Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Орусиядан келген аскерий-техникалык жардам боюнча маалыматтын жашыруун сыр катары сакталышы коомчулукта күмөн саноолорду жаратты.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков беш жүз миллион рублга бааланган аскерий жардамдын өлчөмү мындан бир канча эсе аз болушу мүмкүн экендигин белгиледи. Ошол эле кезде парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов акысыз келген жардамдын аки-чүкүсүн териштирүү туура эмес деген ойдо.


Исаков: буга чейин да ашыкча көрсөтүшкөн


Орусия өткөн аптанын аягында Кыргызстандын чек ара кызматына жалпы суммасы беш жүз миң рублга бааланган аскер техникасы, курал-жарак, кийим-кече жана байланыш каражаттарын тапшырган.

Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов парламенттин тиешелүү комитетинде Орусиядан келген аскерий жардамдын жалпы тизмеси жана ар бир жабдуунун баасы боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аскерий-техникалык жардам боюнча толук маалыматтын жоктугу күмөн саноолорго түртүп жаткандыгын белгиледи:

- Жашыргандын артында дайыма кандайдыр бир оюн болушу мүмкүн. Ошондой эле ал келген жардамдын көлөмү ашыкча бааланып, жабдуулардын баасы жогорулатылып көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деген шектенүүлөр туулуп жатат. Анткени кийин териштирсек, жардамдын ичинен колдонулбай калган аскер техникасы же эски үлгүдөгү курал-жарактар бар экен. Мына ошолордун баасын биз азыр карайбыз дагы анан жалпы суммасы менен салыштырып көрөбүз. Мен коргоо министри болуп турганда да Орусиядан аскерий техника алганда жабдуулардын баасын жогорулатып беришкени белгилүү болгон. Биз аларга учурунда кат жүзүндө билдиргенбиз.


“Тартууга келген аттын тишин карабайт”


Бул маселе боюнча Кыргызстан чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Орусиядан келген аскерий-техникалык жардам 18-январь күнү президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда чек ара кызматына тапшырылган. Ал эки тараптуу макулдашуунун алкагында берилген кайтарымсыз жардам экендиги баса көрсөтүлгөн болчу.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов бекер берилип жаткан жардамдын аки-чүкүсүн териштирүү ыйманга жатпайт деп эсептейт:

- Мунун бардыгы бекер берилип жатат да. Эгерде жанагы Орусиянын Кыргызстандагы аскер объекттеринин ижара акысынын эсебинен берилсе, биз мына ошентип териштирсек болот. Анан бир миллион доллар өлчөмүндө жардам бердик деп айтышса деле ал сумма мааниге ээ эмес. Ошондуктан Орусия ар нерсеге байлабай туруп, жардамды учак менен өздөрү алып келип берип жатышкандыгына биз рахмат айтышыбыз керек.

Анткен менен коомчулукта аталган аскерий техникалык жардамдын берилиши Кыргызстанды эмнеге милдеттендириши мүмкүн деген суроолор кабыргасынан коюлууда. Мында айрыкча жардамдын акысы үчүн расмий Москва Кыргызстандан эмнени талап кылып, кайсы ички иштерге кийлигишүүсү мүмкүн экендиги көпчүлүктү кызыктырат.

Исмаил Исаков биринчи кезекте бул маселе чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгарбай калтырууга таасир эткендигин белгиледи:
Жардамдын көлөмү ашыкча бааланып, жабдуулардын баасы жогорулатылып көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деген шектенүүлөр туулуп жатат.

- Бүгүн мен парламенттин чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгарууга байланышкан токтомуна карата коргонуу кеңешинин катчысынан кат алдым. Анда чек арачыларга Орусиядан келген аскерий жардамдан улам, кайра түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн эмес дегендей мазмунда жооп келген. Демек алардын артында да чек ара кызматын өзгөртүүсүз калтыргыла дегендер бар да. Себеби дегенде бул кызмат канчалык деңгээлде жашыруун болсо, ачыктык болбосо, ошончолук башка бир иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот.

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын бийлиги Орусиядан аскерий-техникалык жардам берүүнү суранган болчу. Бирок аталган кайрылуу бир жарым жылдан ашуун убакыт өтсө да каралбай келген. Муну серепчилер ошол кездеги өлкөдөгү саясий туруксуздук жана бийликке карата ишенимдин аздыгы менен байланыштырышкан.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG