Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

"Манасты" иштетүүгө сегиз компаниядан сунуш түштү


Эл аралык "Манас" аба майданы
Эл аралык "Манас" аба майданы

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык “Манас” аэропортун Орусиянын “Роснефть” компаниясына сатуу ылайыктуу экенин жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде ачыктады.

Өлкө башчысы бирок “Манастын” акцияларынын канча пайызы сатыларын парламент чечерин белгиледи. Ал арада өкмөт башчылыкка талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Жоомарт Оторбаев “Манасты” иштетүү боюнча 8 чет элдик компаниядан сунуш түшкөнүн, өкмөт азырынча бир чечимге келе электигин белгиледи. Жарандык коом жана айрым депутаттар стратегиялык обьекттердин катарындагы бул аба майданды сатуу өлкө эгемендигине шек келтирерин айтышууда.


Атамбаев: "Манасты" сатууга каршылар - анын келечегине балта чапкандар


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев өкмөт азыр “Манас” аэропорту боюнча бир чечимге келе электигин айтты. Анын айтымында, «Манас» аба майданын иштетүү боюнча 8 чет элдик компаниядан сунуш түшкөн.
Өзүбүз иштете албай жатсак эмне кылыш керек? Элге жагыш үчүн бербеш керек демекмин, бирок жалпы Кыргызстан үчүн мен керек болсо баарын эле бермекмин...
Нарынбек Молдобаев

Алардын бири орусиялык “Роснефть”. Оторбаев “Роснефть” менен кызматташуу боюнча меморандум гана түзүлгөнүн, анын юридикалык күчү жок экенин белгиледи. Бирок “Манас” эле эмес башка аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу зарылдыгын айтты.

- Азырынча өзүбүздүн бюджетибизде каражат жок. Ошондуктан биз инвестиция тартышыбыз керек. Бул тапшырманы Транспорт жана коммуникация министрлигине жана “Манастын” жетекчилерине жүктөдүк. Аларт бул багытта иштеп жатат. Азыр өкмөт бул боюнча эч кандай чечим кабыл алган жок.

Анткен менен өлкө президенти Алмазбек Атамбаев “Манас” сатыла турган болсо сегиз компаниянын ичинен ылайыктуусу - бул “Роснефть” экенин кечээ, 5-каналга берген интервьюсунда ачыктады. Ал “Манас” эл аралык аэропортунун тегерегиндеги талкууларга токтолуп, аны жүк ташуучу хаб кылууга бир топ аракеттер жасалып жатканын белгиледи. Ошондой эле “Манастын” сатылышына каршы чыккандар - аба майдандын келечегине балта чапкандар деп сындады.

- "Роснофтке” 49 пайыз же 51 пайыз сатылабы аны парламент чечет. Бирок мен бир нерсени айта алам. “Манас” аэропорту мындан кийин да жашап, жакшылап өнүгүүсү үчүн негизгиси арзан керосин болушу керек. Эгер “Манас” аэропортунда Алматы, Астана, Ташкент жана Дүйшөмбүгө салыштырмалуу арзан керосин болсо, келечекте “Манас” атаандаштыкты да билбейт, ал абдан өнүгөт. Ал эми арзан керосинди бизге “Роснефть” гана бере алат. Биз муну түшүнүшүбүз керек. Азыр буга каршы чыгып, “Роснефтке”51% бербеш керек дегендер “Манастын” келечегине балта чапкандар.

Атамбаев белгилегендей, “Манаска” байланыштуу өкмөттүн чечиминен кийин макулдашуу парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. Жогорку Кеңеш бул демилгени бекитсе, макулдашуу 2015-жылдан тарта күчүнө кирмекчи. Бирок буга чейин эл өкүлдөрү “Роснефть” менен бирге башка чет элдик компаниялардын сунуштарын карап, стратегиялык объекттерди сатпоо боюнча мыйзамды өзгөртүшү керек.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов Атамбаев айткан пикирлерге кошулат. Бирок ал аэропортту кайсы бир компанияга сатардан мурда башкаруу, навигация, улуттук коопсуздук маселелерин тактап алууну сунуштоодо.

- Азыр эсептегенде аэропорттун баасы эң көбү 100 млн. долларга жакын болот. Ал эми “Роснефттин” сунушу 350 млн. жакын болууда. Калган сегиз компанияны карасак, алдын-ала мындай сунуштар жок. Бирок конкреттүү түрдө алып келишсе биз карап, чечебиз. Азырынча президенттин сунушун колдойбуз.


Саткандан башка жол жокпу?


“Манастын” аткаруучу директору Илим Карыпбеков бул сыяктуу меморандумдар Кытайдын 3 фирмасы жана бир нече эл аралык ишканалар менен да түзүлгөнүн билдирген. Ал бул кадамды аэропорттун Транзиттик жүк ташуу борбору кеткенден кийинки инвестор издөө аракети деп баалаган.
Эч убакта контролдук пакетти бирөөгө өткөрүп бербеш керек. “Манас” аэропорту Кыргызстандын жалпы элиники. Ушул эле компаниялар менен сүйлөшүп, башка жолдор менен инвестиция тартууга деле болот эле...
Назарали Арипов
“Ата-Журт” партиясынан шайланып келген депутат Нарынбек Молдобаев болсо “Манасты” сатуу керек дегендердин катарында. Эл өкүлү аэропорттун өнүгүшү элге да бир топ жеңилдиктерди алып келет деп эсептейт:

- Сингапур, Малайзия жана башка жактарга учуш үчүн Кыргызстан жарандары Ташкент же Алматы аркылуу учуп атат. Алардын аэропорттору биздикине салыштырмалуу абдан эле кичинекей. Өзүбүз иштете албай жатсак эмне кылыш керек? Элге жагыш үчүн бербеш керек демекмин, бирок жалпы Кыргызстан үчүн мен керек болсо баарын эле бермекмин.

Ал эми “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов ири долбоорлорго добуш берүүдө парламентте ар кандай оюндар болорун, “Манасты” сатуу маселеси деле ошолордун биринине айланып калышы ыктымалдыгын белгиледи.

- Эч убакта контролдук пакетти бирөөгө өткөрүп бербеш керек. “Манас” аэропорту Кыргызстандын жалпы элиники. Ушул эле компаниялар менен сүйлөшүп, башка жолдор менен инвестиция тартууга деле болот эле. Ал эми депутаттарга келгенде маселе кандай чечилип жатканын билип жатасыңар... “Кумтөр” кандай позицияда өтүп кеткенин. Көрөбүз кандай оюн болуп кетет?

Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга февраль айында кол койгон. Буга чейин “Манастын” кеминде 51 пайыз акциясы орус ишканасына сатылышына жарандык активисттер каршы чыгышкан. Алар бул кадам эгемендикти жоготууга алып баруучу өтө чоң жаңылыштык экенин белгилешүүдө.

Эксперттер болсо президент Атамбаевдин сегиз компаниянын ичинен ылайыктуусу “Роснефть” деген маегинен кийин бул маселени талкуулап же тендер өткөрүүгө негиз калган жок дешет.
"Манасты" сатууга каршы акция, Бишкек, 20-март, 2014
"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG