Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Кыргызстан быйыл Шанхай Кызматташтык уюмуна төрагалык кылат. Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Оболу ШКУнун азыркы абалы тууралуу айтып бересизби? Уюм жаңы түзүлгөндө жандуу, активдүү эле, азыр андай болбой калды деген пикирлер айтылып жүрөт.

Асанбек Осмоналиев: Азыркы абалы негизинен иши алдыга жылып атат. Былтыр өзүңөр билесиңер, Астанада 10 жылдык саммит болгондо бир топ жакшы иштер бүткөн болчу. Быйылкы жылы саммиттин алдында кеңейүү маселеси чечилип жатат. Мисалы, Ооганстан маселеси, Түркиянын кайрылуусу боюнча, соода-экономикалык мамилелер боюнча жылыштар болуп жатат. Кытайлар кеңейгенде шарттар жакшырак болсун деп уюмдун катчылыгына жаңы имарат бөлүп берип жатат. Иш кадимкидей эле жүрүп жатат.

“Азаттык”: ШКУ мурункудай активдүү болбой калды деген сөздөр эмне себептен чыгып жатат деп ойлойсуз?

Асанбек Осмоналиев: Уюмга берген кайрылууларды эмнеге узак карап жатышат, уюм өзүнчө стагнация болуп жатат деген ойлор айтылып жаткан болчу. Мунун баары негизи өзүнүн жолу менен жасалыш керек. Мисалы, уюмга ала турган мамлекеттер ШКУнун принциптерине, документтерине кошулуп, аларга макул болушу керек.

Уюмга кирем деген Индия, Пакистан, Иран деген мамлекеттер бар. Биз аларга "кире турган болсоңор өзүңөрдүн проблемаңарды биздин алкагыбызга тууралашыңар керек, биз менен кызматташа тургандай кылып алып келгиле, биздин кызматташтыкты толуктай тургандай ой менен келгиле, өзүңөрдүн проблемаңарды алып келип анан биз ортого түшкөндөй болбойлу" деп айтып жатабыз.

“Азаттык”: Уюмдагы Кыргызстандын ролу туууралуу айтып бересизби? Кыргызстан ШКУдан эмне алды, эмне берди?

Асанбек Осмоналиев: Катчылык ШКУнун туруктуу түзүмдөрүнүн бири. Ошондо биздин өкүлүбүз Муратбек Иманалиев баш катчы болуп иштеп жатат. Биз ал жакка абдан жакшы даярдалган балдарды жибергенбиз, алар иштеп, Кыргызстандын кадыр-баркын, намысын коргоп иштеп жатышат.

Уюмдан эмне келди дегенде былтыр, аркы жылдары болгон окуяларда биринчилерден болуп жардам берген уюмга мүчө мамлекеттер болгон. Кытайдан материалдык-техникалык, гуманитардык жардам келип жатат. Башка ички маселелерди чечкенге жардам берип жатышат.
Ооганстандан келчү экстремисттер, терроризм маселеси боюнча бири-бирибиз менен маалымат алмашууну күчөтүп жатабыз.

ШКУ Борбор Азиядагы эле проблемаларды эмес, уюмдун алкагында маселелерди карайт. Кыргызстан анда чоң мамлекеттер теңме-тең чыгып алып сүйлөшүп жатат. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жооп берет.

“Азаттык”: Кыргызстан уюмга төрагалык кылганы жатат. Мында өлкө үчүн кандай мүмкүнчүлүк ачылат? Өзүнүн максаттарын, кызыкчылыктарын жылдыра алабы?

Асанбек Осмоналиев: Жылдыра алат. Себеби өкүлчүлүк бизге бир жылга берилет. Биринчи кезекте Кыргызстандын кадыр-баркын дүйнөлүк аренада жогору көтөрүү маселеси турат. Андан кийин соода-экономикалык башка долбоорлор бар. Биздин кызыкчылыктарга төп келген долбоорлорду өткөрүү боюнча аракет жасалат. Андан сырткары ички консалидация маселелери бар. ШКУдагы мамлекеттердин өздөрүнүн ички маселелери бар. Ошол маселелерди чогуу, бирге отуруп алып кеңешип чечкенге ШКУнун алкагы бизге абдан ылайык.

“Азаттык”: Региондогу коопсуздукту камсыздоодо ШКУ Жамааттык Коопсуздук Келишим уюм менен өз ара алака-катышы кандай?

Асанбек Осмоналиев: ЖККУ мурдагы Советтер союзундагы мамлекеттердин аскерий-техникалык жактан кызматташкан уюм. Бул эки уюмдун ортосунда мамиле түзүү боюнча меморандум бар. Булар дүйнөдөгү коопсуздукка шек келтирген ар кандай коркунучтар, өбөлгөлөр көбөйүп жатпайбы. Мисалы, маңзат маселеси, Ооганстандан келчү экстремисттер, терроризм маселеси боюнча бири-бирибиз менен маалымат алмашууну күчөтүп жатабыз.

Бизге окшогон кичинекей мамлекетке чоңураак өлкөлөр материалдык-техникалык жардам берип атат. Бүгүнкү күндө ШКУнун негизги приоритеттери жакшы алдыга жылып атат. Экинчи соода-экономикалык, үчүнчү гуманитардык маселе турат.

“Азаттык”: ШКУда Орусия менен Кытайдын ортосунда лидерликти тымызын талашуу бар деп айтышат. Бул канчалык жүйөлүү?

Асанбек Осмоналиев: Мен мындай ойлорго кошула албайм. Бул мамлекеттер ШКУну уюштуруу боюнча акыл кошуп, сөз баштаган мамлекеттерден. Бүгүнкү заманда кичинекей болобу, чоң мамлекет болобу бири-бири менен катышып иш кылбаса болбой турганын түшүнүштү. Илгерки эки-үч чоң мамлекет эле сүйлөп, калгандары ошолордун алкагында иш кылышчу. Глобализация убагында ар бир мамлекет кичине болобу, чоң болобу бири-бирине байланышып, бири-бирине көз каранды.

“Азаттык”: Уюмдун эң башкы жетишкендиги эмне болду деп ойлойсуз?

Асанбек Осмоналиев: Бүгүнкү күндө уюм болгон механизмдердин баарын таап иштетип жатат. Чоң болобу, кичинекей мамлекет болобу консенсус принцибинин негизинде бири-бирине кызыктуу болгон маселелерди чечип жатышат. Мунун баарын ШКУдагы ийгиликтер.
XS
SM
MD
LG