Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:06

Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Саммит жүрүшүндө Пакистан менен Индияны мүчөлүккө кабыл алуу меморандумуна кол коюлуп, уюмдун 2025-жылга чейинки планын камтыган Ташкент декларациясы бекитилди.

Жыйын учурунда ортолук мамилеси кыйла сууп кеткен Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугуп, саясий диалогду жандантуу жаатында сүйлөштү. Эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинен улам ортолук мамиле-катнаш начарлап кеткен эле.

Ташкентте шаршембиде ачылган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө өзбек бийликтери тыкыр даярданганы сезилип турду. Баш калаа Ташкенттин борбордук көчөлөрү ээн калып, шаардыктарга сыртка чыкпоого катуу буйрук берилгендей таасир калтырды. Саммитти утурлай өлкөдө алгачкы беш жылдыздуу мейманкана ишке берилип, борбордук көчөлөргө жаңыдан асфальт төшөлгөнү да көрүнүп турду.

Уюм түзүлгөндөн бери 15-ирет өтүп жаткан мааракелик саммитте уюмдун 2025-жылга чейинки пландарын камтыган Ташкент декларациясы бекитилип, Индия менен Пакистанды уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө алуу боюнча милдеттенмелер меморандумуна кол коюлду.

Ташкент, 23-июнь

Ташкент, 23-июнь

Саммитке төрагалык кылган өзбек президенти Ислам Каримов бул маселе боюнча пикир келишпестиктер көп болсо да, уюм мүчөлөрү бир пикирге келишкенин айтып чыкты:

- ШКУнун өнүгүү жолундагы жаңы багыт болуп бүгүн Ташкентте кол коюлган Индия жана Пакистанга ШКУга толук кандуу мүчө болуу боюнча милдеттенмелер меморандуму саналат. Бул маселе боюнча сүйлөшүү жараяны татаал, оор мүнөздө болгонун жашыра албайм. Бирок жыйынтыгында бул кыйынчылыктарды жеңип, ШКУнун стратегиялык максаттарын жана милдеттерине каршы келбеген орток пикирди таптык.

Ошентип, аймактык атаандаштар катары саналган Индия менен Пакистан ШКУга мүчө болуу, бир уюм алдында баш кошуунун акыркы тепкичине келип жетти.

ШКУ саммити, Ташкент. 24-июнь

ШКУ саммити, Ташкент. 24-июнь

Бул окуяны өзбек президенти Ислам Каримов тарыхый деп атап, араздашкан эки өлкөнүн мамилеси ШКУ алкагында жөнгө салынат деген үмүтүн билдирди.

Ал эми дагы бир талапкер өлкө Иран боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин расмий Тегеранга карата эл аралык санкциялардын алынганын эске салып, бул өлкөнү уюмга кошууга эч кандай тоскоолдук калбаганын белгиледи:

- Иран 2005-жылдан бери Шанхай кызматташтык уюмуна байкоочу иретинде активдүү кызматташып келген өлкө болуп саналат. Иран өзөктүк маселеси жөнгө салынган соң, БУУнун санкциялары алынгандан кийин бул өлкө боюнча оң жыйынтыкка жетишүүгө эч кандай тоскоолдук калган жок деп ойлойм.

Жыйында эң көп сөз болгон маселе дүйнөдөгү коопсуздук көйгөйлөрүнө биргелешип каршы туруу болду. Саммитте сөз алган дээрлик бардык президенттер бул маселеге көңүл буруп, аны бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

Коңшулар менен чек ара чатактары орун алып келген Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев чек ара коопсуздугун чыңдоо жана бул жааттагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө токтолду:

ШКУ саммити, 24-июнь

ШКУ саммити, 24-июнь

- Кыргыз тарап аймакта террордук жана экстремисттик топтордун аракети күчөп, туруктуулукка шек туулуп жаткан чакта чек араларды бекемдөө боюнча кызматташтыкты тереңдетүү, жалпы чек араларды тынчтыктын жана биримдиктин чегине айландырышыбыз керек. Былтыр Уфадагы саммитте кол коюлган чек ара маселелери боюнча макулдашууда ШКУнун чек араны кайтаруу жана коопсуздукту сактоодо кызматташтыгы каралган. Буга байланыштуу өнөктөш өлкөлөр бул макулдашууну аткарып, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө бардык аракетин көрүшү керек.

Талдоочулардын баамында, президент Атамбаевдин бул чакырыгы эң ириде буга чейин чек ара чатактары орун алып келген Өзбекстан менен Тажикстанга багытталышы мүмкүн.

Кыргыз президентинин ШКУ саммитине катышуу үчүн Ташкентке барган иш сапары кыргыз-өзбек мамилеси үчүн да маанилүү болду.

Себеби сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси солгундаган учурга туш келди. Быйыл март айында кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу аймакка өзбек аскерлери киргизилгенде, президент Атамбаев Ташкент төрагалык кылган ШКУ саммитине барбай турганын эскерткен.

Кыргыз президентинин саммитке барбай коёрун билдирген эскертүүсүнөн соң гана он күнгө жакын аскерий техникасы менен аскерлерин кармап турган өзбек тарап аны чыгарып кеткен эле. Ал учурда эксперттер Ташкенттин бул кадамын саясий мааниси чоң ШКУнун саммитин үзгүлтүккө учуратпоо аракети менен түшүндүрүшкөн.

Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов

Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов

Буга кошумча кыргыз өкмөтү Өзбекстан пайдаланып келген объекттерди өзүнө кайтаруу иштерин баштаган эле. Ага ылайык чек арага жакын жердеги Орто-Токой суу сактагычы жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты өткөрүп алуу чечими кабыл алынган. Кыргыз бийлигинин мындай кадамына Ташкент нааразылык билдирип келет.

Саммит учурунда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу журналисттердин катышуусуз жабык эшик артында өттү.

Өлкө башчынын маалымат кызматы жолугушууда кыргыз тарап саясий диалогду жандантуу жана экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча сүйлөшкөнүн айтуу менен чектелди.

Ошондуктан, эки өлкө ортосундагы курч турган чек араларды тактоо, талаштуу объекттер, гидроэнергетикалык долбоор боюнча кыргыз-өзбек президенттери пикир алмаштыбы же жокпу - бул суроолор жоопсуз калды.

Ошондой эле Ташкентке сапары учурунда Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана ооган лидери Ашраф Гани менен жолукту. Кытай лидери менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланып, коопсуздук жаатта алакаларды күчөтүү сүйлөшүлдү.

Шанхай кызматташык уюму 2001-жылы чек аралардагы коопсуздукту, өз ара ишенимди камсыздоо максатында түзүлгөн. Учурда ага мүчө мамлекеттердеги соода жана маданий алакаларга да таасирин тийгизүүдө. ШКУга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Уюмга төрагалык кылуу Казакстанга өткөрүлдү. Кийинки жыйын Астанада 2017-жылдын июнь айында өтмөкчү.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG