Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Дүйнөлүк банктын кеңеши Жим Кимди банктын президенти кызматына экинчи мөөнөткө калтырды


Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ким.
Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ким.

27-сентябрдагы жыйында Дүйнөлүк банктын кеңеши бир добуштан Жим Кимди Дүйнөлүк банктын президенттигине бир добуштан бекитти. Башка атаандаш чыкпагандыктан 56 жаштагы Ким жалгыз талапкер болду. Теги Түштүк Кореялык болгон Ким кесиби боюнча дарыгер жана Америка жараны. Жим Ким алдыда турган максаттарга токтолуп, 2030-жылга өтө жакырчылыкты жоюуну, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жумушчулардын кирешесин 40% көтөрүүнү атады. Банктын башкрамалыгы жакрчылыкты кыскартуу жана банктын ишин координациялоону жакшыртуу багытындагы Кимдин аракетин колдоого алды. Анын натыйжасында административдик чыгашалар 400 млн. долларга кыскарып, ал банктын башка максаттарына жумшалмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG