Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Мекен көздөн учуп кайткандар


Кыргызстандан кеткендер жаратылышты, абасын сагынганын айтышат

Кыргызстандан кеткендер жаратылышты, абасын сагынганын айтышат

Кыргызстандан көчүп кеткен славян улутундагылардын кайрадан мекенине кайтып жатканы айтылууда. Жыл сайын жок дегенде жайкы эс алууга бир келип кеткени кадыресе көрүнүш.

"Милый край как по тебе я скучаю,
В далеких краях с любовью вспоминаю.
Помню как ласкал мои волосы ветер,
На берегу самого прекрасного озера на свет
е".

Кусалыктан жаралган бул ырды Наташа Солдатова Орусиянын Калининград шаарында жашап жүргөндө жазган. "Айрыкча балалыгым өткөн Кант шаарын эстегенде кадимкидей ыйлап да алчумун", - дейт.

Мындан беш жыл мурдагы ыңкылаптан соң биротоло көчүп кеткен үй-бүлөсү алыста жүрүп Кыргызстандын кадырын сезгенин айтат. Наташа бөтөн жерде жашап жүрүп кыйналган соң, акыры жолдошун көндүрүп отуруп жарым жыл мурун Бишкекке көчүп келишкен.

- Ушул кезге чейин ыр жазып көргөн эмесмин. Кыргызстанды сагынганда кандайча ыр жаралып кеткенин да билбейм. Башында көнүп кетээрбиз деп жашап жүрдүк, бирок абасынан баштап адамдарына чейин такыр чоочун болуп жүдөп кеттик. Ишибиз да жакшы жүрбөй, көчүп кетүүнү туура көрдүк. Анын үстүнө ар бир жердин, улуттун өзгөчөлүгү болот эмеспи, балким биз күткөндөй ал жер кабыл албады го. Эмнегедир бизге орой мамиле жасагандай сезиле берет.

Ысык-Көл

Ысык-Көл

Кичи мекенине 25 жылдан кийин кайтып келгендердин катарында Виталий Артеминка аттуу кыргызстандык да бар. Кезинде Союз тарап, Орусияга кеткендердин агымы менен кошо ал да жөнөп кеткен экен. Эми элүүдөн ортолоп калганда ата-бабалары байырлаган Ысык-Көлгө кайтып келген.

Адегенде эс алууга эле келип, кийин үй-бүлөсү менен кеңешип, биротоло калууну туура көрүшкөн. Ал эмес, бармактайынан бери чогуу өскөн бир канча дос-тааныштары Ысык-Көлгө келип жашап жатканын да кошумчалады. Виталийдин айтымында, бир четинен Орусиядагы турмуш-шарттын барган сайын оорлошуп баратканынан бул жерде эле калып калууну туура көрүшкөн.​

- Мисалы, Кыргызстанды мекендеп калган досум Германиядан көчүп келди. Мен болсо чоң атам жашаган Кажы-Сайдамын. Бул жерде бардыгы ойдогудай, жер тамда жашагандыктан чакан чарбабыз да бар. Үй-бүлөм чоң болсо деле ошол нерсенин баары бизге жетет. Абасы таза, көл жаныбызда. Ушундай кооз жерде күн өткөрүп жатканыбызга бир жылдай болуп калды. Кээде жубайым экөөбүз мындай бейиштей болгон жерге мурда эле көчүп келбегенибизге өкүнүп калабыз.

Кара-Көл

Кара-Көл

Наташа менен Артем сыяктуу эле бир канча жылдан кийин мекенине кайтып келе баштаган тенденция чынында эле бар экенин миграция жаатындагы адистер да белгилешүүдө.

“Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Рахманов массалык түрдө көчүп келишпесе да, 5 жыл мурдагыга салыштырмалуу айырмачылыктар жок эмес дейт.

- Көбүнчө көчүп келгендер борбордун өзүнө эмес, айылдарга барып тынч жашагысы келгендер. Же болбосо ата-энесинен калган үлүш жерлерди кайра иштетебиз дегендер да болушу мүмкүн. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдиктен соң айыл чарба, дыйканчылык менен каражат топтойм дегендер келип жатышат. Бирок жапырт көчүп келишүүдө деп айткан туура эмес болуп алат го. Ошентсе да кайтып келгендер мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк.

Каркыра

Каркыра

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандан көчүп кеткен кеткендердин биринчи агымы 1992-жылы, андан кийинки агымы 2005-2010-жылкы ыңкылыптан кийин күч алган. Статистикалык комитеттин өкүлү Жанара Мааткулова учурда абал туруктуу экенин айтат.​

- Айрыкча, 2007-2010-жылдары аябай көп кетишкен. Бул жактын жарандыгынан баш тартып, көбү Орусияга кетишкен. Учурда Кыргызстан элинин 6 пайызын славян улутундагылар түзөт. Бирок Советтер Союзу тараганга чейин мындан да көп болгонун билебиз да. ​

Миграция жаатындагы адистердин айтымында, орус улутундагылардын кайрадан Кыргызстандын аймагына кайтып келе баштаган тенденциясы жаңыдан Евразиялык экономикалык биримдиктин босогосун аттаган Кыргызстандагы жагдайдан көз каранды. Эмгек, миграция жана жаштар министри Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткандар кайрадан документтерди алмаштыруунун жол-жобосун сураштырып жатканын белгилейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG