Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Депутаттын талкууга түшкөн сөзү жана сапары


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын соңку айткандары боюнча билдирүү жасады.

Анда депутаттын Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Мамлекеттик Думанын өкүлдөрү менен чогуу өткөн жыйындагы сөздөрү сынга алынды.

Карамушкина болсо кесиптештеринин орунсуз сүйлөдү деген дооматтарын четке кагып жатат.

Ал арада Карамушкина менен анын фракциялашы Марат Аманкуловдун Крымга жасаган сапары талкуу жаратты. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине нааразылыгын билдирди. Аталган министрлик жана Жогорку Кеңеш азырынча комментарий бере элек.

Карамушкина: "Кремлдин тыңчысы" деп аташкан

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 25-мартта Мамлекеттик Думанын Федералдык жыйынынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитети жана Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети биргелешкен жыйын өткөргөн. Анда Жогорку Кеңештеги социал-демократтар өкүлү Ирина Карамушкина Кыргызстандагы орус тили, дин боюнча сөз кылды:

- Мен расмий тилди коргоп сүйлөгөндө, мисалы, парламенттин 5-чакырылышында мени "орус шовинист", "Кремлдин тыңчысы" жана башка деп аташкан. Ошондо бир дагы кесиптешим унчуккан эмес. Мен болсо "эки тилди бирдей өнүктүрүү абдан зарыл, 70 жылда тапканыбыздан алыстабашыбыз керек" деп айтып келем. Диний экстремизм тууралуу сөз болгондо "Таблиги жамаат" диний уюму бардык жерде тыюу салынганы менен, бизде бар экенин айтып келем.

Жыйында депутат жума намазы учурунда мамлекеттик кызматкерлердин ишти таштап кетип калганы туура эмес деген да маселе көтөргөнүн, анын айынан мазактоо-шылдындоого кабылганын, өзүн депутаттыктан чакыртып алуу боюнча кол топтоо да болгонун айткан.

Ирина Карамушкинанын бул айткандарына ошол жерден "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев дароо жооп кайтарган. Сабиров кесиптешин дин маселесинде өтө астейдил болууга чакырды. Каныбек Иманалиев болсо Карамушкинаны жеке маселелерин парламенттер аралык жыйында көтөрүп жатканын орунсуз деп атады:

- Эгер сиз Кыргызстандагы кайсы бир саясатчы менен жаңжалдашсаңыз анда ал парламенттер аралык талкууга алып чыга турган маселе эмес, ал сиздин жеке маселеңиз. Мисалы, мен кыргызмын, динге ишенген адаммын, эки жолу ажыга барып келгем. Мисалы, Нарында облустук администрациянын жанында эл топтолуп, менин Кыргызстандан кетишимди талап кылышкан. Мен мындан трагедия жасаган эмесмин. Мына бул жерде дунган диаспорасынын башчысы отурат. Эч кандай маселе жок. Өзбек диаспорасынын башкы аксакалы отурат. Анда деле эч кандай маселе жок. Ошондуктан мындай жосунуңуз абийир алып келбейт.

"Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта Ирина Карамушкинанын өзү менен байланышып, комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Депутат Санкт-Петербургда өткөн комитеттер аралык жыйын боюнча Фейсбуктагы баракчасына көлөмдүү комментарий жазды жана аны айыптап жаткандарды "саясий интригандар" деп атады. Ошондой эле орус тилин коргоону жана айрыкча мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамга чакырууну мындан ары да улантарын белгиледи.

Комитет: баа берилет

28-мартта ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Ирина Карамушкина боюнча билдирүү жарыялады. Анда депутаттын мындай мазмундагы сөздөрү орунсуз жана татыксыз деген баа берилген.

"Кыргызстандагы түрдүү саясий күчтөр өлкөдөн сыртка чыкканда эл биримдигин сакташы керек, өз элин жана өлкөсүн каралоого эч кимдин акысы жок. Социал-демократтар фракциясын Карамушкинанын иш-аракетине моралдык баа берет деп ишенебиз", деп жазылган билдирүүдө.

Крым сапары

Ал арада коомчулукта бул депутаттын аты аталган дагы бир талкуу жаралды. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Николай Дорошенко социал-демократчы депутаттар Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга барганын айтып, буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык нааразылыгын билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына сүрөтүн жарыялап, "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек Крым – биздики дагы” деген пикирин калтырган.

Николай Дорошенко муну Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлабастык катары баалады жана эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрөрүн кошумчалады.

Дорошенконун “Азаттык” үналгысына билдиргенине караганда, кыргыз депутаттары Орусиянын чакыруусу менен 18-21-март күндөрү башка өлкөлөрдүн депутаттарынын катарында Крымдагы жыйынга катышкан:

- Крымда кандайдыр бир иш-чара өтүптүр. Анын маңызы Крымдын Орусияга кошулушунун жана мыйзамсыз өткөн референдумдун жыйынтыгына арналган экен.

Жогорку Кеңештин төрагасы, тиешелүү комитети, КСДП фракциясы жана Тышкы иштер министрлиги депутаттардын Крым сапары боюнча азырынча үн ката элек. Марат Аманкулов "Акипресс" маалымат агенттигине курган маегинде Крымга жеке сапар менен барганын, ал жакта жергиликтүү эл менен жолугушуп, ал-абалын сураганы менен саясий билдирүү жасабаганын айткан. Ирина Карамушкина болсо комментарий бере элек.

Аныкталбаган саясат

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов депуттардын Крым сапарын тышкы саясаттагы башаламандык менен түшүндүрдү.

- Тышкы саясатта координация болушу керек. Эң орундуу, маанилүү эл аралык маселелер боюнча, мисалы, ошол эле Тайван, Крым, Сирия боюнча, ошол эле ЕАЭБдеги процесстер боюнча Кыргызстандын позициясы болушу керек. Ал позицияны жалгыз президент аныктабай, дипломаттардын сунушун эске алып, бардык жерде, парламентте, Коопсуздук кеңеште талкуулап, анан бир позицияга токтолуш керек. Азыр ар ким өзүнүн деңгээлине, билимине, сабатына жараша комментарий берип, Кыргызстанды ар кандай абалга калтырып жатат.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков болсо депутаттардын Крым сапарынын кесепеттерине токтолду:

- Эл аралык мыйзамдарда бул же тигил мамлекеттин аймактык бүтүндүгү, суверенитети ыйык түшүнүк болуп эсептелет. Крымдын аннексияланышын 100дөн ашык мамлекет мыйзамсыз деп таанып жаткандан кийин Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция кирген, президенттин партиясынан депутат болгондордун Крымга барганын чагым деп атаса болот. Мунун кесепети чоң болушу мүмкүн. Себеби бул авантюризм бүгүнбү же эртеңби бүтөт да. Биз азыр өзүбүздү олуттуу эмес өнөктөш катары көрсөтүп жатабыз. Крымга байланыштуу дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттер өз экономикалык кызыкчылыгына карабай, Орусияга санкцияларды киргизген. Себеби кайсы бир өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү жол бергис нерсе.

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Алимбековдун талаштуу Тайван сапары

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков Тайвандагы жеке сапарынан чыккан чуудан улам кызматын тапшырды.

Крымга барган депутаттарды колдогондор да бар. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаевдин баамында, бул сапар дипломатиялык жаңжалга негиз боло албайт:

- Эгер эс алганы барса, анда ал эч нерсени билдирбейт. Эгер ал сапар маалында кандайдыр бир саясий уюмдар, мындай уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан болсо, ал жерде өзүн Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныштырса, анда муну жеке сапар деп атоого болбойт. Экинчиден, Орусия да, Украина да Кыргызстан үчүн бирдей эле. Эгерде депутаттар Крымга барса, анда аны тартынбай эле ачык айтышы керек. Крымга Европа парламентинен, Канададан, АКШдан деле депутаттар келип жатпайбы. Украина нааразы болсо боло берсин. Мындай сапар эл аралык жаңжалдарга негиз боло албайт. Кандай болгон күндө да биз Крымдагы элдин укугун туура кабыл алышыбыз керек да.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын чет өлкөгө сапары боюнча буга чейин да чуу чыккан. Өткөн жылдын аягында ошол кездеги парламенттин вице-спикери Нурбек Алимбеков баштаган төрт депутат Тайванга барган. Бул сапар боюнча Кытай элчилиги нааразылык билдирген жана мындан улам Алимбеков вице-спикерликтен өз эрки менен кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG