Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

"Мартабалуу" университеттердин эшиги кимге ачылат?


Орусиянын Бажы академиясы жана Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында дагы кыргызстандык улан-кыздар билим алышат.

Алар окууга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан ылгап жөнөтүлөт.

Улуттук коопсуздук кызматы жабык мекеме. Ошон үчүн өлкө коопсуздугун камсыздоочу болочоктогу “чекисттер” кандай тандалары, алардын жогорку окуу жайына кантип өтөрү көпчүлүк үчүн беймаалым.

Ачык мекеме болгон Бажы кызматы аркылуу Москвадагы Бажы академиясына кандай балдар жиберилери, алар кандай тандалары да кеңири коомчулук үчүн белгисиз.

Айтылган жана башка чет өлкөлүк айрым мартабалуу жогорку окуу жайларга студенттерди кабыл алуу жана жогорку кесиптеги адистерди тыш мамлекеттерде окутууну пландоо маселесине арналган талкууга Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева, Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Сонун Аманова, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Адамкул Жунусов катышты.

 "Мартабалуу" университеттердин эшиги кимге ачык?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:10 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG