Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Президент Алмазбек Атамбаев Батышты кош стандарттуулук боюнча айыптап, Москва гана ишенимдүү таяныч экенин билдирди. Муну менен Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясаттан баш тарттыбы?

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин финансылык жардамга өтө муктаж болуп чыкты. Ал муктаждыкты Батыш жана АКШ Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору жана башка эл аралык финансылык институттар аркылуу жаап келди. Ошого жараша Кыргызстан Орусия менен да, Батыш менен да кызматташууну жактаган көп вектордуу тышкы саясатты жүргүзүп келди.

2008-жылда башталган дүйнөлүк финансылык кризистен кийин абал өзгөрдү. Батыш финансылык жактан алсырап, Орусия кубаттуу болуп чыкты. Москва геосаясий кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн финансы бөлө баштады. Маселен, 2009-жылы Кремль Кыргызстанга 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар насыя бөлдү. Эми болсо ГЭСтерди куруу, Кыргызстан аскерин куралдандыруу сыяктуу долбоорлор күн тартибине коюлду.

Мына ушул жана башка факторлор Кыргызстан тышкы саясатында көп векторлуулукту алсыратып, бир стратегиялык өнөктөшкө артыкчылык берүүгө алып келди.

Саясат таануучу Марс Сариев Кыргызстан тышкы саясатта экономикага артыкчылык бере баштады дейт:

- Кыргызстан саясатта экономиканы биринчи орунга коюп жатат. Анткени экономикада кырдаал аябай начар. Чын эле Орусия биздин энергосекторго көңүл бурду. "Газпром" келатат. Курал жагынан, аскерий жактан жардам берүүчү чоң план бар.

Кыргызстан тышкы саясатындагы өзгөрүүлөрдү президент Алмазбек Атамбаев да четке какпайт:

- Орусияга карай багыт алды деген сөздөрдү мен башка жактан келген коноктордон да угуп жатат. Ошол эле Европа биримдигинен келгендер да айтууда. Орусия биздин коңшубуз. Баарын ойлонуп туруп багыт алыш керек да. Анын үстүнө Орусия, Казакстан менен бизде бир дагы чечилбей турган талаш сөз жок. Келечекте да талаш турган эч нерсе болбойт. Бизге жаныбызга тура турган, керек болсо душмандар менен атыша турган бирөөлөр керек. Азыр биз буга жалгыз жарабайбыз. Ачык айтканда, энергетикадагы абалдай эле көрүнүш бардык жакта бар. Ошондуктан муну да ойлонуш керек.

Президент Атамбаев Батышты кош стандарттуулук боюнча айыптап, коалициялык күчтөр Ооганстанда баңгизаттардын агымын тыя алган жок деп сынга алды. Ал ошондой эле Батыш Кыргызстандан миллиард доллар чыгарып кеткен Максим Бакиевди калкалап, убада кылган 15 млн. доллар жардамын бербей жатат деген нааразылыгын да билдирди.

Кыргызстан саясатынын либералдык канаты тышкы саясатта бир жактуулуктун терс кесепети болоорун эскертип келатат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстан бардык өлкөлөр менен улуттук кызыкчылыгына жараша кызматташуусу керек, ал эми кайсы бир өлкөгө өтө жакындашуу эгемендүүлүк үчүн коркунуч алып келерин эскертип келет. Депутат Равшан Жээнбеков да Орусия монополисттеринин колуна өлкөнүн энегетика системасын өткөрүп берүүнү сынга алууда.

Кыргызстандын тышкы саясатындагы өзгөрүү Батыш менен Орусиянын көп маселелер боюнча пикир табыша албай, талаш-тартышы күчөп бараткан мезгилге туш келүүдө. Ошондуктан мындай жүрүштөрдүн соңу СССР мезгилиндегидей бөлүнүп-жарылуучулукка алып келбейби деген чочулоолор да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG