Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

(Дүйнө басмаларына сереп)

Сыягы, кечээ 4-мартта болуп өткөн Орусиядагы президенттик шайлоо бир топ убакытка чейин дүйнөлүк прессанын көңүл борборунда болот окшойт. Канткен менен Орусия чоң мамлекет, ошондуктан андагы окуялар Батыш үчүн да, Чыгыш үчүн да маанилүү маселе экендиги талашсыз. Буга күбө катары Лондондон чыккан The Овserver, The Guardian, ошондой америкалык Time, The Washington post басмаларындагы Владимир Путин жөнүндөгү макалаларды айтууга болот. Маселен, The Guardian гезити азыркы орус лидерине ар тараптан мүнөздөмү берип келип, анын президент болуп шайланаары дээрлик чечилген маселе экендигин белгиледи жана ага альтернатива боло турган теңтайлаш кандидат Орусияда алигиче чыкпаганын айтты.

Ошону менен бирге эки мөөнөт мамлекет башчысы катары иштеп, дагы эки мөөнөт премьер-министрдик милдетти аткарган, эми президенттикке үчүнчү жолу бараткан Путин доорунда Орусияда коррупция болуп көрбөгөндөй өөрчүп кеткенин, антипутиндик маанай эл ичинде улам өсүп баратканын, деле саясий реформалар бул өлкөдө эбак бышып жетилип калган маселе экендигин Батыштын дээрлик бардык аттуу-баштуу басмалары бир ооздон жазып чыкты.

The Financial Times гезити болсо шайлоодо добуш уурдоо маселеси Орусияда мурункудай эле курч экенин, бул айрыкча борбордон алыс райондордо өтө күчтүү болооруна көңүл бурду.

The Economist журналы болсо Путиндин бул жеңиши анын чыныгы жеңилишинин эң башы деп ачык эле жазды. Ал эми The Оbserver газети болсо көптөн бери козголуп келаткан бир теманы, башкача айтканда Путиндин зайыбы - Людмила Путинанын далайдан бери таптакыр эл көзүнө көрүнбөй кеткенин, ал гана эмес монастырга кетип калыптыр деген имиштер да эл арасында айтылып жүргөнүн эскере кетти. Дегинкиси, шайлоо да өтөөрүн, анын эртеси да болоорун, деле Путиндин жаңы доору көп кыйынчылыктар, кырчылдашкан карама-каршылыктар менен коштолоорун огеле көп гезит-журналдар белгилөөдө.

Иран маселеси, Сириядагы кандуу кагылышуулар улам ырбап бараткан эл аралык маселеге айланууда. Ушуга байланыштуу The Washington Post гезити жума күнкү номурунда Барак Обама менен Израиль премьер-министри Нетаньяхунун ортосундагы сүйлөшүүлөргө токтолду. Макалада Америка президенти Ирандын атомдук куралга умтулуусу эч качан жол берүүгө болбой турган маселе экенин баса белгилегенин, ошону менен бирге Израиль Ирандын ядролук объекттерин азыртан бомбалап таштоого камынып жатканын терең ойлонуп туруп, анан чече турган маселе деп эскертти, дейт газета. Ал эми The Economist журналы болсо ирандыктар эң маанилүү деген комбинаттарды тоонун ичине, жер астына, өтө тереңде курганын, аны бомба менен талкалап таштоо айтканга оңой, бирок иш жүзүндө бир топ оор маселе экендигин жазды. Албетте Ирандагы парламенттик шайлоо, анда консерваторлор баардык жагынан басымдуулук кылганын, ал эми оппозициялык партиялар бойкот жарыялап, айрым Мусави сыяктуу белгилүү лидерлер үй камагында жатканы да унутта калган жок.

Орус басма сөзүнө көз кырын сала турган болсок, көңүлдү өзгөчө бурган “КоммерсантЪ” гезити болду окшойт. Бул оппозициялык маанайдагы орус гезити Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмаз Атамбаев менен болгон маекти жарыялады. Маектин өтө курч мүнөзүн, айрыкча орус журналистинин жеткен маданиятсыздыгын, кыргыз президентине тим эле кыргыйдай тийип, суроо эмес эле сурак кылгандай маек курганын бардык окурмандар байкады болуш керек.

А. Атамбаев да ага татый турган жооп берип, ал гана эмес “Канттагы авиабазанын деги силерге кереги барбы же бул жөн гана орус генералдары мактаныш үчүн жасалды беле” деген сыяктуу курч жооптору орус окурмандарына көп суроолорду пайда кылаары шексиз. Ошон үчүн журналист Аркадий Дубнов кыргыз президентинин жооптору байкоочулардын арасында бир топ дүрбөлөңдү жаратты дегени бекеринен айтылбаса керек.

Эми демейде маданият менен илимдин жаңылыктарына, шоу-бизнестин маанилүү окуяларына көп көңүл бурчу Time жана Newsweek журналдарына кеп кезегин берели. Time журналы мындан эки жыл башта астрономдор жылдыздар арасынан кокусунан таап, бирок табышмагын жандыра албай жүргөн бир планетанын сырлары тууралуу кызыктуу макала жарыялады. Жер шарынан эки эседен ашуун чоң, Нептун планетасына чукул жерде жайгашкан бул сырдуу жылдызда аябагандай көп суу запастары бар деген илимий болжол айтылууда. Эгер ал планетада чын эле суу бар экени болсо, анда жашоо, тиричиликтин да кандайдыр бир формалары болушу толук мүмкүн, дейт Time журналы.

Ошону менен бирге ден соолук, медицина илиминин эң соңку жаңылыктары да басма беттеринен кенен орун алууда. Маселен, ошол эле Time журналы мындан эки жыл башта бүткүл дүйнөгө дүрбөлөң салып, нечен каражаттар сарпталган куш тумоосу боюнча жаңы изилдөөнү ортого салды. Көрсө, куш тумоосу ошол убакта кабарлангандай өтө деле катуу, коркунучтуу ылаң эмес экен. Вашингтондогу Микробиологиялык Коомдун (American Society for Microbiology (ASM),Washington, D.C.) билдирүүсүнө караганда куш тумоосу жуккан кишинин баарына эле ажал алып келбейт, көп адамдар, айрыкча ден соолугу жайында кишилер ал тумоодон эч бир кыйынчылыксыз эле сакайып кетет, деп билдиришти окумуштуулар. Муну бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келаткан илимий эксперименттер далилдеди, дейт микробиолог Рон Феучер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG