болоорун эскерттиңиз. Жириновскийдин айткандары Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык алакаларына, анын ичинде ГЭСтердин курулушуна, “Газпромдун” “Кыргызгазга” тиешелүү пландарына жана башка ири долбоорлорго кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз?

Иманалиев: Биринчиден, психологиялык таасирин тийгизет. Себеби, кыргызстандыктар Жириновскийдин сөздөрүнө нааразылыгын билдирип жатат. Экинчиден, саясий жактан таасирин тийгизет. Себеби Бажы биримдигине кирүү боюнча тиешелүү документтер өкмөттөн парламентке келет. Ал эми Жогорку Кеңеште болсо Жириновскийге ачууланган, ага кыжыры келген депутаттар добуш берүүдө терс чечим кабыл алып коюушу мүмкүн. Муну Жириновский мырза жакшы түшүнөт.

"Азаттык": Владимир Жириновскийдин сөздөрүнө карата парламент кандай чечим кабыл алып, кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

Иманалиев: Биз кечээ комитеттин өтүнүчү боюнча Тышкы иштер министрлигине оозеки да, кат жүзүндө да сунушубузду бердик. Азыр парламенттер аралык шериктештикке мүчө болгон депутаттар менен кызматташуудабыз. Парламенттик ассамблеянын кезектеги жыйынында Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата айткан сөздөрүнө баа берип, бул өлкөлөргө кирүүгө моралдык укугу жок деген дипломатиялык чечимдерди кабыл алуу жөнүндө сунушубузду бердик.

"Азаттык": 16-жылдагы Үркүндө миңдеген кыргыздар каза тапкан эле. Жириновский бул окуяга да токтолуп, “кыргыздар падышага баш ийбей койгон” деп айтты. Мындай сөздөр тарыхта Үркүн окуясына жетиштүү баа берилбей келатканынан улам чыгып, ушундай сөздөргө жем таштап жаткан жокпу?

Иманалиев: Бул Жириновскийдин атайын жасалган чагымчыл аракети болду. Бул сөздөр биздин улуттук намысыбызга тиет. Мындай сөздөр Жириновскийдин Кыргызстандын тарыхын билбегенинен улам чыгууда. Ири өлкөнүн саясатында роль ойногон жана Мамдумада отурган аткаминердин тарыхты билбегени, башка улуттун намысына шек келтирген сөздөрдү айтканы – уят иш деп ойлойм. Биз муну кечээ жасаган билдирүүбүздө да белгиледик.

Туман Жумагуловдун Үркүн сериясынан

Туман Жумагуловдун Үркүн сериясынан

1916-жылдагы окуяларга байланыштуу биз жакында тарыхчыларды, тиешелүү адамдарды чогултуп жатабыз. Ошондо биз да өз сөзүбүздү айтабыз. Былтыр депутат Каныбек Осмоналиев экөөбүздүн демилгебиз менен Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Өкмөткө Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырма бергенбиз.

Үркүн – Кыргызстандын тарыхындагы эң кайгылуу окуя. Айрым маалыматтар боюнча, ошол учурда Кыргызстандын түндүгүндө жашаган кыргыздардын 40 пайызга жакыны кырылган. Бул окуяны чагылдырган бир топ эле китептер басылып чыкты, бирок бир дагы жолу тарыхый экспедиция уюштурулган эмес. Бул экспедиция аркылуу күндүн хронологиясын калыбына келтирип, чынында канча адам өлгөнүн, алардын ичинде канчасы ачарчылыктан, сууктан көз жумганын тактап, окуяларды калыбына келтиришибиз керек. Канча деген адамдардын сөөктөрү ушул күнгө чейин ашууда кала берүүдө. Аларды жерге берип, куран түшүрүп, мусулманчылык парзыбызды аткарышыбыз керек.

Ошондой эле Үркүнгө байланыштуу илимий конференцияларды өткөрүп, даректүү тасмаларды тартышыбыз зарыл. Ошол окуяларга күбө болгондордун дээрлик баарынын көзү өтүп кетти. Кыргызстандын, Борбор Азиянын, Орусиянын архивдик материалдарынан тийиштүү документтерди алып, буга байланыштуу иш-чараларды өткөрүшүбүз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG