Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Атамбаевдин президенттикке киришүү аземине Кремлдин каршылашы катары саналган Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин чакыртылышы ар кандай жоромолдонууда.

Кыргызстандын жаңы президентин такка отургузуу жөрөлгөсүнө Орусиянын президенттик администрация жетекчиси Сергей Нарышкиндин келиши күтүлүп жаткан.

Бирок азем башталаарда анын келбей калганы белгилүү болду. Мунун себептерин орусиялык талдоочулар Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин чакырылышы менен байланыштырып жиберишти. Мына ошондуктан Кремль расмий макамы төмөн жетекчилерди аземге жөнөттү деген сөздөр орун алууда.

“Ак-Шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев андай түкшүмөл болгону менен жагдай эки тараптуу мамилеге таасир этпейт деп эсептейт:

- Орусия менен Грузиянын жетекчилеринин мамилеси кандай абалда болгону баарыбызга белгилүү. Мүмкүн Нарышкиндин келбей калышы Саакашвилинин келишине байланыштуу да болушу мүмкүн. Бирок негизги себептердин бири - Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо жекшемби күнгө белгиленгендиктен улам, президенттик администрация башчысы Нарышкин даярдык иштери менен алек болуп калды окшойт. Деги эле бирөөнүн келип, экинчи бирөөлөрдүн келбей калышын кандайдыр бир интрига деп ойлобойм.

Президенттикке киришүү аземинде Алмазбек Атамбаев Орусияны негизги өнөктөш катары атап, Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга даяр экенин дагы бир жолу кайталады.

Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаев тышкы саясатта көп тараптуулукту жактап, "Кыргызстан өз алдынчалыгын сактоого тийиш" деп сөзүн жыйынтыктаган болчу:

- Кайсы бир күчтөрдүн, кайсы бир мамлекеттердин акчасына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары жана келечек муун да кечирбейт. Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык. Биз эч качан кул болбойбуз!

Басым көрсөтүүнүн баскычтары

Ошол эле учурда айрым саясат таануучулар шайлоонун алдындагы Орусиянын колдоосун эске алганда Атамбаев эл аралык мамилелерде Кремлдин кийлигишүүсүз иш алып барууга эрки жетпейт деген пикирде. Анткени анын ар бир кадамын байкоого алган Кремль төбөлдөрү өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыгын таңуулашы мүмкүн деп божомолдошот.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Уран Ботобеков Кремлдин мамилеси Алмазбек Атамбаевдин убадаларынын аткарылышына байланыштуу экенине токтолду:

- Жаңыдан шайланган президенттин мындан аркы кадамы кандай болорун Орусия да, дүйнөлүк коомчулук да карап турат. Грузиянын президентин Кыргызстанга чакырып койгонго эле орусиялык маалымат каражаттарынын жана талдоочулардын оозу менен Кремль кандай реакция жасаганын көрдүк. Мындан аркы реакция берилген убадалардын аткарылышына байланыштуу болот. Баары бир база, Бажы биримдиги сыяктуу маселелерде кызыкчылыктар кагылышпай койбойт. Ошол эле учурда Орусиянын талабы жана басымы күчөшү мүмкүн.

Буга чейин Орусия башында турган ЕврАзЕСтин антикризистик фондунан Кыргызстанга 106 миллион доллар насыя убада кылынган. Бирок аталган каражатты берүү мөөнөтү создугуп жатканын Атамбаев өкмөт башчы кезинде эле бир нече ирет билдирген болчу. Орусиянын Каржы министрлиги бул насыя жаңы жылдан кийин гана берилиши мүмкүн экенин эскерткен.

Уран Ботобековдун айтымында, Орусия өзүнүн талаптары аткарылгандан кийин гана аталган насыяны берүүнү көздөп жатышы мүмкүн:

- Аталган каражат мындан бир жыл мурун эле берилиш керек болчу. Бирок анын кечеңдеп келгени - демек Кремлдин Кыргызстандын бийлигине койо турган талабы али алдыда экенинен кабар берет. Ал кандай талаптар? Муну алдыдагы 3-4 айда көрөбүз.

Ишенимдүү булактарга таянсак, Алмазбек Атамбаевдин президент катары алгачкы иш сапары декабрь айынын орто ченинде Орусияга жасала турганы белгилүү болду. Бирок президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктай элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG