Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

А. Асанбаев: Орусиядагы кыргыз жарандары өз коопсуздугун сакташ керек


Москвадагы Манеж аянтын полиция курчоого алды, 13-декабрь, 2010.
Москвадагы Манеж аянтын полиция курчоого алды, 13-декабрь, 2010.

Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Москвада кыргыз жараны киши колдуу болушуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Жекшемби күнү бычак жеп өлгөн жигитибиз тууралуу сиздерде кандай маалымат бар?

- Алишер Шамшиев, 1973-жылы туулган жигит экен. Москвадагы Судостроительная деген көчөдө 15 чакты адам курчап алып сабап, анан бирөө бычак уруп кетиптир. Бул маселени Москванын милиция жетекчиси В.Колокольцев өзү көзөмөлгө алып карап атат. Кол салган кишилерди тапканга аракеттер көрүлүп жатат.

- Кол салуунун себеби эмнеде экени билиндиби?

- Анын себеби азырынча тактала элек. Кишилер кармалбайын так айтылбайт. Ошондой болсо да болжолдоп айтышка жарайт. Жакында Москвада 5 миңдей киши чогулуп Кызыл аянттын жанында Манеж аянт деген бар, Кремлдин капталында. Ошол жерде “Спартак” топ тебүүчүлөр күйөрмандары чогулуп, “Москвада москвалыктар гана жашашы керек, башка улуттар кетсин” деген улутчул ураан чакырышкан митинг өткөрүшкөн. Түн ичинде метрого түшүп алар өңү славяндарга окшобогон адамдарды станция ичинен кармап алып сабаган учурлар болду. Ошонун негизиндеби, ошонун уландысыбы, ушундай кайгылуу окуялар болуп атат.

- Ушундай учур болуп аткан кезде бул жакта жүргөн кыргыз жарандарына кандай кеп-кеңеш берер элеңиз?


- Кеңешти берип эле атабыз. Караңыда көчөдө жүрбөш керек. Арак ичкенди коюш керек. Эшикке чыксаң башка улуттан киши жок – жалаң биздин балдар арак ичип, пиво ичип олтурушат. Эмнеге тышта жүрүшөт? Ишин иштедиби үйүнө барыш керек. Эс алып алып жумушка барыш керек. Бул жакка эмне арак ичкени келиштиби? Мас болуп, шымына жаба сийип көчөдө жаткандар ошолор. Бизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп атат – эң негизгиси жалгыз жүрбөш керек. Өзүнүн коопсуздугун сакташ керек.

- Бул маанай Москвада элеби же башка шаарларда да болуп атабы?

- Азырынча Москвада эле болуп атат. Демейде мындай жагдай эми Москвадан башка шаарларга да жайылат. Орол тоодон ары жактагы шаарларда улутчулдук деген жок. Татарлар, хакастар жашайт. Ал жерлерде улутчул адамдар жокко эсе. Ал эми Орусиянын батыш тарбында эң негизгиси Москва менен Питерде ушундай көрүнүштөр бар.

- Кайтыш болгон жигиттин сөөгүн жеткирүү, ага-туугандарын табуу боюнча элчиликте чара көрүлөр?

- Азыр иликтөө иши жүрүп жатат. Туугандары табылды. Өкүмөттүн токтому бар, мындай жорук болгондо, сөөктү мамлекет эсебинен жеткирүү болот. Жол киресин өкмөт төлөп берет.

- Мындай маанайдын жаралышы ордо калаага башчы болуп С.Собянин келишинен улам болуп аткан жокпу?

- Жок, Собяниндин ишке келишинин бул жерде эч кандай тийешеси жок. Бизге маалым болгондой, муну атайылап жасаткандар бар. Кишилерге атайын акча төлөнө тургандыгы жарыкка чыгып атат. Такыр баштарга атайын акча төлөп жасатып аткандык тууралуу да маалыматтар бар. Алар кишиге кол салганда аны видеокамерага тартып алып, анан аны кимдир бирөөгө көрсөтүп, ал үчүн бир топ акча алышып турат. Бул жөнүндө маалымат бар.

“Азаттык”: Бул маекке чекит коёрден мурда «Сова» иликтөө борборунун маалыматтарынан айта кетели. 2010-жылдын бир эле айы, ноябрь ичинде ашынган улутчул жана өңү башка кишилерди жек көрүүчүлүк тараптан кол салуудан Орусияда 5 киши мерт болуп, 8 киши жарадар болушту.

Ал эми жыл башынан бери алганда алардын кол салуусунан өңү славяндарга окшобогондор арасынан 35 киши ажал таап, 297 киши жарадар болду.

Кол салуулар орусиялык 44 аймакта болгон жана жабыр тарткандар дээрлик ортоазиялыктар.

77 кылмыш иши козголуп баардыгы 264 киши үстүнөн сот өкүмү чыккан, бирок алардын 93ү сот үстүндө бошотулуп, же шарттуу түрдө гана айыпка жыгылышкан.

XS
SM
MD
LG