Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Орусия Мамлекеттик думасы медициналык камсыздоосу жок постсоветтик жарандардын өлкөгө киришине тыюу салышы мүмкүн.

Орусияда чет элдик жарандарга ушул өңдүү чектөөлөр күчөтүлүп жаткан кезде Кыргызстанда “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзам күчүнө кирди.

Орус саясатчылары өз өлкөсүнө визасыз кирген постсоветтик жарандар медициналык жактан милдеттүү камсыздалышы керек деген маселени көтөрө баштады. Мындай долбоорду Мамлекеттик Думанын депутаттар тобу даярдап, сунуш кылышканын Интерфакс агенттиги жазды. Долбоор колдоо тапкан шартта медициналык кызмат үчүн акы төлөбөгөн чет элдиктер Орусиянын аймагына кайра кирүүгө тыюу салынат. Ал эми бекер жардамды мигранттар өмүрүнө коркунуч туулган шартта гана ала алат.

Бул өңдүү кадамдардын жасалышына орус коомчулугунда өз саламаттыгы үчүн кооптонуу маанайы таасир этип жатышы мүмкүн дейт Уфа шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Соно Алиева:

- Бизде дагы мигранттардын проблемалары боюнча институттар, окумуштуулар бар. Ошолор жергиликтүү калкка социологиялык сурамжылоо жүргүзгөндө жергиликтүү калктан мигранттарды текшертүү керек, алар жугуштуу кургак учук, СПИД сыяктуу ооруларды алып келишет, ошондуктан медициналык тастыктамасы менен келсин, же камсыздоо полистери болсун деген талаптар коюлган.

Анткен менен байкоочулар орус бийликтеринин акыркы кездердеги күчөтүлгөн чараларын, анын ичинде медициналык милдеттүү камсыздандыруу демилгесин мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарынын катарын азайтуу аргасы катары баалап жатышат. Мигранттар өздөрү болсо медициналык кызматтардан бекер пайдалануу мүмкүн эмес деп келишет.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айым Кулукееванын айтымында, акы кымбат болгондуктан эмгек мигранттары медициналык кызматтан сейрек пайдаланышат:

- Эгер чукул кармаган оор илдет менен ооруканага түшсөң үч күн гана бекер карайт. Андан кийин ар бир күнгө, ар бир медициналык кызматка акча төлөй баштайсың. Ошон үчүн биздин жарандар милдеттүү деле, каалоосу менен деле медициналык камсыздоо жасашпайт. Ооруса аптекалардан дары алып ичишип, кыйналганына карабай иштеп жүрүшөт.

Москвадагы “Маяк” медициналык борборунун жетекчиси Эдил Мукашев орус бийликтеринин медициналык камсыздоо боюнча жаңы демилгеси саясий кызыкчылыктан чыгып жатат деген ишенимде:

- Себебин түшүнүп атсаңар керек, шаар мэрин шайлоо болот жакында. Мэр Собянин кайра талапкер болуп атат. Москвалыктар болсо мигранттар көп деп нааразы. Ошон үчүн мына минтип кыймылдап атам дебесе шайланышы кыйын болуп атат. Шайлоо болгондо эле мигранттарда ушундай чыңалган жашоо башталат.

Мукашевдин билдиргенине караганда, эгер мыйзам долбоору колдоо таап калса, өлкө ичине кирип жаткан мигрант өзүн медициналык милдеттүү камсыздоо үчүн 30 миң рубль төлөшү керек болот. Мукашев ошондой эле мыйзам бузган шартта бул акчадан ошол эле мигрантты өз өлкөсүнө депортациялоого жумшалат деген божомол барын да кошумчалады.

Кыргызстан менен Орусия өткөн жылдын этегинде “Реадмиссия жөнүндө” эки тараптуу макулдашуу кабыл алып, жашыруун жүргөн мигранттарды мекенине кайтаруунун жол-жобосун мыйзамдаштырышкан. Ал макулдашууда Кыргызстандын мыйзам бузган жаранын депортациялоо чыгымдарын Орусия өзү көтөрөрү жазылган.

Орусия миграция саясатын күчөтүп турган учурда Кыргызстандын президенти Кыргызстанда “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү мыйзамга” кол койду. Мыйзамды иштеп чыккан депутаттардын бири Айнуру Алтыбаева бул мыйзам аркылуу Кыргызстан чет жерде жүргөн мекендештерди ар тараптуу колдоо боюнча өз саясатын аныктады деп түшүндүрдү:

- Мамлекет мекендештерди колдош керек. Мигрант болобу же айла жок ошол жерде жарандык алып жашап калдыбы, баары бир колдошубуз керек деген саясатты аныктадык. Бирок өкмөт конкреттүү иштерди жүргүзүшү керек.

Депутат Алтыбаеванын айтымында аталган мыйзам мекендештерди ар тараптуу колдоого негиз болуп берет:

- Конкреттүү сиз айтып жаткан мыйзам (“Орусия жарандарынын саламаттыгын коргоонун негиздери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү” – ред.) Думадан өтүп жатканда биз дагы сыртта байкоочу болбой, алардын депутаттары, өкмөтү менен чараларды карап, бири-бирине айкашкан гармониялуу мыйзам болушу керек.

Жергиликтүү саясатчылардын каалоосу ушундай болгону менен, чет жердеги кыргызстандыктарга толук кандуу колдоо көрсөтүүгө кыргыз бийликтери кудуретсиз бойдон калып жаткандыгын эксперттер белгилеп келатышат.

Орусиялык расмий булактарга караганда, бул өлкөдө кыргызстандык 600 миң чамалуу мигрант иштеп жүрөт, алардын 106 миңи гана легалдуу катталышкан. Бейрасмий маалыматтар боюнча, өлкөдөн чыгып кеткен ишке жөндөмдүү кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны миллиондон ашты.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG